(Кыргыз) БДССУнун башчысы маймыл чечегинине байланыштуу өзгөчө кырдаал түзүлдү деп билдирди

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кечээ, 23-июлда, маалыматтык сайттарда маймыл чечегине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды деген жаңылыктар тарады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус төмөнкү сөздөрдү айткан дешет: “Менин пикиримде, баардык жерде орун алган маймыл чечеги – бул эл аралык маанидеги, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал”.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Чынында эле, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитет кайра чогулган болчу. Ал маймыл чечегине байланыштуу кырдаалга баа бермек. Биринчи жыйынынан айырмаланып бул жолу комитет бир пикирге келе албады. Буга байланыштуу БДССУнун жетекчиси өзү бүтүм чыгарууга аргасыз болгон. Анын пикиринде, тез тарап жаткан маймыл чечегине байланыштуу өзгөчө кырдаал түзүлдү.

Тедрос Гебрейесус бул оору БДССУ жакшы билбеген жолдор менен дүйнө жүзүндө өтө тездик менен тарап жатканын моюнга алды.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитет маймыл чечегине байланыштуу биринчи жолу 23-июнда чогулган болчу. Анда комитет бул оорунун таралышы эл аралык маанидеги коомдук саламатык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал эмес деген бир пикирге келген.

Ал кезде БДССУ 47 өлкөдө маймыл чечегин жуктуруп алган 3040 учурду каттаган. Бир айдан соң 75 өлкөдө 17 миңден ашык учур катталып, 5 адам оорудан набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин 23-июлдагы ишинин жыйынтыгында, өлкөлөрдүн төрт категориясы аныкталып, БДССУнун убактылуу кеңештери сунушталган. Алар:

  1. Маймыл чечеги катталбаган, же бул ооруну жуктуруп алуу тууралуу акыркы маалымат 21 күндөн мурда катталган өлкөлөр;
  2. Маймыл чечегинин адамдан адамга жуккандыгы жакынкы учурда катталган өлкөлөр. Бул өлкөлөргө жугуштуу орунун таралышына бөгөт коюу жана аялуу топторду коргоо боюнча өз ара сүйлөшүлгөн чараларды көрүү, эпидкөзөмөлдү жана коомдук саламаттык сактоо чараларын күчөтүү, оорунун алдын алуу иштерин жүргүзүү, ооруканаларда жугуштуу ооруларды көзөмөлгө алуу, вакциналарды, терапиялык жана башка дагы дарыларды колдонуу боюнча изилдөөлөрдү тездетүү жана эл аралык саякаттоо боюнча кеңештер сунушталат.
  3. Маймыл чечегинин жаныбардан адамга жуккандыгы катталган өлкөлөр.
  4. Вакциналарды жана терапиялык дарыларды диагностика кылганга өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөлөр.

Тыянак: чындык. Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитет экинчи жыйынында бир пикирге келе албагандыктан, БДССУнун жетекчиси өзүнүн чечими менен маймыл чечегине байланыштуу өзгөчө кырдаалды жарыялаган.