(Кыргыз) «Талибан»* кыймылы Россия менен Украинаны тынчтыкка чакырдыбы? Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

25-февралда “Талибан”* кыймылынын Орусия менен Украинаны чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырганы тууралуу маалымат пайда болду. 

Factcheck.kg бул билдирүүнү текшерип көрдү.

25-февралда «Талибан»*өкмөтүнө караштуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Кахар Балхи Ооганстан Ислам Эмирлигинин расмий билдирүүсүнүн көчүрмөсүн Twitter баракчасына жарыялады.

 

Анда Ислам Эмирлиги Украинадагы кырдаалга кылдат көз салып атканы жана карапайым калктын курмандыктарына тынчсызданганы айтылат. 

“Ислам Эмирлиги бейтарап тышкы саясатына ылайык, чыр-чатакты эки тараптуу диалог аркылуу, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат”.

Мындан тышкары, билдирүүдө жаңжалдын тараптарын Украинадагы ооган студенттеринин жана мигранттарынын өмүрүн коргоого көңүл буруу тууралуу сөз болгон.

Жыйынтык: чындык. “Талибан”* кыймылы Россия менен Украинага жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча билдирүү жасаганы чын. 

* Кыргызстанда тыюу салынган террористтик кыймыл.