(Кыргыз) Капчыктардын блокко салынып жаткандыгы тууралуу кабарлар криптовалютасы барларды тынчсыздандырууда, – Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Интернетте Binance жана Coinbase кызматтарындагы криптокапчыктар блокко салынып жаткандыгы тууралуу кабарлар таркатылууда, ал эми жергиликтүү чаттардагы билдирүүлөр криптовалютасы бар кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө салууда.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы бул маалыматты текшерди.

Binance жана Coinbase биржаларындагы айрым капчыктар блокко салынып жатат деген маалыматтар жана капчыктарды алмаштыруу, каражатты тез алып чыгуу керектиги тууралуу WhatsApp чаттарындагы массалык билдирүүлөр криптовалютасы бар кыргызстандыктарда тынчсызданууну жаратууда.

Билдирүүлөрдө жогоруда аталган биржалар каалаган колдонуучунун капчыгын себебин айтпай, эч нерсе түшүндүрбөй туруп блокко салып жатканы айтылат. Чындыгында эле ушундай болуп жатабы?

Coinbase биржасында көп сандагы криптокапчыктардын блокко салынышы чындыгында эле болгон, бирок ал батыштын санкциясы колдонулган орусиялыктарга карата гана болгон. Биржанын расмий сайтында билдирилгендей, санкцияга кабылгандардын (болжолдуу 25 миң адам) мыйзамсыз иштерге тиешелери болгон же Украина менен чыр-чатакта Орусиянын аракеттерин колдошкон же ушул аракеттерге шектелишет. Макалада айтылгандай, блокко салынган капчыктардын тизмеги улам толукталып турат жана ал тизмекте башка өлкөнүн колдонуучулары да болуп калышы мүмкүн, эгерде, биржанын пикиринде, алар мыйзамсыз иштерге барышса же эрежелерди бузушса.

Binance, өз кезегинде, орусиялыктарга карата чектөөлөрдү киргизди – капчыкта 10 миңден ашык евро бар болсо аларга биржада соода-сатык иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбейт, каражатты чыгарганга гана уруксат берилет.

Бул блокко салуулар кыргызстандыктарга азырынча колдонулбайт.

Дагы бир себепке байланыштуу капчык блокко салынып калышы мүмкүн – эгерде колдонуучунун капчыгына криминалдык аракеттерге тиешеси бар болгон каражат келип түшсө. Мындайда чектөөлөрдү алып салуу үчүн колдонуучу техколдоо менен активдүү кызматташуусу керек: өзү тууралуу бардык маалыматтарды (анын ичинде паспорттук да маалыматтарды), транзакциялардын жана каражат булактарынын скриншотторун берүүсү зарыл.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Криптокапчыктарды массалык түрдө блокко салуу чынында болуп жатат, бирок алардын Кыргызстанга тиешеси жок.