(Кыргыз) Пропаганда адамдын ой жүгүртүүсүнө кандай таасир этет жана аны менен күрөшүүгө болобу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Маалыматтык булактар жайнаган азыркы маалыматтык коомдо пропаганда маселеси уламдан улам актуалдуу болуп баратат. Пропаганда массага таасир этүүнүн кубаттуу куралы катары окуяларды, пикирлерди жана баалуулуктарды кабыл алууну калыптандырат, коомдук пикирге жана чечимге таасир этет.

Factcheck.kg редакциясы пропаганда кантип иштей тургандыгын жана аны менен күрөшүүнүн кандай жолдору бар экенин аныктап чыкты.

Пропаганда деген эмне?

Ар башка булактар “пропаганда” деген түшүнүктү ар башкача чечмелейт. Мисалы, америкалык журналист, публицист Клойд Миллер пропаганда – бул пропагандист атайын ишендирүү ыкмаларын колдонуп, адам шашпай ойлонгонго чейин андан пропагандист каалаган жоопту алуу процесси дейт.

Хьюстон университетинин изилдөөчүлөрүнүн пикиринде, пропаганда – бул атайын жана такай түрдө жүргүзүлгөн аракеттин негизинде адамдын көз карашын калыптандыруу жана анын жүрүш-турушун өзгөртүү аркылуу пропагандист каалаган жоопко жетүүнүн коммуникация формасы.

Француз ойчулу Жак Иллулдун айтымында, пропаганда – уюшкан топ тарабынан колдонулган ыкмалардын жыйындысы. Бул топ психологиялык көз жазгыруу жолу менен психологиялык жактан бириккен жана уюмга киргизилген адамдардын массасы топ уюштурган аракеттерге активдүү же пассивдүү катышуусун камсыз кылууну көздөйт.

Пропаганданын дагы толтура түшүндүрмөсү бар, бирок алардын бардыгында пропагандага төмөнкү нерселер мүнөздүү экени айтылат: көз жазгыруучулук, атайын кылынган иш, системалуу түрдө такай жүргүзүлгөн иш, адамдын жүрүш-турушун өзгөртүү.

Пропаганда кантип иштейт?

Пропаганданын эки түрү бар: конструктивдүү жана деструктивдүү. Конструктивдүү пропаганда тарбия берүү процессинде колдонулат, ал оң маанайдагы шыктандыруучу болуп, туура баалуулуктарга үйрөтөт, ал эми деструктивдүү пропаганда коомдо чыр-чатактарды жаратат, адамдагы терс ойлорду жана жек көрүү сезимдерди курчутат.

Пропаганданын экинчи түрү мындай иштейт. Маселен, өлкөдө өз бийлигин бекемдеп, элдин колдоосуна жеткиси келген авторитардык режим бар дейли. Мындайда пропаганданын максаты – режим жана анын жетекчилери тууралуу оң образды жаратуу жана ага карата сынды жана оппозицияны басуу болот. Көп учурда төмөнкү ыкмалар колдонулат:

Лидерди баатыр кылып көрсөтүү. Лидерге байланыштуу окуяларды жана анын жетишкендиктерин көкөлөтүп мактап, аны күчтүү, акылдуу, өз ишин мыкты билген лидер катары көрсөтүү.

Чындыкты бурмалоо. Режим учурдагы маселелерге жана кемчиликтерге карабай эл бакубатчылыкта жашап жатат, режимдин башкаруусу жакшы жетишкендиктерге алып келип жатат деп көрсөтүш үчүн окуяларды же статистиканы атайын бурмалашы мүмкүн.

Душмандарды жаратуу. Элди режимдин айланасында бириктирүү үчүн пропаганда өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч жараткан имиш сырткы же ички душманды жаратышы мүмкүн. Бул ички маселелерден элди алаксытып, биримдик жана патриоттук сезимдерди жаратат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөө. Автоаритардык режим башка көз караштарды жана бийликке карата сынды басыш үчүн сөз эркиндигин чектеп, элге берилүүчү маалыматты көзөмөлдөшү мүмкүн.

