(Кыргыз) “Үйдөн добуш берүүгө” мажбурлоо? Украинанын оккупацияланган аймактарында референдум өткөрүү пландары жөнүндө эмне белгилүү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Учурда орус-украин конфликтинин талаасында чуу болгон жаңылык – бул Орусия басып алган аймактарды курамына кошуу боюнча жарандарды атып өлтүрөбүз деп коркутуу жолу менен “үйдөн добуш берүү” аркылуу референдум өткөрүү.

Референдум өткөрүү ниети тууралуу мындай жаңылыктар ушул жылдын апрель айынан тарта байма-бай чыгып жатат. Ошентсе да бул пландары ишке ашырылган жок. Бирок акыркы жети күндүк “үйдөн добуш берүү” маалыматы резонанс жаратууда. Украинанын ЖМКлары аны Согушту изилдөө боюнча америкалык институттун (ISW) докладына шилтеме жасап чыгарып жатат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:

ISWнин сайтында чындап эле “Орусиянын чабуул кампаниясын баалоо, 7-август” аталышындагы доклад жарык көргөн.  Анын биринчи пунктунда “Орусиянын баскынчы бийликтери оккупацияланган украин аймагын аннексиялап алуу боюнча легитимсиз псевдореферендумдарга даярданууну тездетиши мүмкүн”, деп жазылган.

Бул билдирүү украин мэри Иван Федоровго (Запорожье облусундагы Мелитополь шаары) таандык. Анын айтымында буга чейин оккупацияланган бийликтер добуш берүү үчүн бир күндү пландашкан, бирок азыр жети күндүк “үйдөн добуш берүү” тууралуу сөз жүрүүдө. Жети күн ичинде куралданган орусиялык аскерлер Мелитополь жашоочуларын үймө-үй кыдырып “сурамжылоо” жүргүзүшөт экен.  Федоров Мелитополь шаарында калган жашоочулардын 10 пайызы гана орус оккупациясын колдоорун, калгандары “аннексия үчүн добуш бербесе орус аскерлери атып салабыз деп коркутаарын” эскертти.

Отчетто, ошондой эле жеке добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу жана үймө-үй сурамжылоого өтүү менен Орусиянын оккупациялык бийлиги Украинанын жарандарын түздөн-түз коркутуу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жаткандыгы белгиленет. Бул аракеттерде добуш берүүнүн жыйынтыктарын Кремлдин каалаган натыйжасына ылайыкташтыруунун кажети жок, бирок шайлоонун жүрүшүн көз карандысыз көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн болбогудай абалга алып келээри шексиз.

Орусиялык ТАСС (мамлекеттик ЖМК) өз кезегинде Крым Федерация кеңешинин мүчөсү Ольга Ковитиди Мелитополь шаарынын жана Мелитополь районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Андрей Жидков менен жолугуп,  Орусиянын курамына кирүү маселеси боюнча Запорожье облусунда референдум өткөрүүнү талкуулашкан. Бирок  “үйдөн добуш берүү” жөнүндө эч кандай маалымат жок, ал эми “аргасыз качкындар” Херсон жана Запорожье облустарынын жашоочулары үчүн “онлайн добуш берүү” мүмкүнчүлүгү каралгандыгын 5-августта жарыяланган жаңылыктардан билүүгө болот.

Бүтүм:  Пландаштырылган референдумда “үйдөн добуш берүү” жөнүндө маалыматка далил жок. ISW  Украинанын Запорожье облусундагы Мелитополь шаарынын мэри Иван Федоровдун сөздөрүнө гана таянууда.  Factcheck.kg бул окуянын өнүгүшүнө көз салууда.