(Кыргыз) Чуулгандуу “Манас ата” кафеси алгач турак-жай катары курулмак

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

28-июнда “Не сахар” You-Tube каналы Ош шаарындагы “Манас ата” кафеси тууралуу репортаж чыгарды. Сюжетте кафенин администрациясы тартуучу топту милициянын коштоосунда дагы ашканага киргизүүдөн баш тартты.

Алгач журналисттер ашканадагы кир текчелерди тартып алган, андан соң кафенин кызматкерлери аларды эшикке чыгарып, тартууга тоскоол кылышты. Тартуучу топ милиция кызматкерлерине жардам менен кайрылган, бирок мекеменин администраторлору журналисттерди ашканага киргизбей коюшту.

Эске салсак, “Журналисттин ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесине ылайык, журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын козгогон маалыматка жетүүсүн чектөөгө болбойт. Социалдык тармактардын колдонуучулары кафе ээсине бийлик тараптан колдоо көрсөтүлөрүн болжошту.

Factcheck.kg “Манас Ата” кафесинин ээси тууралуу маалыматты текшерди.

2GIS маалыматына ылайык, “Манас ата” Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан.

Кадастр кызматы бул дарек боюнча кыймылсыз мүлк  Юлдаш Халмирзаевдин наамында экенин маалымдайт.

Халмирзаев тууралуу маалыматты ачык булактардан таба алган жокпуз. Кафенин администратору менен байланышканыбызда ал ашкана 50 эмес, 52-номер боюнча катталганын  билдирген. Бул даректеги кыймылсыз мүлк Юлдашбай Нематовго таандык.

Ачык булактарда Нематов Ош шаарынын №7 шайлоо округунда добуш бергени тууралуу гана маалымат таба алдык.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында Экономика жана соода министрлиги ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берип, “Манас-Ата” кафесинде ветеринардык коопсуздук жогору экенин билдирген.

Мындан тышкары, Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматы боюнча, кыймылсыз мүлктү курууда алгач коммерциялык эмес, турак жай курууга уруксат берилген.

Жыйынтык: “Манас Ата” кафеси ишкер Юлдашбай Нематовго таандык. Кафенин аймагы жолду көздөй 7 метр чыгып кеткен жана документтерге ылайык, кафе турган жерде турак-жай курууга гана уруксат берилген.

Материал Ош ТВ редакциясы менен бирге даярдалды.