(Кыргыз) Орусия пропагандасынын фейктери, Запорожье АЭСинин “коопсуздугу” жана “улутчулдардын” дрондорунун кол салуусу

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Орусиялыктар Запорожье АЭСин басып алуу сценарийин улантууда. Запорожье облусундагы АЭС бир канча айдан бери орусиялык террористтердин гибриддүү көзөмөлү астында турат. Террорист деп атаганыбыздын себеби алар басып алуу, уурдоо жана атомдук станцияны басып алып бүт дүйнөнү ядердик бомба менен  коркутуп жатат.

Атомдук станцияда абал төмөндөгүдөй: станцияда көптөгөн залптык октук реактивдүү системалар (РСЗО), аскердик техникалар жана ок-дарылар бар, Орусиядан АЭС көзөмөлчүлөрү алынып келген, барымтага алынган негизги жумушчу персонал ишин улантууда, тиги же бул кылмыш сценарийин аткаруудан баш тарткан жумушчулар кыйнап өлтүрүлүүдө. Орусиялыктар буга чейин төмөндөгүдөй провокацияны ойлоп табышкан. Алар муздатуучу бассейндерде жардыруучу заттар бар деп станциянын суучулу Андрей Гончарукту текшерүүгө мажбурлашкан. Суучул баш тарткандан кийин  аны кыйнап өлтүрүшкөн.  Акыркы күндөрү станциянын коопсуздугу үчүн жооптуу дагы 3 жетекчи  уурдалган.

Ушул эле убакта орусиялык пропаганда АЭСтин айланасында окуяларды бурмалап таратууда. Материалда кампаниянын негизги наративдерине анализ жасалды.  

«Станция коопсуздукта, анткени орусиялыктардын көзөмөлү астында турат»

ПРОПАГАНДА

Орусия АЭСти басып алгандан бери бул ишин легитимдөө менен алек. Анткени дүйнөдө атомдук станцияны уурдоо боюнча мындай окуя эч жерде болгон эмес.  Алгач пландалгандай орусиялык аскерлер станцияда украиналык жумушчуларды көзөмөлүнө алып турат дегенди көрсөтүш керек болчу. Бул версияны Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) дагы көңүлүнө алып, башкы директору бир нече жолу басып алынган аймакка барып станциянын абалын, радиоактивдүү таштандыларды текшерип “баары жайында” экенин көрүүгө белсенип жаткан. Станция басып алынгандан бери мониторинг маалыматтарын жиберүү системасы өчүрүлгөн, бирок бул маалыматтар ички серверлерде жазылып турат.

Ошондуктан Генсек (орусиялык орун басары менен биргеликте) жеке өзү барыш керек эле.  Украина эл аралык агенттиктен атомдук станциядан баскынчыларды сүрүп чыгаруу талабы менен дүйнө элине кайрылуусун жана уюмдун жетекчилик кызматтарынан орусиялыктарды четтетүүнү   талап кылууда. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги Украина аларды Запорожье АЭСине чакырганы тууралуу жалган билдирүүнү таратышууда. Орусиянын биринчи планы ишке ашкан жок, анткени станциянын көрсөткүчтөрүн таратуу иши гана калыбына келтирилди.  Ошондуктан Орусия экинчи вариантты – эскалация жана дестабилдештирүү –  ишке ашыра баштады. Июнда баскынчылар атомдук электр станциянын аймагында бул иши бүткүл дүйнөнүн жарымынын ядердик коопсуздугуна коркунуч жаратканына карабастан  “Смерч” жана “Град” реактивдүү системаларын, танк жана брондолгон транспортерлорду  жайгаштырган.  Алар Запорожье АЭСин калкан катары колдонууда, анткени Украинанын куралдуу күчтөрү ага карата ок ата албасын жакшы түшүнөт. Июль айында түндөрү Никополь шаарын реактивдүү “Смерч” жана “Град” куралдары менен  аткылап баштаган. Бирок бул оккупанттардын негизги максаты эмес, болгону провокация.

Запорожье АЭСинин 2-энергия блогунун жанындагы орусиялык аскерлердин  жүк ташуучу машиналары

“Улутчулдар ЗАЭСке “камикадзе-учкучсуз учактар” менен кол салышты”

ФЕЙК

20-июлда Орусиянын борбордук ЖМКлары  бул окуядан кийин Запорожье АЭСине украиналык учкучсуз учактар тарабынан кол салуу тууралуу жаңылыктарды тарата баштаган. Оператор алгачкы билдирүүлөрдөн көп өтпөй “кол салуу” аймагында болуп калды. Анткени ал мындан кийин жардыруулар болбой турганын жакшы билет. Мындай ыкчамдуулук жана башка иш-аракеттери алдын-ала даярдалган провокациядан кабар берет. Кадрга станциянын фонунда учкучсуз учактардын бөлүктөрү жана күйүп кеткен чөп көрсөтүлгөн. Видео тартуу учурунда өрт байкалбайт.  Бул сууну муздатуучу фонтандарга жакын бош жер.

Окуяга күбө болгондордон түшкөн видеолордо станциянын имараттарынын арт жагында чыккан түтүндү байкоого болот. Фото сүрөттөрдө дарбаза сыртында “жардырылган аймактан” бир нече метр алыстыкта таштанды челектеринин жанында кандайдыр бир жыгачтар өрттөлгөнү көрүнүп турат. “Камикадзенин кол салууларынын кесепеттерин” өрт станциялары тезинен жок кылышты. Орусиялык ЖМКлар 3 дрондун кол салуусу катары  чагылдырып 4 жардыруунун сериясы катары беришти.

