(Кыргыз) Депутат-бизнесмен Сулайманов декларацияда 20 нөлдү гана көргөзгөн. Башка эч нерсе

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү Эльдар Сулаймановдун үч коммерциялык компанияда үлүшү бар. Бирок салык декларациясында алар көргөзүлгөн эмес.

Бирок да, спойлер: Сулаймановдун декларациясында эч нерсе көрсөтүлгөн эмес, бардык графаларда нөлдөр гана турат.

Factcheck.kg редакциясы парламентарийдин бизнесин текшерип чыгып, салыктык отчетунда эмне туура эмес экенин аныктады.

Жалаң нөлдөр

Эльдар Сулайманов тапшырган декларациянын көрүнүшү төмөнкүдөй:

Анда нөлдөрдөн башка эч нерсе жок. Үй-жайы да, автоунаасы да, кайсы бир кирешеси да. 

Эскерте кетсек, Сулайманов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеги боюнча 2021-жылдын ноябрында депутаттык креслого отурган. Саясатка аралашканга чейин 2016-жылдан бери «Кыргыз-Чех суу компаниясы» ЖЧКнын негиздөөчүсү жана генералдык директору болгон. Бул тууралуу анын Жогорку Кеңештин сайтындагы биографисында айтылат. 

Журналисттер компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, 2021-жылы эле фирма мамлекеттик казынага дээрлик 2.5 млн сом салык төккөнүн аныкташты. Бирок Сулайманов, баары бир, киреше көрбөгөн окшойт.

Сулайманов «Кыргыз-Чех суу компаниясынын» негиздөөчүлөрүнүн катарынан 2022-жылдын октябрында чыккан. Бирок баары бир үлүшүн 2021-жыл боюнча декларацияда көрсөтүшү керек болчу.

Депутаттын калган бизнеси

Эльдар Сулайманов декларациясында «Кыргыз-Чех суу компаниясы» ЖЧКны кошпогондо дагы алты фирмадагы үлүштөрүн көргөзгөн эмес. Osoo.kg маалыматтар базасында парламентарий мурда жана азыр ээлик кылган бардык компаниялар катталган. Бул кызматта компаниялар тууралуу бардык маалыматтар катталат жана Юстиция министрлигинин маалыматтар базасынан айырмаланып кайра каттоо болгон учурдагы бардык өзгөрүүлөрдү – негиздөөчүлөрдүн курамындагы, телефон номурларындагы – көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Бул тизмекте депутат 2021-жылы негиздөөчү болуп эсептелген жана алар декларацияда көрсөтүлүшү керек болгон компаниялар:

  • «Промышленный Финансовый Концерн «Нур Капитал» ЖЧК – холдинг-компаниялардын ишмердүүлүгү, 2019-жылы негизделген. 2021-22 жылдардагы салыктык төлөмдөрүнүн суммасы 383.8 миң сомду түзгөн. Сулайманов негиздөөчүлөрдүн курамынан 2021-жылдын ноябрында чыккан.
  • «Бережный капитал» ЖЧК – турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу, 2016-жылы негизделген. Депутат фирмадан 2022-жылдын декабрында гана чыккан.
  • «Крыша Мобайл» ЖЧК – маалыматтарды иштеп чыгуу, колдонмо программаларды жайгаштыруу. 2019-жылы негизделген, Сулайманов анын курамынан 2021-жылдын октябрында чыккан. 
  • «Чон-Алай экопродукт» ЖЧК – башка көп жылдык эмес өсүмдүктөрдү өстүрүү, 2018-жылы негизделген. Депутат курамынан 2021-жылдын октябрында чыккан. 

Депутат азыркыга чейин негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелген фирмалар:

  • Чет элдик катышуучусу бар «Совместная Кыргызско-Китайская Корпорация» ЖЧК – саламаттык сактоо жаатындагы башка ишмердүүлүк, 2016-жылы негизделген. Негизделгенинен бери бир да жолу салык төлөнгөн эмес. 
  • «LTD  ЦМОТ Жибек-Жолу» ЖЧК (Эл аралык Дүң Соода Борбору) – автоунаалар жана жеңил автотранспорттор менен дүңүнөн соода кылуу, 2003-жылы негизделген.

Бардык алты фирманы депутат 2021-жыл боюнча декларациясында көрсөтүшү керек болчу.

Сулаймановдун жаңы бизнеси:

Бир ай мурун, 2022-жылдын декабрында, депутат болгонуна бир жыл болгондо, Эльдар Сулайманов кирешелүү бизнестин ээси болду – акыркы үч жыл аралыгында бул фирма 10 млн сомдон ашык мамлекеттик контракттарды алган.

  • «Пэйнто» ЖЧК – полимерлердин негизинде сырларды, эмалдарды жана лактарды чыгаруу, 2018-жылы негизделген. Иштей баштаганына эки жыл болгондо мамлекеттик заказдарды ала баштаган жана алардын суммасы жыл сайын өсүп келет. Аны менен салыктык төлөмдөрү да өсүүдө – 2022-жылы мамлекеттик казынага 7 млн сом төгүлгөн:

Бул кирешелүү фирмадагы үлүшү тууралуу маалыматты депутат 2022-жылдын декларациясында көрсөтүшү керек болот. Бир аз мурда Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларацияларды кабыл ала баштаганын жарыялады. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар 1-апрелге чейин салык отчетторун тапшырышы керек. 

Тыянак: Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Эльдар Сулайманов 2021-жыл боюнча декларациясында жети коммерциялык компаниядагы үлүштөрүн көргөзгөн эмес. Бардык графаларга нөл коюп чыккан.  

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды анык эмес же толук эмес маалыматтар менен берүүсү жеке жактарга, кызмат адамдарына 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Башкача айтканда, депутат Сулайманов 5 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек болот.