Камчыбек Ташиев: “Абылгазиев июнда себепсиз иш ордун таштап кеткен. Бул жоопкерчиликсиздик”

Манипуляция.

Ташиевдин айтымында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эл кырылып, тамак-ашка жетпей турган учурда иш ордун таштап кеткен.

Чынында анын кызматтан кетишине радио жыштыктарды “Билайн” компаниясына арзан баада сатууга байланышкан ызы-чуу себеп болгон.  Экс-премьер-министр алгач териштирүү иштерине байланыштуу өргүүгө чыккан. Андан көп өтпөй, тагыраагы 15-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Ал эми коронавирустан эң көп өлүм катталган мезгил июнь айынын аягында башталган. 30-июндан тарта Кыргызстанда пандемиянын эң катаал мезгили башталган.