(Кыргыз) Жаңы мамлекеттик ишканалар жана өкмөттүн долбоорлору – 2-бөлүк

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Мурдагы бөлүктө коомдо кызуу талкууну жараткан Министрлер Кабинетинин долбоорлору тууралуу сөз кылган элек. Бирок алардан сырткары мамлекеттик бюджеттен каржыланган дагы башка, анчалык белгилүү эмес долбоорлор бар. Factcheck.kg сайтынын журналисттери мамлекет түзгөн комитеттер, фонддор жана улуттук компаниялар канчалык деңгээлде натыйжалуу иш алып барып жаткандарын аныктап чыкты.

Антикризистик комитет

Акыркы жылдары COVID-19 пандемиясына жана Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстанда инфляциянын өсүшү байкалууда. Улуттукстаткомдун маалыматы боюнча, инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын январь-апрелинде 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 113.7%ды түзгөн. Калк “баалар өсүп жатат, ал эми айлык көтөрүлбөй эле” деген нааразычылыгын билдирген.

Акылбек Жапаров

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы 2022-жылдын 12-мартында Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү деп билдирген. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү аны жетектеген. Комитеттин курамына министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Улуттук банктын төрагасы жана Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору кирген.

Кийинчирээк белгилүү болгондой, Антикризистик комитеттин жыйынында 2022-жылга Антикризистик чаралардын планы кабыл алынган. Анда Акылбек Жапаров бюджеттик кызматкерлердин пенсияларын, жөлөкпулдарын жана эмгек акысын жогорулатууга 35 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт деп билдирген.

Планга азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар, социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу боюнча ж.б. чаралар киргизилген.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы дагы билдиргендей, бул Планды ишке ашыруу үчүн 126 млрд сом керектелмек.

2023-жылдын январында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Антикризистик чаралардын планы 94%га аткарылганын билдирген. Министрдин айтымында, төмөнкү иштер аткарылган:

  • Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары кеңейтилген;
  • Дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо максатында “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоору ишке ашырылган (долбоорду каржылоого 10 млрд сом пландаштырылган);
  • Майыптыгы бар адамдардын, баатыр энелердин жана улгайган жарандардын социалдык жөлөкпулдары, ошондой эле социалдык тармакта эмгектенгендердин, анын ичинде саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин жана мугалимдердин айлыктары көбөйтүлгөн.

Экономика жана коммерция министринин толук отчету менен бул жерден тааныша аласыздар.

Комитет иш алып барган бир жыл үч ай аралыгында ачык булактарда бир гана расмий отчет бар. Бул документтен башка, иштин жыйынтыктары тууралуу башка деталдуу маалыматтар жок.

Жашыл энергетика фонду

Эмилбек Орозбаев

КРдин Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында 2022-жылдын 16-ноябрында түзүлгөн.

Фонддун директору болуп Эмилбек Орозбаев дайындалган. 2021-жылы Орозбаев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болгон. Бул маалыматты Politmer.kg сайтындагы анын декларациясы тастыктайт.

Быйыл мартта мамлекет фондго мөөнөтсүз колдонууга жерлерди берген, бирок фонддун долбоорлору тууралуу эч бир маалымат жок.

“Кавак” улуттук компаниясы” ААК

2022-жылдын 9-мартында Министрлер Кабинетинин чечими менен Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында “Кавак” улуттук компаниясы” ачык акционердик коому түзүлгөн. Улутук компаниянын уюштуруучусу катары КРдин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд эсептелет, ал эми уставдык капиталы 1 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Тимурбек Чокморов

Улуттук компаниянын директору болуп Тимурбек Чокморов дайындалган. Анын өмүр таржымалына кайрылсак, ал “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору болуп иштеген. Бирок 2021-жылдын ноябрында канааттандырарлык эмес иштегендиги жана милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулган болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2022-жылдын ноябрынын аягында так ушу “Кыргызкөмүр” МИ Миң-Куш кенинде көмүр каза баштаганын билдирген болчу.

Улуттук компаниянын түзүлгөнүнөн бери бир жылдан ашык убакыт өттү, бирок анын ишмердүүлүгү тууралуу бир дагы маалымат жарыяланган эмес.

Билдирме

Кара-Кече кени Кыргызстандагы эң ири көмүр кени болуп эсептелет. Sputnik.kg басылмасынын маалыматы боюнча, бул кенде 300 млн тонна көмүр бар. Бул кенде төрт компания иш алып барат: “Ак-Жол Көмүр” ЖЧК, “Шарбон” ЖАК, “Демилге плюс ЛТД” ЖЧК жана “Кыргызкөмүр” МИ.

Миң-Куш совет доорунда уран кенин казып алуунун борбору болгон. Уран кени түгөнгөндө ал жерде өнөр жай ишканалары курулган болчу, алардын бардыгы союздун урашы менен жабылып калган. 2022-жылы декабрдын башында белгилүү болгондой, коомдук тармактардын колдонуучулары көмүрдүн казылышы боюнча тынчсызданууларын билдиришкен, анткени мурда ал жерде уран казылып алынат эле. Бирок “Кыргызкөмүр” МИ көмүр казыла турган участоктун уранды казып алууга эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Министрлер Кабинетинин башка долбоорлору

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш 2022-жылдын 12-мартында (антикризистик комитет түзүлгөн күнү эле) жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн. Түзүлгөн күнүнөн бери анын ишмердүүлүгү тууралуу бир да маалымат болгон эмес.

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги KADI мамлекеттик мекемеси – Инвестициялар министрлигинин инвестицияларды тартуу, коргоо жана коштоо маселелери боюнча укугун улантуучу болуп саналат. Анын Жобосу 2021-жылдын 31-декабрында бекитилген. Агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар ачык булактарда жок. Анын үстүнө бул агенттиктин ишмердүүлүгү андан кийин түзүлгөн, бирок ошол эле максатты – инвестиция тартууну көздөгөн “Кыргызиндустрия” ААКтын ишмердүүлүгүн кайталайт.