(Кыргыз) “Согуш батюшкалары”: Орусияда аскердик диний кызматкерлерди даярдай баштайбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда массалык түрдө Орусияда Украинадагы аскердик керектөөлөр үчүн атайын дин кызматкерлерин даярдап баштагандыгы тууралуу маалымат тарап жатат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:

Чындап эле Ростов облусунда “аскер батюшкаларын” даярдоо үчүн окуу борборлорун ачуу тууралуу маалымат Дон диний семинарийинин сайтында жарыяланган пресс-релизде  жазылып турат.

Билдирүүгө ылайык, окуу программасында төмөнкүдөй кошумча сабактар бар:   жалпы аскердик даярдык, геосаясат негиздери, аскер медицина жана психологиясы, эл аралык гуманитардык жана аскердик укук ж.б.. Атайын түзүлгөн билим берүү маалымат чөйрөсү аскердик-пастордук даярдыкты аралыктан окутуу форматындагы мүмкүнчүлүктөрдү да камсыз кылат.

Бирок бир катар орус басылмалары мындай чечим Украинадагы согушка байланышы жок деп ишендирүүдө. Биз орус православдык чиркөөсүнүн сайты аркылуу кайрылып Ыйык Синод 2022-жылдын 7-июнунда 1918-жылга чейинки аскердик жана деңиз дин кызматкерлеринин протопресвитер кызматын жандандыруу боюнча токтом чыгарганын билдик.

” АИФ-Ростов ” басылмасы  Дон руханий семинарийинин басма-сөз катчысы Игорь Петровскийдин комментарийине таянуу менен бул демилге көп жылдардан бери ишке ашып келе жатканын  маалымдады:

“Бул демилге көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Канча убакыттан бери макулдашуу, ага ылайык программалар жана жол карталары иштелип чыгууда. Кезектеги жол картасы боюнча жыйын ЖМКлардын көңүл чордонуна айланган. Өздүк курам менен иштөөчү аскер капелландарын жана офицердик курамдын адистерин даярдоо – бул мүнөттүк демилге эмес эле узак процесс. Дондо бул маселени чечүүнүн үстүнөн үч жылдан бери иштеп келе жатабыз”.

Мындан тышкары Петровский мындай борборлор, багыттар жана кафедралар бүткүл өлкө боюнча мурдатан эле түзүлүп баштаганын билдирди. Бул маселе бир жерде чечилип калса, экинчи жерде макулдашуу процесси жүрүп жатканын кошумчалады.

Биз Петровскийдин сөздөрүнө далилдерди таба алдык. 2018-жылдын ноябрь айында РИА-Новости маалымдагандай, аскердик диний кызматкерлерди даярдоо мектеби жана жароокер эже-сиңди институту Москва шаарынын жанындагы Кубинкада курулуп жаткан Орусиянын аскер күчтөрүнүн Башкы ибадатканасынын астында иштейт.

Ошондой эле, бул жараяндардын келип чыгышынын Орусиянын дин аралык кеңешинин лидери катары Бүткүл Орусиянын жана Москва Патриархы Кирилл 2009-жылдын июлунда мүчөлөрүнүн атынан РФ Президентине Россия Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик диний институтун кайра түзүү жөнүндө биргелешкен кайрылуусун жазууну демилгеп чыкканына байланышы бар. Дмитрий Медведев Орусиянын президенти болуп турганда ошол эле жылдын июлунда ал документке кол койгон.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн тарыхында расмий түрдө  биринчи аскердик диний кызматкерлер 2013-жылдын апрель айында бүтүрүп чыгышкан.

Бүтүм: чындык. Орусияда чындап эле “аскердик диний кызматкерлерди” окутушат. Бирок бул практика мурдатан эле бар.