(Кыргыз) Орусиянын жарандарына TOEFL англис тил экзаменин тапшырууга тыюу салындыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Орусиялыктарга эл аралык TOEFL англис тил экзаменин тапшырууга  тыюу салынгандыгы тууралуу маалымат  Telegram-каналдарында пайда болду. Мындан тышкары тесттердин жыйынтыктарын ЖОЖдорго жиберүүгө чектөө киргизилген. Бегилүү болгондой, TOEFL чет элдик жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн керек.  

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү:

Чындап эле эл аралык TOEFL экзаменин уюштурган ETS уюму орусиялык паспорт менен каттоону жана жыйынтыктарын ЖОЖдорго жиберүүнү токтоткон. ETS мындай чектөөлөрдү Орусиянын жарандары жана алардын резиденттерине киргизди.

Муну алгачкылардан болуп “Медиазона” басылмасынын окурманы байкаган. Ал TOEFL сайтындагы жеке кабинетинде төмөнкү мазмундагы эскертүүнү көргөн: «Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) талаптарына ылайык  TOEFL өнүмдөрүнө жана кызматтарына сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүз чектелүү” (In order to comply with the Office of Foreign Assets Control (OFAC) requirements, our access to TOEFL products and services is limited).

«Медиазона» жазып чыккандай, ETS окурмандын катына жооп катары АКШнын каржы министрлигинин талаптары боюнча КЭДР менен Орусия жарандарына жана резиденттерине экзамендерге жазылууга, ошондой эле катталууга тыюу салынгандыгын билдирген. Бирок каржы министрлигинин бул талаптары боюнча так маалымат жок.

Deutsche Welle уюмунун журналисти бул туурасында өзүнүн Twitter баракчасына мындай деп жазып чыкты : «Эгерде башка даректи көрсөтсөң болот экен, бирок андан ары жарандыкты жаза турган жерине “Орусия” десең каттоо токтойт”.

Белгилей кетсек, ETS март айында Орусия Украинага басып кирген кезде Орусия жана Беларусь өлкөкөрүндө TOEFL экзаменин белгисиз мөөнөткө токтоткон болчу.

Ушул эле учурда англис тилин билүү деңгээлин текшерүүчү эл аралык IELTS системасы да Орусиянын аймагында экзамендерди албай калган.  Тест тапшырууну пландагандар үчүн эскертүүдө себеби Украинадагы согуштун кесепетинен «тышкы саясий абалдын курчушуна байланыштуу» деп жазылган. Эскерте кетсек, согуш башталгандан кийин марттын башында Орусияда  Coursera жана Pearson аттуу билим берүү долбоорлору өз ишин токтоткон.

Жыйынтык: чындык.  TOEFL экзамендерин уюштуруучу ETS уюму орусиялык паспорт менен тесттен өтүү үчүн системада катталууну жана жыйынтыктарын ЖОЖдорго жиберүүгө тыюу салган. ETS мындай чектөөлөрдү Орусиянын жарандары жана резиденттери үчүн киргизди.