(Кыргыз) Депутаттын үй-бүлөлүк курулуш компаниясына тийиштиги бар, бирок ал декларацияда көрсөтүлгөн эмес

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов эч качан мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеген эмес. Тогуз жылдык иш стажы курулуш компанияларына гана байланыштуу. Мына ошентип 2021-жылы Жусупов “Ишеним” партиясынын тизмеги боюнча депутаттык мандат алган.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча депутат Мамлекеттик салык кызматына бирдиктүү декларация тапшырып, анда 100 миң сом өлчөмүндөгү кирешесин гана көрсөткөн. Бул санды 12 айга бөлүштүрө турган болсок, ал ай сайын 8.3 миң сом же $100 киреше гана көрүп турган болот (2021-жылы доллардын курсу болжолдуу 84.7 сом деңгээлде кармалып турган). 

Ошондой эле ал 3 млн сомго жылкылары бар экенин көрсөткөн. Депутатка ишенсек, андан башка анын эч кандай мүлкү жок – үйү да, автоунаасы да. Бирок анын жакын тууганына (адатынча, ал жубайы, – ред. түш.) 86.6 чарчы метрлик батир катталган. 

Декларациянын башка графаларында жалаң нөлдөр.

Депутаттын курулуш бизнеси

Эмилбек Жунусов “Эмаком бетон” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул компания 2018-жылы негизделген, ал курулушта колдонулган бетон буюмдарын чыгарат. osoo.kg маалыматтары базасы боюнча, депутат – фирманын директору.

Аны менен кошо компаниянын негиздөөчүлөрү катары көрсөтүлгөн Маткаров Замирбек Эржигитович жана Такенов Намазбек Кубанычбекович тууралуу маалыматтарды интернеттен таба албадык.

Белгилей кетсек, башындагы парламенттик комитеттерге бөлүштүрүү боюнча, Жусупов Агрардык саясат боюнча комитетке кирген. Токтомго 2022-жылдын январында кол коюлган. Бирок марттын аягында ал курулуш боюнча комитетке которулуп кеткен. Учурда ал кайра башка комитетте – социалдык саясат боюнча (2023-жылдын январынан баштап).

Үй-бүлөлүк курулуш бизнеси

Депутат Эмилбек Жусуповдун эки бир тууганы бар – Жусупов Мелис Ромидинович жана Жусупов Эрланбек Ромидинович. Экөөнүн тең курулуш жана көптөгөн башка бизнестери бар. 

Мелис Жусупов 2017-жылы Ошто негизделген “Эмаком” курулуш компаниясынын жалгыз негиздөөчүсү жана директору. Бул курулуш компаниясына байланыштуу бардык чыр-чатактарды жана маселелерди (алардын саны аз эмес) бул жерден окуй аласыз. 

Ошондой эле Мелис Жусуповго Оштогу дагы бир курулуш компания – “Дастан Курулуш” таандык. Аталган фирма жылдын башынан бери өткөн үч айда бюджетке 397 миң сом салык которгон, бул анын ийгиликтүү иштеп жатканын айгинелейт.  

Ал дагы бир катар компаниияларга ээлик кылат – “РМ Строй Компани” жана “Тагай Ата” курулуш компаниялапына, бетон чыгаруучу “Эмаком Бетон Плюс” компаниясына, дүңүнөн соода менен алектенген “Мерген-Тоо” компаниясына, түстүү металлдардын башка рудаларын казып алуу жана байытуу менен алектенген “Люкс-Бетон” компаниясына, “Эмаком 3222” такси кызматына.

Эрланбек Жусупов – “Эмаком Щит” коопсуздук агенттиги, “Марлен строй”, “Резиденс Сити”, “Эмаком Жалал-Абад” курулуш компаниялары сыяктуу жети компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет.  

Эмаком Холдинг” – Жусуповдордун дагы бир үй-бүлөлүк бизнеси. Анын негиздөөчүлөрү – “Эмаком” жана “РМ Строй Компани” курулуш компаниялары.

Жыйынтыктасак, бир тууган Жусуповдорго жалпысынан он төрт курулуш жана башка компаниялар таандык. Ошондой эле аларга кайрымдуулук фонддору жана коммерциялык эмес уюмдар катталган. 

Тыянак: “Ишеним” фракциясынан депутат Эмилбек Жусупов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды этибарга албай, салык декларациясында көргөзүлбөгөн коммерциялык компанияга азыркыга чейин ээлик кылат.

Салык декларациясындагы чындыкка жатпаган маалыматтар үчүн айып пулдун өлчөмү 5 миң сомду түзөт.