(Кыргыз) ЖМКлар казино ачууну кантип пропагандалаган?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандыктар казиного каршы бир нече ирет нааразычылык акциясын өткөргөнүнө карабай, 30-июнда президент Садыр Жапаров казино боюнча мыйзамга кол койду. Буга чейин Ош, Бишкек, Балыкчы шаарларында казино ачууга каршы митингдер жана социалдык тармактарда флешмобдор жүргөн.

Кумаркана мыйзамын демилгелеген бийлик өкүлдөрү кыргыз жарандары кумарканаларга кире албарын жана алар жалаң чет элдик жарандар үчүн иштерин убадалайт.

Factcheck.kg кыргызстандык ЖМКлар казино ачуу демилгесин кантип пропагандалаганына саресеп салды.

ЭлТР

Белгилей кетсек, кумарканалардын ишин кайрадан жандандыруу демилгеси Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан 2021-жылдын апрель айында эле көтөрүлгөн. Садыр Жапаров бул тууралуу оң пикирин билдирип, казынаны толтуруунун ыкмаларынын бири деп атаган. Ал бюджетти толтуруунун ар кандай жолун издеп атканын жана бул иш оңунан чыкпаса, пенсия, пособие жана маяналарды төлөп берүү кыйынга турарын белгилеген.

“Казинолорду коркпой иштетишибиз керек. Эгер алар убагында токтоп калбай, бүгүнкү күнгө чейин иштей бергенде, мамлекеттик казынага миллиарддар түшмөк”, деп билдирген ал. 

ЭлТРдин журналисттери Садыр Жапаровдон тышкары сюжетте эксперт Азизбек Кыдыков жана депутат Бактыбек Турусбековдон интервью алышкан. Респонденттер казино боюнча мыйзамга колдоо көрсөткөн пикир билдирген. Журналист өзүнүн пикирин дагы сюжетке камтыган:

“казинону кайра иштетүү туристтердин туруктуу келишин камсыз кылат, экономиканы өнүктүрүп, ар тараптуу гүлдөгөн, заманбап мамлекетке алып келет”.

Ал эми экинчи тараптын пикири материалда камтылган эмес.

Эске салсак, демилге былтыр депутаттардын көбүнөн колдоо таппагандыктан, ишке ашпай калган. Быйыл мыйзам долбоору сунушталган соң, казинону пропагандалоо кайрадан башталган –  ЭлТРдин YouTube-каналында кумарканаларды жактаган жалпы жонунан 14 сюжет таба алдык.

Sayasat.kg

Бийликтин демилгесин активдүү колдогон ЖМКлардын катарында Sayasat.kg сайты бар. Акыркы жумада аталган сайт казиного байланыштуу бир тараптуу 8 макала чыгарган.

30-июнда Артур Медетбековго шилтеме берүү менен “Мусулманчылыкты туу туткан өлкөлөр Сауд Арабия, Пакистан, Түркияда казинолор иштеп жатат” деген аталышта маалымат жарыяланган. Ушул эле күнү “Карма, ууруну карма, деп ууру жүрөт” деген аталышта макала жарыяланган. Ал казиного каршы чыккан ЖК депутаты Исхак Масалиев тууралуу болгон. Анда автор Шамурза Бөрүкулов депутат тууралуу “эл арасында казинодон чыкпаган кумарпоз экени жөнүндө уу-дуу сөздөр эбактан бери айтылып келатаны чындык”, деген. Бирок далил келтирген эмес.

Масалиевди каралаган Бөрүкуловдун дагы бир макаласы 24-июнда жарык көргөн. Текст толугу менен автордун пикири.

25-июнда сайт ЖК депутаты Медер Алиевдин пикирин жарыялаган. Маалымат “Медер Алиев: жыргаганыбыздан казинону мыйзамдаштырып атканыбыз жок. Экономикалык кыйынчылык ушуга жетеледи” деген баштема менен чыккан.

Sayasat.kg президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик Kabar.kg агенттигине берген маегинин үзүндүсүн дагы жарыялаган. Анда өлкө башчысы казино анын жеке кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы экенин билдирген.

Президенттин маегинин Адахан Мадумаров тууралуу айткан пикирин ЖМК дагы бир макала кылып, өзүнчө чыгарган. Анда Жапаров “Мадумаровго өлкөнүн экономикасы кыйрап калса дагы баары бир”, деп билдирген. Мадумаров тууралуу дагы бир макала 29-июнда жарык көргөн. Макалада “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидерин казино боюнча мыйзамга каршы болгонун башка депутаттар сынга алганы айтылат.

Мындан бир күн мурда Sayasat.kg “Эркин Эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго шилтеме берип, “казино иштеп, жумуш орундары түзүлсө, чет жактагы мекендештерибиз кайтып келип, балдары менен чогуу жашаганга мүмкүнчүлүк алышат” деген баштема менен маалымат чыгарган.

Белгилей кетсек, Sayasat.kg сайты президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркуловго катталган. Анаркулов 2021-жылдын башында өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалып, кызматынан бошотулган.

КТРК жана «Регион»

КТРК менен «Регион» телеканалы катардагы сюжеттерден тышкары теолог Эльмурата Кочкор уулунун казино боюнча 6 мүнөттүк пикирин эфирге чыгарган. Теолог “казино арам болсо, анда банк, мейманкана, арак завод, клуб, пляждар дагы ошондой эле арам” деген пикирин айткан.

 

Мындан тышкары, «Регион» YouTube-каналында казино боюнча мыйзамды кабыл алуу менен чет өлкөлүк онлайн казинолорду жабуу мүмкүнчүлүгү пайда болору тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин өзүнчө жарыялаган.

Ал эми башкы телеканал түз эфирде «Ой ордо» программасын бир тараптуу алып чыккан. “Ой ордого” катышкан 4 спикер жана алып баруучу баары биригип кумарканалардын ачылышын колдогон.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов кыргыз жарандары казиного киргизилберин, ал эми бул талапты аткарбаган кумарканалар жабылып, лицензиялары алынарын эфирде үч ирет баса белгилеген.

«Эркин Эл» саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков “казиного каршы чыккандар эмоцияга алдырбай, акылга сыярлык эсептөөлөрдү жүргүзүшү керектигин” эмоционалдуу белгилеген.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов кумарканалар иштеп баштаса, быйыл казына 2 млрд сомго толорун убадалаган. Мындан тышкары, мейманкана, ашкана, такси кызматтары өнүгөрүн айткан.

Программанын дагы бир катышуучусу, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов алгач кумарканаларга каршы болгонун, бирок кийин колдоп калганын айтты. Идинов өкмөттү, өкмөт башчысын жана жанында турган Мавлян Аскарбековдун ишин мактады.

Белгилей кетсек, алып баруучу казиного каршы чыккан депутаттар эфирге келбей койгонун баса белгиледи, бирок бир нече ирет нааразычылык акцияга катышкан жарандар, активисттер тууралуу үн каткан жок.

Ошентип, “Ой ордодо” экинчи тараптын пикири болгон жок.

Жыйынтык: аталган ЖМКлардын казинолорду пропагандалоосунда журналистиканын калыстык, объективдүүлүк принциптери бузулган жана тең салмактуулук сакталган эмес.

Мындан тышкары, ЖМКлар туруктуу кайталоо аттуу манипуляция ыкмасын колдонушкан.

Туруктуу кайталоо – идеяны таңуулоонун эң жогорку даражасы. Бул ыкмада бир эле идея туруктуу кайталанат. Жыйынтыгында аудитория идеяны талдабай, ага ишеним арта баштайт.   Булак – Коул, 1998, 210-312-беттер.