(Кыргыз) Айрым өлкөлөр коронавуристу сасык тумоо деп атап, эмдөө, тест жана карантинден баш тарттыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Буга чейин Factcheck.kg коронавирустун алдын алуу боюнча немец окумуштууларынын билдирүүсү делген маалыматты текшерип көрүп, жалган экенин аныктаган. 

Бирок мындай маалымат толукталып, социалдык тармактарда байма-бай тарап келет. Билдирүүнү жайылткандардын айтымында сода менен туздун эритмеси “абмонак” деп аталат, ал эми дүйнө жүзүндөгү он өлкө “коронавирусту сасык тумоо деп таанып, карантин, тест жана эмдөөдөн баш тарткан”.

Бул Түркия, Бразилия, Улуу Британия, Швеция, Испания, Чехия, Мексика, Сальвадор, Япония жана Сингапур өлкөлөрү экени айтылат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Тест менен эмдөө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2022-жылдын июлуна карата дүйнөнүн 70% элинин эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайт, эмдөө медициналык жардамдын түрү катары пландаштырылган.

Our World in data сайтынын маалыматына ылайык, 15-февралга карата аталган өлкөлөрдүн калкынын 60%дан көбү эмдөөдөн өткөн. Бул эмдөө уланып атканын тастыктайт.

2022-жылы жасалган күнүмдүк COVID-19 тесттеринин графигинен кескин төмөндөө байкалбаганын көрсө болот. Бул текшерилип жаткан өлкөлөрдө эч ким тестирлөөдөн баш тартпаганынан кабар берет. 

Пандемиябы же сасык тумообу?

2022-жылдын 19-январында ДСУнун Башкы директорунун демилгеси менен Өзгөчө кырдаалдар комитетинин сырдуу жолугушуу болуп өткөн.

Катышуучулар Covid-19 пандемиясы Эл аралык тынчсыздануудагы коомдук саламаттыкты сактоонун өзгөчө кырдаалы (PHEIC) бойдон калууда деп макулдашышты. Коронавирустун кандайдыр бир мезгилдүүлүгү жөнүндө сөз болгон эмес. Мындай абал Комитеттин кийинки отурумуна чейин кеминде дагы үч ай уланат.

Карантинден ким баш тартты?

Бразилияга киргендер үчүн 14 күндүк карантин каралган.

Улуу Британияда 11-февралдан тарта өлкөгө киргендер карантинге алынбаганы менен тест оң жыйынтык берсе же илдеттин симптомдору байкалса, жеке изоляция  каралган.

Испанияда бүгүнкү күнгө чейин изоляция менен карантин эрежелери иштейт.

Мексикага кирүүдө чектөө жок болгону менен тест оң жыйынтык берсе же илдеттин симпомдору бар болсо, милдетүү түрдө 14 күндүк жеке изоляция каралган.

Сальвадордо дагы өлкөгө кирүүдө чектөөлөр жок. Бирок өлкө президентинин буйругу менен каалаган убакта каалаган административдик-аймактык бирдик боюнча карантиндик чаралар көрүлүшү мүмкүн.

2021-жылдын 11-октябрынан тарта Сингапурга кирүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жөнөкөйлөштүрүлгөн протоколдору, аларда катуу карантиндик чаралардын ордуна “жеке жоопкерчилик жана өзүн-өзү башкаруу” каралган.

Түркияга кирүүдө да белгилүү бир эрежелер иштейт.

Чехияда 5 күндүк карантин жана жеке изоляция күчүн жогото элек.

Швецияда 2022-жылдын 9-февралынан тарта ЕБ/ЕЭА өлкөлөрүнөн кирүүгө тыюу салынган эмес, бирок башка өлкөлөрдөн кирүүгө чектөөлөр 2022-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот.

Оң ПЦР-тести менен Японияга кирүүгө бардык адамдарга, ал тургай өлкөнүн жарандарына да тыюу салынган. 29-январга карата B.1.1.529 опциясы үстөмдүк кылган өлкөлөрдөн же аймактардан келген бардык саякатчылар жана кайтып келгендер Omicron Чет элдик иммигранттардын ден соолугун көзөмөлдөө борбору (HCO) тарабынан кийинки скринингден өтүү үчүн өзүн-өзү изоляциялап, 7 күн коомдук транспортту колдонбой турушу керек. 

Жыйынтык: жалган. Аталган өлкөлөрдүн бири дагы карантиндер, ПЦР-тесттерден жана эмдөөдөн баш тарткан эмес.