(Кыргыз) Бизди кантип алдашат: жалган маалыматтардын түрлөрү жана алар менен күрөшүүнүн жолдору

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Жалган маалыматтар коомдук талкууларга, бийликке жана маалымат булактарына болгон ишенимге таасир этип, дүйнө жүзүндө чоң маселеге айланды. Борбор Азия дагы четте калган жок. Бул материалда жалган маалыматтардын бардык түрлөрүн караштырып, жалган маалыматтар менен күрөшүүдө бул чөлкөмдөгү өлкөлөр башынан кечирип жаткан маселелерге токтолобуз.

Жалган маалымат (дезинформация) – бул адамды адаштырыш үчүн жалган же бурмаланган маалыматты таркатуу. Ал коомдук тармактар, жаңылык сайттары жана башка онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Борбор Азияда дагы саясий шайлоолорго, этникалык араздашууга жана коомдук пикирге таасир эткен жалган маалыматтардын санынын өсүшү байкалууда. 

Аныктоонун татаалдыгы

Жалган маалыматты аныктоонун татаалдыгынын бир себеби бул чөлкөмдө жашаган калктын ар башка тилде сүйлөгөнүнө байланыштуу. Аймактагы талкуулар ар башка тилдерде жүргүзүлүп келет. Мындайда жалган маалыматты аныктоо жана аны төгүндөө кыйла татаал иш.

Экинчи маанилүү себеп – медиасабаттуулуктун төмөндүгү. Элдин калың катмары сынчыл ой жүгүртүүнү билбейт, жалган маалыматты “кара ниет ойдо эмес”, билбестиктен, сабатсыздыктан таркатышат. 

Жалган маалыматтардын жана көз жазгыруунун (адамды адаштыруунун) түрлөрү

Жалган маалыматтын формалары жана түрлөрү көп. Төмөндө алардын негизгилери келтирилет: 

Саясий ретроспективдүү талдоо – тарыхтагы фактыларга жана окуяларга башка өңүттөн кароо. Эмоционалдүү тил колдонулушу мүмкүн, айрым аспектилерге басым кылынып, “ыңгайсыз” фактылар көз жаздымда калтырылат.

Жалган жаңылыктар (Fake News) – актуалдуу жаңылык түрүндө атайылап таркатылган жалган маалымат. Жалган жаңылыктар көп учурда коомдук пикирге таасир этип, аны адаштырат, бурмалайт, жаманатты кылыш үчүн колдонулат. 

Кликбейт аталыштар – колдонуучуларды сайтка тартуу максатында жасалат, көп учурда анда калп маалыматтар келтирилип, макаланын мазмунуна дал келбейт.  

Фактылар менен ойноп, көз жазгыруу (манипуляция) – окуяларды кайсы бир көздөгөн максатка ылайыктап, тууралап көрсөтүү үчүн фактыларды бурмалап же тандап көрсөтүү. Ал цитатаны бурмалоо, толук эмес маалыматты колдонуу же фактылардын мааниси өзгөргөндөй өңүттөн көрсөтүү түрүндө болушу мүмкүн. 

Саясий пропаганда – коомдук талкууларга катышуу жана коомдук пикирге таасир этүү максатында кайсы бир көз караштагы маалыматтарды системдүү түрдө таркатуу.

Троллинг жана боттор. Троллинг – жаңжалды жаратуу максатында адамды өзүнөн чыгарган чагымчыл же аны кемсинткен пикирлерди жана билдирүүлөрдү таркатуу. Боттор – бул жалган маалыматтарды таркатуу жана керектүү пикирлерди жаратуу максатында колдонулган эркин аккаунттар. 

Компьютердик чабуулдар жана хакерлик – компьютердик тутумдарды, коомдук тармактарды же веб-сайттарды талкалоо жолу менен жалган маалыматтар жаратылышы мүмкүн. Хакерлер жалган маалыматтарды тарката алышат, маалыматтарды өзгөртө алышат же өчүрө алышат же билдирүүлөр менен адаштыруу үчүн жалган аккаунттарды түзө алышат.

Тарыхты бурмалоо – бул кайсы бир саясий же идеологиялык кызыкчылыкты бышыктоо максатында конкреттүү окуяларды, фактыларды же контекстти өзгөрткөн же бурмалаган жалган маалыматтар. Бул жалган маалыматтын максаты тарыхты кайра жазып чыгуу же кайсы бир элди жаманатты кылуу болушу мүмкүн. 

Шайлоолор менен көз жагыруу – бул дагы жалган маалыматка тийиштүү, анткени шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо, шайлоочуларды коркутуу, добуштарды сатып алуу аркылуу шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүү аракети да коомдук пикирге таасирин тийгизет.

Жалган маалыматтар менен күрөшүү жолдору

Жалган маалыматтар менен күрөшүү ар бир адамдан жана жалпысынан коомдон белгилүү бир аракетти талап кылат. Бул материалда жалган маалыматка каршы туруунун негизги жолдорун келтиребиз:

  • Билим жана маалыматтык сабаттуулук – элдин сабаттуулугун жогорулатуу жана адистерди сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүү. Көз жазгыруунун жана жалган маалыматтарды таркатуунун негизги ыкмаларын билиш үчүн көз жазгыргандарын аракеттерин талдоо керек. 
  • Сынчыл ой жүгүртүү – сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөнгөн адам маалыматты талдаганды, бир тарапка тартууну же жалган маалыматты аныктаганды, фактылар менен маалымат булактарын текшергенди билет. ЖМКлардын жаңылыктары, билдирүүлөрү менен таанышып жатып анын мазмуну тууралуу өзүңөргө суроо берип тургула, бул өзгөчө автордун пикири сиздин пикириңиз менен дал келген учурда маанилүү.
  • Фактыларды жана маалымат булактарды текшерүү – ишенимдүү маалымат булактарын колдонгула, маалыматты бир нече бири бирине тиешеси жок платформалардан же сайттардан текшергиле. Башка ЖМК ушуга окшош жаңылыкты жазганбы, текшергиле.  
  • Көз карандысыз журналисттерге колдоо көрсөтүү – жалган маалыматты таркатуунун жана көз жагыруунун ыктымалдуулугун азайтат. 
  • Тамаша жаңылык – Panorama же “Интерсакс” сыяктуу сатиралык жаңылыктардын сайттары эл арасында популярдуу, бирок жаңылык тамашабы же тамаша эмеспи аны аныктоо дайыма эле оңой боло бербейт. Веб-сайттын бир нече жаңылыгын окуп чыгып, ал кандай маанайдагы жаңылыктарды жазаарына көңүл бургула. 

Фейк жаңылыктар ага ишенгендер чыгып, аны өз барагында жарыялап, жакындары жана туугандары менен бөлүшкөндүгүнө байланыштуу кеңири таркатыларын эстен чыгарбагыла. Ошентип алар фейк жаңылыктардын таркатылышына жардам беришет. Эгер макаланын аныктыгын билбесеңиз, аны менен бөлүшөөрдүн алдында бир аз ойлонгонуңуз туура болот.