(Кыргыз) Мамдуманын депутаты балдары VPN-ди колдонгон ата-энелерди түрмөгө отургузууну сунуштадыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 

Мамдуманын депутаты Мария Бутина балдары VPNкызматтарды колдонгон ата-энелерди түрмөгө отургузууну сунуштады. Мындай пикирин ал «Россия 1»телеканалындагы Владимир Соловьевдин программасынын эфиринде алып баруучу менен кайым айтышуу учурунда билдирген. Ушундай маалыматтар Telegram-каналдарда таркатылып жатат.

Таркатылып жаткан башка билдирүү боюнча, ал эмес Владимир Соловьев бул сунушту диктатура деп баалаган.

Factcheck.kg Бутина менен Соловьевдун ортосунда ушундай диалог чынында эле болгонбу, же жокпу текшерип көрүүнү туура көрду.

Берүүнүн 51-мүнөтүнөн баштап программанын катышуучулары Орусиядагы YouTube коомдук тармагын талкуулай башташкан. Соловьев: “YouTube-ду ким толугу менен ээлеп алды? YouTube биздин өлкөдө өтө популярдуу, – деген суроо узатат. Жооп катары Бутина кайра өзү суроо берген: “А негизи YouTube биздин өлкөдө эмне кылып жатат?”.

Андан ары Соловьев диалогду улантып, бардык жаштар “ал жакта отурат” дейт. Бутинанын айткандары: “Жаштар начар отурушат. VPN-дер менен. Биз баардыгыбыз жакшы билебиз, жаштар каякта отурарын”.

Үч мүнөттүк талаш-тартышуудан кийин Соловьев депутатка кайрылып, ал “ата-энелерин отургузууну”сунуштайбы деп сурайт, Бутина ооба дейт. Буга Соловьев мындай жооп берет: “Азыр улантсак, дүйнөдө жок диктатурага чейин жетип барабыз”.

Тыянак: чындык. Мамдуманын депутаты Мария Бутина балдары VPN кызматтарды колдонгон ата-энелерди түрмөгө отургузууну сунуштады, ал эми Владимир Соловьев бул сунушту диктатура деп баалады.