(Кыргыз) Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин инилеринин бизнеси

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Адвокат Жапар кызы Айсулу  Ош шаарында курулуп аткан көп кабаттуу имаратты Курманкул Зулушевдин үй-бүлөсүнө таандык деп, социалдык тармактарда видео кайрылуу жасады. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Курманкул Зулушев 2020-жылкы октябрь окуяларынан соң чоң кызматка келген аткаминерлердин биринчилеринен эле. 21-октябрда ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Зулушевди башкы прокурорлук кызматка талапкер катары бекиткен. Белгилей кетсек, ал ошол кезде жалгыз талапкер болуп, депутаттардын колдоосуна арзыган.

Зулушев “Республика – Ата-Журт” партиясынан VI чакырылыштын депутаты болгон, 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын курамында аттанган. 

Прокуратурадагы эмгек жолун 2000-жылы Нарын облусунун прокурорунун жардамчысы катары баштаган. Жети жылдан соң Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы болуп дайындалган. Ал эми 2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болгон.

Ошол эле жылы Курманкул Зулушев Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди актаган соттук коллегияга мүчө болгон. Андан соң Алмазбек Атамбаев Зулушевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошоткон. 

Тапкан кирешелери

 Зулушев декларациясында 2020-жылы 750 миң сом (айына 62 миң сом) тапканын көрсөткөн. Мындан тышкары, 250 миң сомдук бодо малы, 2.3 млн сомдук жылкылары бар экенин маалымдаган. Анын жакын тууганына 119 жана 213 чарчы метрлик эки үй катталганын жана 81 айыл чарба жери бар экенин билдирген. 

Инилеринин бизнеси 

Зулушевдин Рыскул жана Дарманкул аттуу инилери бар, алардын фамилиясы бир тамгага айырмаланып, Зулушов аталат. Экөө тең бүгүнкү күндө ишкерлик менен алектенет. 

1972-жылы туулган Дарманкул Зулушов 2016-жылы негизделген ЖазыГидро” энергокомпаниясынын директору кызматын аркалайт.

2021-жылы аталган компания 5290 сом салык төлөгөн. Мындан тышкары, ал “Ырыс Ордо” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Тең негиздөөчүлөрдүн арасында “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанган Абиев Нурланбек Маматисаевич жана бизнесмен Майрамбек Нурбаевич Рысбеков дагы бар. 

Ырыс Ордо” компаниясы 2019-жылы каттоодон өткөн. Ал Ош шаарында имараттарды куруу менен алектенет. Социалдык тармакта тараган 13 кабаттуу имараттын чарчы метри 650 долларды түзөт. Компаниянын сатуу бөлүмү учурда 11,12 жана 13 кабаттан тышкары батирлердин баары сатылып кеткенин кабарлады.  

Башкы прокурордун дагы бир иниси, 45 жаштагы Рыскул Зулушов Ош облусунун сот департаментинин жетекчиси кызматын аркалап келген. Учурда ишкерлик менен алектенип, 2021-жылы негизделген “Рыс гидро” жана “Кайнама ГЭС” энергокомпанияларына ээлик кылат. Учурда Рыскул Зулушевдин ысымы “Ырыс Ордо” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында жок болгону менен, 2021-жылдын жаз айларында ал аталган фирмага ээлик кыларын билдирген. 

Адвокат видеокайрылуусунда УКМКнын төрагасы Камычыбек Ташиевден Зулушевди курулуп аткан имаратты текшерүүнү өтүнөт. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрелине чейин osoo.kg сайтынын маалыматы боюнча, Ташиевдин уулу Тимурлан компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында болгон.

Жыйынтык: чындык. Курманкул Зулушевдин инилеринин бири Оштогу курулуп аткан объектиге тиешелүү компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарын толуктайт.