(Кыргыз) ChatGPT дүйнө элин кулга айлантууну талкуулап жатабы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Эки башка түзүмдөгү ChatGPT’лер бири бири менен адамзатты кулга айлантууну талкуулап жаткан имиш видео коомдук тармактарда таркатылып жатат. Бул роликте «гендин жардамы менен» «адамзатты кайра программалап чыгуудан» баштап «айткандан чыкпаган кулдардын армиясын түзүүгө» чейин сунуштар айтылат.

Factcheck.kg редакциясы роликтин жөн-жайын текшерип чыкты.

ЖИ деген эмне?

Жасалма интеллект (ЖИ) – бул компьютерлерди адамга окшоп «ойлонгонго» жана «окуганга» жардам берген технология. ЖИнин жардамы менен машинелер көптөгөн иштерди жасай алышат: адам эмне деп сүйлөп жатканын түшүнө алат, сүрөттөрдү талдай алат, чечим чыгара алат, ал эмес окууда жа дарылоодо жардам бере алат.

ЖИнин негизги идеясы – бул көп сандагы маалыматтар менен иштей алуу, алардын ичиндеги маанилүү байланыштарды, мыйзам ченемдүүлүктөрдү таба алуу – бул иш адамга кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Аны үчүн атайын программалар колдонулат. Программачылар машинелерге маалыматтарды кантип талдап, жыйынтык чыгаруу керектиги тууралуу нускамаларды берген алгоритмдерди иштеп чыгышат.

Мисалы, ChatGPT интернетте жайгаштырылган эбегейсиз чоң көлөмдөгү тексттердин (китептер, макалалар, веб-баракчалар ж.б. ачык булактар) негизинде окуп үйрөнөт. Башкача айтканда анын өзүнүн акыл-эси жок. ChatGPT текстти адамга окшоп «кабылдап, түшүнбөйт». Ал текстти ыктымалдыкка таянып, статистикалык жактан талдайт.

ЖИ кантип адамдын кебин түшүнөт жана диалогго катышат?

ЖИ бир нече кадамдын негизинде адамдын кебин түшүнүп, диалогго катышат. Мисалы, адам микрофонго сүйлөгөндө анын сүйлөгөнү үн толкуну катары жазылат. Андан кийин үн текстке айлантылат. Үндү текстеке айлантыш үчүн ЖИ атайын алгоритмдерди колдонот. Андан кийин башка алгоритм эмне айтылганын билиш үчүн текстти талдайт. Ал сөздү «окуп», билимдин чоң сөздүгүн колдонуу менен анын маанисин издейт.

ЖИ кандай жооп туура болорун чечет. Бул баш катырманы чечкенге окшош: түшүнүктүү жана пайдалуу жоопту түзүш үчүн ал өзү билген маалыматты колдонот.

Зарыл болсо, кепти синтездөө технологияны колдонуп жооптун текстин кайра үнгө айлантат, ошондо колдонуучу ЖИнин синтезделген кебин угат. Бул процесстин бардыгы бир нече секунданы гана алат.

Вирустай тараган видеонун эмнеси шек жаратат?

Эгер видеону кунт коюп карасаңыз, ЖИлердин биринин сөзү аяктагандан кийин ар бир жолу видеодө кескин өзгөрүүлөр, чаптоолор байкалат. Мисалы, 0,9 секундада сөз бир түзүмдө аяктайт, андан кийин кескин өтүү байкалат да башка түзүмдөгү ЖИ жооп бере бештайт.

Бул видео монтаждалганын көрсөтөт. Роликти жарыялаган адам алгач ар бир түзүм менен өзүнчө диалогду жазып алган, андан кийин ал тийиштүү фрагменттерди бир роликкке монтаждап чыккан. Монтаждалган роликте ЖИ бири бири менен «сүйлөшкөндөй» сезилет, а бирок чындыгында андай эмес.

Тыянак: калп. Жасалма интеллекттин акыл-эси жок. Ал ага берилген маалыматтардын алкагында жана алгоритмдердин негизинде гана ишейт.

Видеого талдоо көрсөткөндөй, ал монтаждалган. Буга чапталган жерлери – ар бир девайстагы сөздөрдөн кийинки кескин өтүүлөр далил боло алат.