(Кыргыз) Камчыбек Ташиев: “Абылгазиев июнда себепсиз иш ордун таштап кеткен. Бул жоопкерчиликсиздик”
Манипуляция.
Ташиевдин айтымында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эл кырылып, тамак-ашка жетпей турган учурда иш ордун таштап кеткен.
Чынында анын кызматтан кетишине радио жыштыктарды “Билайн” компаниясына арзан баада сатууга байланышкан ызы-чуу себеп болгон. Экс-премьер-министр алгач териштирүү иштерине байланыштуу өргүүгө чыккан. Андан көп өтпөй, тагыраагы 15-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
Ал эми коронавирустан эң көп өлүм катталган мезгил июнь айынын аягында башталган. 30-июндан тарта Кыргызстанда пандемиянын эң катаал мезгили башталган.