(Кыргыз) Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков “Газпром нефть” менен өнөктүктө авиаотунду сатуу менен алектенет

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

ААК “Газпром нефть” 2021-жылы туунду ишканалары аркылуу “Аэро Ош” ЖЧКнын ээлеринин бири боло алган. Бул ЖЧКнын башка бир ээси – “АККА компаниялар топтому” ЖАК. Акыркынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаты Алымбек Бактыбеков эсептелет.

ЖАКтын “Газпром нефть”, БШКнын депутаты жана анын атасы, Жогорку Кеңештин депутаты менен байланышы тууралуу кененирээк биздин материалдан окуңуз.

Аэро Ош” ЖЧКнын байланыштары

Аэро Ош” ЖЧК авиа жана автомобиль отунун дүңүнөн сатуу менен алектенет. Өткөн жылы ал, osoo.kg кызматынын маалыматы боюнча, 78 млн сом өлчөмүндө кошумча наркка салык (КНС) жана киреше салыгын (анын ичинде аванс түрүндө) төлөгөн. 2023-жылдын үй айында 38.3 млн сом төлөгөнгө жетишкен. Бул төлөмдөргө караганда, компания Кыргызстандын рыногунда ийгиликтүү иштеп жатат.

Чет элдиктердин катыштыгы бар бюджетке эң ири төлөмдөрдү жасаган компаниялардын рейтинги тууралуу материалды бул жерден тапса болот.

“Аэро Ош” ЖЧКнын негиздөөчүлөрү катары эки компания көрсөтүлгөн – орусиялык “ГПН-Операционное управление” (венчурдук инвестиция, баалуу кагаздарды башкаруу) жана кыргызстандык “АККА компаниялар тобу” ЖАК (турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу).

ГПН-Операционное управление” көп жагынан кызыктуу фирма. Биринчиден, 2020-жылы катталган фирма 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгашалуу фирма болгон – минус 1.23 млрд рубль (2022-жылдын жыйынтыктары азырынча жок). Экинчиден, анын негиздөөчүлөрү болуп “Газпром нефть” ААК жана “ГПН-ФИНАНС” ЖЧК эсептелет. Өз кезегинде “ГПН-ФИНАНС” фирмасынын жалгыз негиздөөчүсү – “Газпром нефть” ААК.

Кыргызстандык “АККА компаниялар тобу” ЖАК компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн арасында “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков бар, ал ошол эле кезде компаниянын директору болуп эсептелет.

Алымбек Бактыбеков тууралуу эмне билебиз?

Алымбек Бактыбеков 32 жашта, ал жогорку окуу жайды Улуубританияда бүтүргөн, Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикте эксперт болуп иштеген. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин 27-чакырылышынын жана учурдагы 28-чакырылышынын депутаты, “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси.

Бактыбековдун атасы – Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты жана “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Бактыбек Сыдыков. Эскерте кетсек, “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясын Камчыбек Ташиев менен байланыштырышат.

Атасы – ЖКнын депутаты

Бактыбек Сыдыков 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынын тизмеги боюнча депутат болгон, кийин бир аз убакыт (2020-жылдын октябры – 2021-жылдын ноябры) “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКтын башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Акыркы кызматында ал бир нече жолу отурган. 2005-2007-жылдары “Манастын” социалдык-экономий маселелери боюнча вице-президенти, 2007-2010-жылдары президенти болгон. Андан кийин аны Башкы прокуратура аэропорттун коллегиясынын мүчөлөрү менен кылмыштуу келишим түзгөн деп айыптаган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, Сыдыков аэропорттун май куюучу комплексин мыйзамсыз сатууну көздөгөн.

Ошондой эле ага “SVOBODA-KOSMETIKS кыргыз-орус соода үйү” компаниясы катталган болчу. Ал орусиялык бюджеттик косметиканы сатуу менен алектенет (мисалы, белгилүү “Балет” креми менен). Учурда компаниянын негиздөөчүсү болуп депутаттын бир тууганы Сыдыкова Чынара Усеновна эсептелет.

Сыдыков өзү, парламенттин сайтында көрсөтүлгөн өмүр баяны боюнча, 2021-жылдан баштап “АККА компаниялар тобу” ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси. Бирок азыркыга чейин бул кызматты аркалап келеби, белгисиз.

Бактыбек Сыдыковдун атасы жана Алымбек Бактыбековдун чоң атасы – Үсөн Сыдыков өз кезинде президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын биринчи жетекчиси, кийин мамлекет башчынын кеңешчиси болгон.

“Газпром нефть” компаниясы “Аэро Ош” ЖЧКнын 51%ын сатып алган

2022-жылдын 31-январында белгилүү болгондой, 2021-жылдын соңунда “Газпром нефть” ААК аффилирленген тараптардын тизмегине “Гасзпромнефть Аэро Ош” ЖЧКны киргизген. Келишимди “Газпром нефть” ААКтын авиа отун бизнесинин оператору “Газпромнефть-Аэро” компаниясы түзүп, Ош эл аралык аэропортунун май куюучу комплексинин уставдык капиталынын 51%ын сатып алган.

Билдирме: Компаниянын алгачкы аталышы “Топливозаправочный комплекс Ош” ЖЧК болчу, кийин ал “Газпромнефть Аэро Ош” ЖЧК атала баштаган, кийин 2022-жылдын апрелиндеги акыркы кайра каттоодон кийин гана “Аэро Ош” атала баштады.

“«Газпромнефть-Аэронун» 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын башкы багыттарынын бири өзүнүн сатуу тармагын жүздөн ашык май куюучу комплексине жеткирүү болуп эсептелет. Оштогу ММКны сатып алуу биз үчүн авиа отун тармагынын өнүгүүсүнө маанилүү инвестиция болуп саналат”, – деген “Газпромнефть-Аэронун” генералдык директору Владимир Егоров.

Билдирме: “Газпромнефть-Аэро” – “Газпром нефть” компаниясынын туунду ишканасы болуп эсептелет. Ал 71 өлкөнүн 320 аэропортунда авиа отунду сатуу жана аба кемелердин “канатына” отунду толтуруу менен алектенет. 150дөн ашык орусиялык жана чет элдик авиакомпаниялар “Газпромнефть-Аэронун” кардарлары болуп саналат.

Тыянак: “Газпром Нефть” борбор калаанын кеңешинин депутаты Алымбек Бактыбеков менен биргеликте “Аэро Ош” фирмасына ээлик кылат. Фирма авиа жана авто унаа отунун сатуу менен алектенет. 78 млн сом өлчөмүндөгү салык төккөнүнө таянсак ал ийгиликтүү иштеп келет. ЖКнын депутаты жана негиздөөчүнүн атасы Бактыбек Сыдыков 2021-жылдан бери “АККА компаниялар тобу” ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси. Бирок азыркыга чейин бул кызматты аркалап келеби, белгисиз.