Эгерде чындап эле камикадзе-учкучсуз учактарынын кол салуусу болсо анда чөп өскөн талаа же таштанды челектерди атпайт эле. Негизи АЭСти дрон менен аткылоо – акылсыздык. Ядердик реактордун үстүндөгү курулуш авиация бомбасына да туруштук берет. Учкучсуз учактардын аткылоосу ал курулушка чиркейдин чакканындай эле из калтырат.  Эң негизгиси “Эмне үчүн?” деген суроо туулат. Украинанын АЭСинин ядердик реакторлору – Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскердик максаты эмес, ал жактан украиналык аскерлерге кол салуу болгон жок жана аларды талкалоо менен оккупанттарды жок кыла албайт. Пропагандачылардын реакторлорго болгон кол салуу жөнүндө алгачкы версиясы бир күн ичинде фонтандарга кол салуу менен алмашты.

Мындан тышкары пропагандачылар кол салуунун максаты Никополь шаарын аткылап жаткан “Градды” жана аскерлерди жок кылуу деген ойго түртүүгө аракет кылышты. Ошентсе да видео жана фото сүрөттөрдө бир дагы талкаланган техника, ракеталарды детондоого мүнөздүү жардыруулардын изи жок.  Демек атып түшүрүлгөн учкучсуз учак бир гана шылтоо болуп калды.

Провокациянын максаты энергия блокторунун ИЧИНДЕГИ аскер техника жана ок-дарылардын жашырылышын негиздөө.

2022-жылдын 18-июлунда орусиялык баскынчылар станциянын эки жумушчусунун кирүү кагаздарын күч менен тартып алып ЗАЭСтин №2 блогундагы радиациялык зонасына жана “кир”  эстакадасына техникага жашыруучу жай кароо үчүн коргонуу каражаттары жок эле кирип барышкан.

19-июлда оккупанттардын бир бөлүгү жана алынып келген орусиялык адис-байкоочулар станциянын Окуу-машыгуу борборунун жер төлөөсүндө жашырынуучу жай жасоону чечишкен.  Бул борборду орусиялыктар 4-мартта станцияны басып алуу учурунда аткылашкан болчу.  Ал эми 16-мартта анын жанында ок-дарыларды  жардырткан (диверсиялык кол салууну чагылдыруу үчүн).

20-июлда “камикадзенин кол салуусунан” кийин баскынчылар станциянын жетекчилигинен өздөрүнүн аскер арсеналын жайгаштыруу үчүн ЗАЭСтин 1-,2-,3-энергия блокторундагы машина залдарын ачууну  талап кылышкан.  Станциянын жумушчуларынын эрдигин белгилей кетүү керек, анткени өздөрү барымтада туруп ушул күнгө чейин орусиялык террористтерди станциянын өзгөчө кооптуу зоналарына киргизбей келет.

Учурда Энергия атомдук агенттиктин орусиялык аскерлер ЗАЭСтин 1-энергия блогундагы машина залына кирип барганы жана ал жакка жардыргыч заттарды, куралдарды жана кем эле дегенде 14 оор аскер техникасын алып киргендиги тууралуу  кайрылуусу  пайда болду.

Ушундай жол менен алар атомдук объектини өз чебине айлантып жатканы белгилүү. Албетте, аларды станциядан эч ким чыгара албайт, бирок кеп башкада.

Киргизилген оор техниканын аскер комплекти учурда турбогенератордун ишин камсыздаган шаймандын жанында жайгашкан. Буу турбинаны муздатуучу тез тутануучу май куюлган негизги май чөйчөгүнө да жакын.    Ошол эле жерде генераторду муздатууга колдонулуучу жарылуучу суутек да бар”, – деп кайрылууда  белгиленген.

Ошондой эле баскынчылар №1 энергия блогунун машинасына адистештирилген өрт өчүрүүчү жана башка машиналар  кире албай тургандай кылып тоскоолдуктарды коюп алышкан. Мындан улам өрт тобокелдиги өсөт жана аны өчүрүү кыйынчылык жаратаары шексиз. Эгерде өрт чыга турган болсо, мисалы аскер комплектинин капыстан детондошуусунан улам, анда анын масштабы Чернобыль АЭСтеги аварияга барабар болушу ыктымал!

МАГАТЭ эмнеге кабатырланууда? Генсектин бүгүнкү кайрылуусунда орусиялыктардын энергия блогундагы машина залына аскер техникасын жана ок-дарыларды алып кирүүсү террористтик коркунуч тобокелин жогорулатканы тууралуу айтылган жок.

Орусия муну менен Украинанын куралдуу күчтөрүнөн коргонуу гана эмес мындан да чоң масштабдагы долбоорду ишке ашыра алат. Станциядагы жумушчуларды уурдоо, өлтүрүү, террорчулук, өндүрүш жана коопсуздук процесстерин үзгүлтүккө учуратуу менен станцияны башкарууга мүмкүн болбогон абалга кептеп бүт дүйнөгө жар салууга жеткирүү ниети турушу мүмкүн.  Ошондо МАГАТЭ Европаны ири атомдук станция тараптан ядердик коркунучтан сактоо үчүн “бирөөгө” кайрылат. Ошентип Орусиядан “куткаруучу” жардамга келет.