(Кыргыз) Украиналык саясатчы орусиялык учак тууралуу билдирүүсүндө фейк сүрөт колдонгон. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Белгилүү украиналык саясатчы, радикалдык партиянын лидери Олег Ляшко 22-мартта Facebook социалдык тармагында Мариуполдо орусиялык учак жок кылынганын билдирди. Саясатчы постуна күйүп жаткан учактын сүрөтүн тиркеген. Билдирүү чоң резонанс жараткан, ал эми айрым колдонуучулар сүрөттүн аныктыгынан шек санашкан. Белгилей кетсек, автор сүрөт иллюстративдик экенин жазган эмес.

Factcheck.kg күйүп жаткан учактын сүрөтүнүн алгачкы булагын текшерип көрдү.

Издөө системасынын жардамы менен сүрөт алгачкы жолу 2015-жылы интернет желесине чыкканын аныктадык.

Андан соң бул сүрөт ар кайсы сайттарда бир нече ирет колдонулган. Мисалы, 10-мартта украиналык  “Українські Новини” маалымат агенттиги бул сүрөттү “Украинанын куралдуу күчтөрү душмандын дагы бир Су-25 учагын талкалады” аталыштагы жаңылыгында колдонгон.

Ал эми 2020-жылы жогорудагы сүрөт “Диалог.ua” басылмасынын макаласында колдонулган, бирок анда Су-25 эмес, Су-34 учагы тууралуу кеп болгон.

2019-жылы Howto-news.info сайты бул сүрөттү Россиянын аймагында учкан америкалык самолет тууралуу жаңылыгында  колдонулган.

Мындан тышкары, белгилүү сүрөт Азербайжандын аскер-аба күчтөрүнүн Карабахтагы жоготуулары тууралуу материалында да илюстративдик сүрөт катары колдонулган. 

Жыйынтык: чындык. Украиналык саясатчы билдирүүсүндө дүйнөлүк желеге 7 жыл мурун  жарыяланган сүрөттү колдонгон.