(Кыргыз) Фото-чек: Украин качкындарын мурунку улутчул концлагерде жашоого ким чакырып жатат?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык түйүндөрдүн жана орус Ura.news, “Комсомольская правда”“Экономика сегодня” аттуу онлайн-басылмаларынын колдонуучулары украин качкындарына Германиядагы мурунку концлагерлерге жашоого чакыруу түшүп жаткандыгын жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык Берлин шаарынан 35 км алыстыкта жайгашкан Заксенхаузен мемориалдык комплекси Instagramдагы аккаунту аркылуу украин качкындарына кайрылуу жасаптыр. Мында уюм украиналыктарды мурунку концлагердин аймагында жайгашкан отелге келгиле деп чакырык жасап “Үйгө куш келиңиздер” деп жазылган сүрөттү жайгаштырган.

Көрүнүп тургандай, сүрөттө концлагердин турак-жайлары (барактар) украин өңүндөгү баннерлер менен кооздолуп немис тилинде “Үйгө куш келиңиздер” (Willkommen zu Hause) деген жазуу турат.

Мындай өңүттөгү билдирүүлөр айрыкча Кремлдин жактоочулары тарабынан Telegram-каналдарда, ошондой эле  Twitterде орус, немис, италиялык жана поляктардын тилинде жайылтылууда.

Заксенхаузен мемориалы чындап эле украиналыктарга ушундай чакырык таштап жатабы?  Текшеребиз.

Заксенхаузен мемориалынын өкүлдөрү Twitter аркылуу бул маалыматты “фейк” деп атап, мындай кадамга баргандарды сотко берүүгө даярданып жаткандарын билдиришти.

Euronews журналисттери фотосүрөттөрдү  Invid (видео жана сүрөттөрдү текшерүү кызматын көрсөтүүчү ресурс) аркылуу текшерүүгө алып, сүрөттөр чындап эле жасалма экендигин аныкташты. Тактап айтканда “Үйгө куш келиңиздер” деген жазуу даяр сүрөткө атайын чапталгандыгы көрүнүп турат.

Бул фотосүрөт качан тартылган?

Niederrhein Nachrichten басылмасынын журналисттери Google кызматы аркылуу издөө салып фотосүрөттүн оригиналын таап чыгышты. Ал Интернетте алгачкы жолу орус-украин согушуна чейин, тактап айтканда 2019-жылдын 8 мартында саякат тууралуу атайын онлайн-блогдо жарыяланган. Оригинал сүрөттө дал ушул турак-жайларды (барактар) көрүүгө болот, бирок анда “Үйгө куш келиңиздер” деген жазуусу бар украиналык желектер жок.

Демек соцтүйүндөрдө таратылып жаткан фотосүрөттөр жасалма.

Бүтүм: Фейк. Мурунку улутчул концлагерлерге жашоого украин качкындарын эч ким чакырган жок жана бул маалымат толугу менен жалган.  

Эскертүү: Макалада the Cube  (Euronews) жана Niederrhein Nachrichten аттуу фактчек басылмаларынын материалдары колдонулган.