(Кыргыз) Казакстан орус көмүрүн ташып өткөрүүгө тыюу салдыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

КМШ өлкөлөрүнүн медиа талаасында “Казакстандын бийлиги анын аймагы аркылуу Орусияга бараткан көмүр жүктөлгөн 1700 вагонду токтотуп койду” деген жаңылык пайда болду. Бул кадамга баруунун расмий себеби катары Еврошериктештиктин Орусияга каршы санкцияларын аткаруу аталды.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Маалымат булактары билдиргендей, санкцияны талаптарын аткаруудан сырткары казактардын бийлиги бул кадамга Орусиянын Новороссийсктеги портто казактардын мунайын ташууга чектөөлөрдү киргизүүсүнө жооп катары барды.

Айрым ЖМКлар бул чектөөлөрдүн чыныгы себебин Казакстандын президенти Токаевдин жакында болуп өткөн Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүшүүдө. Анда ал “ЛЭР” менен “ДЭР” (“ЛНР” менен “ДНР”) квазимамлекеттик аймактарды тааныбай тургандыгын билдирген.

Бирок редакция тактагандай, вагондордун жүрүшүнө бөгөт коюу тууралуу маалымат калп болуп чыкты.

Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфракурамдык өнүгүү министрлигинин Транспорт комитети расмий билдиргендей, ушуга окшош жаңылыктар калп болуп эсептелет:

Чындыгында Казакстандын аймагында орус көмүрү жүктөлгөн 1700 вагон жок. РЖДнын темир жолдорунда да Казакстан тарапка же андан сырткары бараткан көмүр жүктөлгөн вагондор жок.

Тыянак: калп. Орусияга бараткан көмүр жүктөлгөн 1700 вагонду токтотуп коюу тууралуу маалымат жалган, бул тууралуу Казакстандын бийлиги расмий билдирди.