Орусиялык ишкерлер компанияларын Кыргызстанда каттай башташты

Чет элдиктердин катыштыгы бар компаниялардын саны Кыргызстанда эки эседен ашык көбөйдү. Ушундай маалыматтарды osoo.kg кызматы келтирет. Мисалы, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча каттоодон же кайра каттоодон өткөн Кыргызстандын резиденти болуп эсептелбегендердин катыштыгы бар жаңы компаниялардын саны 2609 түзгөн. Бир жыл мурун алардын саны 1139 болчу.

Ошол эле кезде жылдын башынан берки үч ай аралыгында чет элдиктердин катыштыгы бар дагы 771 компания пайда болду. Ушуга окшош компаниялардын эң аз саны “ковиддүү” 2020-жылы катталган (кайра катталган) болчу – болгону 750.

Factcheck.kg редакциясы чет элдиктердин катыштыгы бар эң ири компаниялар кайсылар экенин жана алар кимге таандык экенин аныктап көрүүнү туура көрдү. Аны бюджетке төккөн салык төлөмдөрү боюнча аныктадык.

Тизмектин башында “Аэро Ош” ЖЧКсы турат – бир жылда ал 78 млн сом өлчөмүндө кошумча наркка салык (КНС) жана киреше салыгын (анын ичинде аванс түрүндө) төлөгөн. Фирма авиа жана автомобиль күйүүчү майын дүңүнөн сатуу менен алектенет. Ал 2020-жылы катталган.

2022-жылдын 15-апрелинде кайра каттоодон өткөн. Негиздөөчүлөрү катары эки компания көрсөтүлгөн – орусиялык “ГПН-Операционное управление” (венчурдук инвестиция, баалуу кагаздарды башкаруу) жана кыргызстандык “АККА компаниялар тобу” ЖАК (турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу).

Кыргызстандык компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков бар, ал ошол эле кезде компаниянын директору болуп эсептелет. Алымбек Бактыбеков “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Бактыбек Сыдыковдун уулу болот.

Сыдыков 2015-жылы депутат болгон, кийин бир аз убакыт (2020-жылдын октябры – 2021-жылдын ноябры) “Эл аралык “Манас” аэропорту” ААКтын башкармалыгынын жетекчиси болгон. Учурда Бактыбек Сыдыков кайра депутат болуп шайланган, “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси.

Өз кезегинде Бактыбек Сыдыковдун атасы жана Алымбек Бактыбековдун чоң атасы – Үсөн Сыдыков президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын биринчи жетекчиси, кийин мамлекет башчынын кеңешчиси болгон.

Экинчи орундагы “Миракл Ап” ЖЧК Кыргызстандын рыногунда бир жылдан бери гана иш алып барат. Бюджетке төлөмдөрүнүн негизги көлөмү “Манас” бажысынын пайдасына туура келет – Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга КНС, ошондой эле Эрлан Адамбеков аркылуу бажылык тариздөө үчүн жыйымдарды төлөө. Акыркынын тизмектеги 9 компанияларга тиешеси бар. “Миракл Ап” ЖЧКнын негиздөөчүсү – Разматов Муззафар Набижонович.

Андан кийинки орунда 2003-жылы катталып, 2022-жылы кайра каттоодон өткөн “ПРИМЭКС” ЖЧК. Адистештирилбеген дүң соода менен алектенет. Негиздөөчүлөрдүн катарында орусиялык ишкер Анцибор Евгений Витальевич жана Сартов Руслан Мадинович бар.

Төлөмдөрдүн негизги максаты – КРдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга КНС жана акциздик салык.

LION (ЛИОН)” ЖЧК дагы 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Негиздөөчүлөрү Аслан Юнус Хамза, Аслан Юсуф Бугра, Аслан Аслан.

Бул компания камсыздандыруу акысын эң көп төлөгөндөрдөн – бир жыл аралыгында бул статья боюнча 11 млн сомдон ашык каражатты бюджетке которгон.

Гуд Хаус” ЖЧК 2022-жылы катталган, ал компьютерлердин (ЭЭМдин), перифериялык түзүлүштөрдүн жана программалык камсыздоонун дүң соодасы менен алектенет. Негиздөөчүлөрү Аджай Верма жана Ким Артём. 2022-жылы компания бюджетке 27.6 млн сом каражат төккөн.

СБС Инжиниринг” ЖЧК 2022-жылы катталган. Ал электрондук жабдуулардын тетиктерин жана телекоммуникация жабдууларын дүң соодасына адистешет. Негиздөөчүлөрүнүн катарында орусиялык ишкер бар – Солобуто Борис Сергеевич. Бюджетке төлөмдөрдүн негизги көлөмү “Манас” бажысынын пайдасына туура келет – 25.7 млн сом.

Асперо Групп” ЖЧК адистештирилбеген дүң соода менен алектенет, ишмердүүлүгүн 2022-жылы баштаган. Негиздөөчүлөрүнүн бири Кыргызстандын резиденти болуп эсептелбеген Тимченко Алексей Витальевич. Төлөмдөрүнүн негизги көлөмү “Манас” бажысынын пайдасына туура келет.

РР Дженерал Трейд” ЖЧК 2022-жылы катталган. Дүң соода менен алектенет. Негиздөөчүсү – Митев Росен Митков. Анын аты-жөнү Хабибула Абдыкадырдын аткезчилик сехамалары тууралуу иликтөөдө келтирилет. Мисалы, анын компаниясы Хабибула Абдыкадырдын компаниясы менен бир даректе катталган. Росин Митев учурда 14 компаниянын негиздөөчүсу болуп эсептелет.

РР Дженерал Трейд” ЖЧКнын төлөмдөрүнүн негизги максаты – Түндүк-Чыгыш бажысына жөнөтүлгөн бажылык тариздөө үчүн жыйымдар. Жалпы жонунан компания бюджетке 23 млн сом төккөн.

Смарт логистик групп” ЖЧК 2020-жылы катталып, 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Жүк ташуучу автомобиль транспорту менен алектенет. Анын негиздөөчүсү – орусиялык ишкер Королев Роман Александрович. Ал 2021-жылы Кыргызстанда дагы бир компанияны  – “Фрахт ЛТД” ЖЧК – негиздеген.

Бюджетке 23.2 млн сом төккөн.

СОЛАРКОИН” ЖЧК Кыргызстанда 16 жылдан бери маалыматтык технологиялар жана компьютердик инженерия жаатында иш алып барат. Негиздөөчүлөрү “НБТС КейДжи” ЖЧК, Люй Цзиньчэн, Мартынова Татьяна Олеговна. Мартынова ошондой эле “Ай-элемент” ЖЧКнын директору болуп эсептелет. Бул ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн катарында “Электр станциялары” ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү Фархат Иминов бар. Аны менен катар Татьяна Мартынова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экс-депутаты, учурда “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Жыргалбек Турускулов менен биргеликте “Метрум КейДжи” ЖЧКнын негиздөөчүлөрү болуп эсептелет.

Тыянак: Бюджетке эң көп төлөмдөрдү жүргүзгөн чет элдиктердин катыштыгы бар компаниялардын дээрлик жарымынын курамында орусиялык ишкерлер бар. Бул компаниялар 2022-жылы же катталган, же кайра каттоодон өткөн. Бирок 2022-жылы кайра каттоодон өткөнгө чейин негиздөөчүлөрдүн арасында орусиялыктар бар же жок экенин ачык булактардан билүү мүмкүн болбоду.