(Кыргыз) Казакстандын Украинага аскерлерин жөнөтөрү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Twitter социалдык тармагында Globusnews аттуу колдонуучу чалгындоо маалыматтарына таянып, “казак аскерлери жакын арада Львовду басып алууга катышарын жана Токаевдин режими согушка даярдана баштаганын” жазып чыккан. 

“Путин Казакстандан колдоо сурады. Мангистау облусунда аскердик машыгуулар жүрүп жатат, андан соң алар Крымга жөнөтүлөт”, – деп билдирген ал өзүнүн постунда.   

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

25-февралдан тарта Казакстандын аймагында аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жакшыртуу боюнча пландуу иш-чаралар жүргүзүлгөнү чын. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин расмий Telegram каналы маалымдаган. 

«Коргоо министрлигинин Щучинск шаарындагы Аскердик колледжинин студенттери менен практикалык окуу үчүн Семей гарнизонунан аскердик техникалар көчүрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Карагандадан гвардиялык гарнизонго, ошондой эле Алматыдан Актау гарнизонуна согуштук техника жиберилди.

2022-жылдын 1-мартынан 4-мартына чейин Куралдуу күчтөрдүн техникасын Чымкент шаарынан Түркстандын Тараз шаарына, Айша-Биби полигонуна жана карама-каршы багытка жылдыруу пландалууда. Бул арада ремонт иштери үчүн Батыш Казакстандан республиканын түштүк аймагына темир жол аркылуу аскердик техниканын пландуу ташылышы да аткарылууда”.

Аскердик техниканын кыймылы тууралуу буга чейин ЖМКлар да кабарланган.

Буга чейин Казакстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн аскерлерли Украинага жөнөтүлөрү тууралуу ушак-айыңдарды төгүндөгөн.

«Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингентин жиберүү чечими өлкө президентинин тиешелүү сунушунун негизинде парламент тарабынан кабыл алынат. Казакстандык аскер кызматкерлерин Украинага же башка өлкөгө жөнөтүү өтүнүчү түшкөн жок. Ошол эле сүйлөшүүдө ал ДНРди жана ЛНРди таануу маселеси күн тартибинде жок экенин билдирди.

Эске салсак, Factcheck.kg 27-февралда Казакстан Орусияга жардам берүү үчүн Украинанын чек арасына өз аскерлерин өткөрүүдөн баш тартканы тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин «ЖККУнун аскерлери уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында гана колдонулушу мүмкүн, ал эми башка учурларда казакстандык бейпилдик күчтөрү башка өлкөгө БУУнун мандатынын алкагында гана жөнөтүлүшү мүмкүн» деген сөздөрү айтылган.

Жыйынтык: жалган. Казакстандын аймагында аскердик машыгуулар өтүп атканы чын, бирок аскерлердин Украинага жөнөтүлөрү чындыкка дал келбейт.