Сезимдер менен көз жазгыруу. Пропаганда адамдардын пикирлерине жана жүрүш-турушуна таасир этип, режимди колдоп чыгышына мажбурлоо максатында коркуу, ачуулануу же мекенчилдик сыяктуу сезимдерди колдонушу мүмкүн.

Жогоруда авторитардык режим колдонушу мүмкүн айрым гана пропагандалык ыкмалар келтирилди. Пропаганданын ыкмалары өтө бай жана алар коомдук жашоонун ар түрдүү жактарына таасир этүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Пропаганданын таасири

Оксфорд университети пропаганда студенттерге кандай таасир этерин жана фактыларды жана логикалык далилдерди колдонуп аларды пропаганданын таасиринен чыгарса болобу деген суроого жооп издеп атайын изилдөө жүргүзгөн.

Эксперименттин катышуучулары 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон теракт боюнча кутум теориянын жактоочулары болгон. Алардын пикиринде, терактты америка өкмөтү жана атайын кызматтары уюштурган. 2006-жылы бул теорияны америкалыктардын 36% колдогон болчу. Бул теориянын жактоочуларынын бири Дилан Эйвери “Loose Change” деген пропагандалык тасманы жаратып, тасма заматта чоң популярдуулукка ээ болгон.

Изилдөөчүлөр үч жүздөн ашык катышуучуларды үч топко бөлүштүрүшкөн. Биринчи топко “Loose Change” тасмасын көргөзүшкөн, экинчи топко тасмада айтылгандарга каршы келген фактыларды, ал эми үчүнчү топко логикалык аргументтерди беришкен.

Жыйынтыгында биринчи топто кутум теориясын колдогондордун саны 37%дан 50%га чейин өскөн. Экинчи топто кутум теориясын колдогондордун үлүшү 25%га чейин азайган, ал эми үчүнчү топто 31%га чейин. Бул фактыларды колдонуу логикалык аргументтерге караганда жакшыраак натыйжа берерин көрсөттү. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, адамга аргументтердин логикага туура келгенин аныктаганга караганда фактынын чындыкка жакындыгын баалоо жеңилирээк.

Пропаганда менен кантип күрөшүү керек?

Адамдар адатынча алардын көз карашына туура келген, а демек аны бекемдеген маалыматтарды издегенге көбүрөөк ыктайт. Демек алар саясий пропаганданы төгүндөгөн “фактчекерлерге” жана башка булактарга анчалык көп ишене бербеши мүмкүн. Жогоруда келтирилген фактылар жана логикалык аргументтер да көп убакытты алып коет, ал эми саясий пропаганданы аныктоо боюнча алгоритмдерди колдонуу сөз эркиндигинин абалынын начарлашына алып келет.

Ошондуктан, мындайда эң туура кадам – пропаганданын өсүп-өнүгүшүнө жана максатына жетишине шарт түзгөн чөйрөнүн факторлорун өзгөртүү болот.

Биринчи кезекте, сиздин интернеттеги кадамдарыңызга байкоо жүргүзбөгөн браузерди колдонуу керек. Бул маалыматтарды пропагандачылар өз кызыкчылыгында колдонушу ыктымал.

Экинчиден, иштеп (колдонуп) бүткөндөн кийин дароо Instagram, Х (Twitter), YouTube жана Facebook сыяктуу платформалардан чыгуу зарыл. (Эске салчу жагдай, сизди реакция кылууга мажбурлаш үчүн коомдук тармактар сизге ар түрдүү билдирмелерди жиберип турушу мүмкүн, ошондуктан мындай билдирүүлөрдү блокко салуу керек, же системадан толугу менен чыгуу керек).

Үчүнчүдөн, сайтты коомдук тармакттардагы сиздин аккаунтуңуз менен түз байланыштыра турган сайтта жайгаштырылган “Жагат” жана “Бөлүшүү” деген баскычтарды колдонуудан оолак болуңуз.

Төртүнчүдөн, маал-маалы менен издөөңүздөрдүн жана сиз кирген сайттардын тарыхын (браузерде) тазалап туруңуз, же сиздин аракеттериңизге байкоо жүргүзбөгөн DuckDuckGo издөө системасын колдонуңуз.