(Кыргыз) Бир күндө эки чиновникке кызмат: Садыр Жапаровдун бир жылдык кадр саясаты

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

13-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан министрлер кабинетин бекитти

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин үчүнчү ирет министрлер кабинети алмашып, кызмат бөлүштүрүү жараяны мурдагы бийликтин тушундагыга салыштырмалуу беш эсеге көбөйдү.  

Factcheck.kg редакциясы  бир жыл ичиндеги отставкалар жана бошотуулар боюнча бардык жаңылыктарды чогултуп, президенттин кадр саясаты кандай жүргүзүлүп жатканын аныктады. 

Белгилей кетсек, Kloop.kg басылмасы ачык булактардагы маалыматтарды чогултуп, 2018-жылы бардыгы болуп 225 отставка жана дайындоолор, анын ичинен 131 жаңы кызматка дайындоо болгонун иликтеген. Басылма дем алыш жана майрам күндөрдү эсептебегенде чиновниктер күн сайын иштен алынып, кызматка дайындаларын аныктаган. Ал эми жаңы бийликтирн тушунда 600 ирет чиновниктер ар кандай кызматтарга дайындалган. Бул 2018-жылкыга караганда беш эсе көп. 

Анан калса, аткаминерлердин кызматтан алынгандыгы тууралуу президенттин басма-сөз кызматы ар дайым эле кабарлай бербейт. 

Маселен, 2020-жылдын 13-октябрынан тарта 2021-жылдын 13-октябрына чейин 580 жаңы дайындоо тууралуу маалымат тараса, кызматтан кеткен тууралуу болгону 155 ирет жаңылык болгон.  Бул аралыкта бийликтегилер толук алмашып, министликтер, мамлекеттик ишканалар, агенттиктер, соттор, жада калса элчилер да кызматынан кол жууган. Биздин эсептөөлөргө ылайык, жыл ичинде дем алыш жана майрам күндөрдү эске албаганда, ар бир күнү эки адам жаңы кызматка дайындалат. 

Эң көп дайындоо май айына туш болгон. Дал ушул айда жаңы министрлер кабинети түзүлүп, президенттин аппараты алмашкан. Мындан тышкары, алгачкы жолу акимдердин эң ири  ротациясы болгон. Жапаров акимдердин ротациясы коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн жасалганын айткан, бирок акимдер жергиликтүү көйгөйлөрдү билиши керек жана мындай ротация натыйжасыз деген пикирлер да жок эмес.

Кимдер көбүрөөк алмашты 

Эң чоң өзгөрүүлөр сот системасында болду – жыл ичинде 110 райондук жана шаардык судьялар алмашты.

Ал эми ведомстволордогу кызматкерлеринин санына карап эсептей турган болсок, эң көп кадр алмашуу президенттин аппаратында жүргүзүлгөн. Ар бир жетинчи жаңы дайындоо дал ушул президенттик аппараттын кызматкерлерине таандык. Жыл ичинде президент аппаратына 80 жолу жаңы кызматкерди дайындаган. 

Анан калса айрым кызматкерлер бир нече кызматты алмаштырганга үлгүргөн. Маселен, Галина Байтерек 2020-жылдын октябрь айында президенттин пресс-катчысы болуп дайындалган. Бул кызматта ал өзүнүн чуулгандуу билдирүүлөрү менен таанымал болду. Ал эми 2021-жылдын май айында президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бирок анын ысымы кайрадан эле чуулгандуу окуяларда айтыла бердиПрезиденттин дагы бир жакын кадры  –  Дастан Дюшекеев. Былтыр октябрь айында ал президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Эки айдан соң президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген, ал эми август айынан тарта Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кызматын аркалайт. 

Кадр алмаштыруу саясаты борбордук мэрияда да күч алган. Бардыгы болуп жыл ичинде муниципалитетте 46 ири дайындоо болгон. Мэрлер, алардын орун басары жана  бөлүм башчылар тез-тез алмашып турган. 

Эске салсак, буга чейин Factcheck.kg 2020-жылга чейин, башкача айтканда 30 жылда 15 мэр алмашса, Саыдр Жапаровдун бийлигинин тушунда 8 калаа башчы алмашканын жазып чыккан.  Ал эми айрым мэрлер кызмат ордун болгону бир нече саат гана ээлегенге үлгүргөн

 

Мындан тышкары, өкмөттүн аппаратынын, коопсуздук кызматынын, саламаттыкты сактоо тармагынын аткаминерлери, ошондой эле элчилер менен тышкы иштер министрлигинин жетекчилери тез-тез алмашкан. 

Эң негизгиси, кызмат бар

Жапаров бийликке келгени, министрлер кабинети үч ирет алмашты. Ага ылайык, жаңы министрлерди дайындоо кайрадан жүргүзүлгөн. Айрым аткаминерлер өз ордун сактап кала алган. Бирок, бир ведомстводон экинчисине өтүп кеткендери да бар. Ошентип, бир эле кызматкер жыл ичинде 3-4 ирет жаңыдан кызматка дайындалган. 

 

Кызматынан тез кол жуугандар

Жогоруда айтылгандай, айрым аткаминерлер кызматында бир нече саат гана отурганга жетишсе, айрымдары бир нече күн жогорку кызматты аркалаган. 

Маселен, 2020-жылдын 14-октябрында Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалат. Арадан беш күн өткөн соң, Садыр Жапаров анын ордуна Кадыржан Семетеевди дайындайт. Ал эми Таалайбек Сарыбашев калаа башчы болуп 10 күн гана иштеп берген. Андан соң, өз ыктыяры менен кызматын тапшырган2021-жылдын 5-майында Азамат Дыйканбаев  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана ошол эле учурда Санариптик өнүктүрүү министри кызматын ээлейт. Бирок 15 күндөн кийин ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча камакка алынган. Кызматынан бир нече күндө кол жууган кадрлардын тизмеги чынында мындан да көп. Бирок, жогоруда айтылгандай, отставкалар тууралуу маалымат ачык булактарда көбүн эсе жарыяланбай, сыр бойдон кала берет. 

Жаш курагы жана жынысы боюнча кадр саясаты кандай жүргүзүлгөн? 

Жаңы бийликтин жогорку кызматтарда дайындалган эң жаш кадрлары 28 жашта болгон. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, жүздөгөн кызмат ээлеринин арасынан жыл ичинде жаштардан болгону үчөө дайындалган: 

Балбак Түлөбаев мэрлик кызматты аркалап турганда кеңешчиси кылып 28 жаштагы Нурсултан Курбановду муниципалитетке алып келет. Дагы бир жаш кадр Адилет Курпердиев “Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасына жетекчи болуп келген. 

Ал эми 28 жаштагы Адинай Марипова президенттин жардамчысы. Ал ноябрда өтчү парламенттик шайлоого аттанды. 

Жаңы бийликтин тушунда жогорку кызматка келген эң улуу кадр  –  73 жаштагы казак олигархы Алмаз Ибрагимов.

Жаңы дайындалган кызматкерлер орто эсеп менен 47 жашта. 

Алардын 84%ы эркектер жана болгону 16%ы айымдар.