(Кыргыз) KFC: “Украинанын тооктору, Германияга кош келиңиз”. Фейкпи же чындыкпы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Орусиянын ЖМКтелеграм-каналдары   жана соцтүйүндөрдө колдонуучулар 2022-жылдын 31-майынан баштап  KFCнин баннери менен кошо “Chicks from Ukraine are very welcome to Germanyкыргызча которгондо “Украинанын тооктору, Германияга кош келиңиз” деп жазылган  фотосүрөттөрдү жайылтууда. Плакатта жаздыкты басып жаткан полковник Сандерстин сүрөтү да бар. Ошондой эле Мюнхендеги вокзалдын башка сүрөттөрү коюлган.

Анан эмне болду?

 Twitter жана Instagram колдонуучулары бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн KFC жана Booking.com (сүрөттөрдө бул компаниянын да логотиби колдонулган) компанияларына кайрылышты. Германиядагы KFC компаниясы төмөндөгүдөй жооп берди:

Бул жасалма кампания. Алар KFCнин логотибин мыйзамсыз түрдө колдонушкан. Рекламалык кампания KFC тарабынан уюштурулган жок. Биз бирөөнүн кадыр-баркына шек келтиргендер(ред.- баннер) үчүн кечирим сурайбыз. KFC брендин мыйзамсыз колдонгондорго каршы кандай аракеттерди көрүүнү ойлонуп жатабыз, сотко беришибиз мүмкүн ”.

Booking.com уюмунун өкүлү билдиргендей, фотосүрөттөр жасалма жана  алар атайын вокзалга барып далилдерди чогултуп кайтышкан:

Биз атайын текшерүү үчүн станцияга (Мюнхен)  барып, ал жакта мындай жарыялар жок экендигин аныктадык.  Booking.com жана KFC компаниялары бул фотосүрөттөргө эч кандай тийешеси жок“.

Бул кейс тууралуу кененирээк  www.stopfake.org жана delfi.lt басылмаларынын журналисттери жазып чыгышты.

Эмнеге мындай болду?

KFCнин постериндеги текст Германиянын элине арналганы менен англис тилинде жазылганы чоң күмөн жаратат!

Биз баштапкы булагын  таптык.  Алгач бул текст Twitter де 31-майда Peter Roman @TsarKastik аттуу ник менен отурган колдонуучу тарабынан жарыяланган. Peterдин профилинде анын жеке фотосүрөттөрү же тааныштары менен кат алмашуулары жок, бирок АКШ, Пенсильвания деп геомаалыматтары көрсөтүлүп турат.  Көбүнчө украина-орусиялык согуш тууралуу маалыматтарды жарыялайт.  Ошондой эле АКШ өкмөтү, НАТО уюмдарына карата сын көп жазат.

Анын окурмандары комментарийлерде фотосүрөттөр жасалма (ретушталган) экендигин жазышкан. Peter аларга жооп катары мындай сүрөттөр көп экенин жана ал бул сүрөттөрдү Telegram-каналдан алганын билдирген. Албетте кайсы канал экенин атаган эмес.

Издөөнүн жыйынтыгында Украина жана Орусия тууралуу жазган көп тилдүү Telegram-каналды таптык.  KFC тууралуу пост орус жана немис тилдеринде  4-июнда жарыяланган.  Белгилей кетсек, плакаттагы жазуу англис тилинде берилген.

Паблик Орусияны колдогон жаңылыктарды жарыялап турат. Андыктан артында кимдер турганы айтпаса да түшүнүктүү. Мисалы  скриншотто немис тилинде жазылган текстке жана булак катары көрсөтүлгөн Алина Липп тууралуу маалыматка көңүл бурбаганда “РИА-новости” басылмасынын логотибин көрүүгө болот.

Fotoforensics.com кызматынын жардамы менен сүрөттү анализдеп көрүп чындап эле жасалма экендигин аныктадык.

Пропаганда

Бир нече күндөн кийин, тактап айтканда 4-5-июндарда Орусиянын ЖМКларында “Спутник”, “РИА-новости” федералдык агенттик, ал эле эмес немис тилдүү “Russia Today” басылмасында да макалалар кайрадан жарык көрө баштады.

4-июнда мындай сүрөттү  өз Twitter  баракчасында БУУдагы РФнын туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский жарыялап, фейк жана бурмаланган маалыматтарды жек көрөөрүн” белгилеп жазып койгон.

Ал эми 6-июнда БУУдагы РФнын туруктуу өкүлү Василий Небензя Батыш өлкөлөрүндө Украинадан келген качкындарды сексуалдык эксплуатацияга тартуу коркунучу бар экендигин жазып чыккан:

He said that in recent years, Ukraine has been among the top five countries in terms of the number of victims of human trafficking and sexual exploitation in Europe. In Las Vegas, posters emerged, inviting Ukrainian strippers to a casting session. In Germany, fast food chain KFC in its advertising said that “we are happy to welcome all the chicks from Ukraine” (БУУнун 6-июндагы пресс-релизинен алынган цитата).

7-июнда БУУдагы Украинанын туруктуу өкүлү Сергей Кислица орусиялык дипломаттар кезектеги фейкти таратып жаткандыгын  белгилеген.

Жыйынтык: фотофейк. Баштапкы фотосүрөттөр жасалма (ретушталган) болгондугу анык. Аларды Riafan, Sputnik, RT басылмалары орусиялык пропаганда үчүн жана орусиялык дипломаттар БУУнун коопсуздук Кеңешинде үн угузуу үчүн колдонуп келишкен.