(Кыргыз) Каныбек Иманалиев: Бүгүнкү күндө сот системасы, аскер министрликтери жана УКМК түздөн-түз президентке баш иет. Манипуляция

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Конституциягя ылайык, президент

1) Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

Ошондой эле ал улуттук коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын башчыларын, алардын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.

Жыйынтыгында президент сотторду дайындоого катышып, бийлик блогундагы өкмөт мүчөлөрүн толугу менен шайлайт жана Конституцияга ылайык, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат. Башкача айтканда, куралдуу күчтөр өкмөттүн курамына кирет жана президентке дагы, премьер-министрге дагы баш иет. Ошол эле учурда сот тутуму расмий түрдө президентке баш ийбейт.

Өз кезегинде, президент өзүнүн сот администрациясындагы жооптуу адамдар аркылуу сот тутумун да көзөмөлдөгөн деген пикирлер айтылган.

Жыйынтык: Манипуляция. Билдирүүдө фактылар менен жеке пикирлер даана ажыратылган эмес.