(Кыргыз) Кофе ден-соолукту бекемдейби же рак илдетин козгойбу? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кофенин ден-соолукка тийгизген “пайдасы” тууралуу интернет айдыңында күн алыс айтылып келет. Маселен, food.news сайты кофени күн сайын ичүү мээнин картайышын алдын алары жана боорду церроздон сактары тууралуу белгилеген. Кофе бир гана баш мээге оң таасирин тийгизбестен, рак илдетин да алдын алат деп жазылган. 

Буга далил катары макаланын автору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдында иш алып барган рак илдетин изилдөөчү эл аралык агенттигинин сайтындагы маалыматты келтирген.  

Кофенин ден-соолукка тийгизген пайдасы чындыкка дал келеби же макала кофени мындан да көп сатуу  максатында жарыяланганбы, Factcheck.kg териштирип көрдү. 

Алгач автор таянган булакты текшеребиз. Ал кофенин ден-соолукка тийгизген пайдасынын далили катары рак илдетин изилдөөчү эл аралык агенттиктин сайтында жарыяланган изилдөөгө шилтеме берет. Бирок, ал шилтеме аркылуу аталган сайтка кирсек, кайсы бир конкреттүү изилдөө көрсөтүлбөгөнүн байкайбыз. Сайтты кылдат текшерип, кофе тууралуу изилдөө болгонун тастыктаган маалыматка туш болобуз. Анда кофе жана башка ысык суусундуктарынын  рак илдетинин козголушуна себепкер болгон жагдайлар аныкталган.  Изилдөөнүн жыйынтыктары 2018-жылдын 13-июнунда аталган сайтка жарыяланган. Бирок, окумуштуулардын айтымында кофе, мате жана башка ысык суусундуктар адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизип, рак илдетин козгошу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. 

Изилдөөлөр жаныбарларга карата өктөрүлүп, эпидемиологиялык маалымат, биологиялык анализ сыяктуу ыкмалар, мындан тышкары механикалык жана башка ыкмалар колдонулган. 

Жыйынтыгында окумуштуулар кофе, мате жана башка ысык суусундуктар ден-соолукка канцерогендик коркунуч жаратарын белгилеген.  

Изилдөөчүлөр 1000 ден ашуун көзөмөлдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүп, кофе менен рак илдетинин байланышы бар экендигин аныктаган. 

Жыйынтык:

Кофенин ден-соолукка пайда экенин дадилдеген изилдөөнүн жыйынтыгы—фейк.

Чындыгында изилдөөнүн жыйынтыгы, тескеринче ысык суусундуктардын ден-соолукка тийгизген терс таасири тууралуу жазылган.