(Кыргыз) Сауд Арабиясынан келген курмаларда вирус барбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Сауд Арабиясынан алынып келген курмаларда “Корро” вирусу бар экени тууралуу маалымат социалдык тармактарда жайылды. Анда бул мезгилде дарактарда “Корро” вирусун алып жүрүүчү жарганаттар көп экени, андыктан курманы жегенге чейин жакшылап жууш керек экендиги айтылат.  

Factcheck.kg бул маалыматтын чын-бышыгын текшерди. 

“Корро” деген вирус барбы?

Вирустун мындай түрү жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында жарганаттар алып жүргөн “Нипах” вирусу бар жана ал жарганат, чочко сыяктуу жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн.

Бангладеште жана Индияда бул илдеттин очогу катталган. Инфекциянын эң ыктымалдуу булагы оорулуу эт жегич жарганаттардын заарасы же шилекейи менен булганган мөмө же мөмө-жемиш азыктарын (мисалы, жаңы курма ширеси) керектөө болгон.

Сауд Арабиясы 2013-жылы MERS-CoV вирусу чыккан учурларды билдирди. Окумуштуулар Жакынкы Чыгыш жарганаттары вирустун алып жүрүүчүлөрү деп ойлошкон. Алар өздөрү үчүн коркунучтуу эмес, бирок адамдар үчүн коркунучтуу болуп калышы мүмкүн болгон вирустарды алып жүрүшөт. Вирус жарганаттардан адамдарга кантип жугары белгисиз. Бирок булганган тамактарды жеп же жарганаттар тиштеп, ооруп калган эчкилер же төөлөр сыяктуу ортомчу жаныбарлар менен байланышта болушу мүмкүн.

Кыргызстанга Сауд Арабиядан курма келеби?

Араб өлкөлөрү бүткүл дүйнөлүк рыноктун дээрлик жарымын ээлеп турат. Алардын арасында Египет, Ирак, Сауд Арабиясы бар. Кыргызстан бул өлкөдөн жалпы суммасы 50,4 миң долларлык товар алса, биздин өлкөнүн импортунун жалпы көлөмү 5,5 миллиард долларды түзөт, башкача айтканда, Сауд Арабиясынан келген товарлар биздин өлкөдөгү рыноктун өтө аз үлүшүн – 0,000905% түзөт.

Кыргызстанга Сауд Арабиясынан дары-дармек, килем, шейшеп, курма келет.

Жыйынтык. Жалган. “Корро” аттуу вирус жок.