(Кыргыз) Ысык-Көлдө кытайлык туристтер жапайы каздардын жанында сүзүп жүрдүбү? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-июнда Twitter социалдык тармагында учуп бараткан каздардын жанында Кытай туристтеринин катерде сүзүп жатканы тууралуу маалымат пайда болду.  Анда тасма Ысык-Көлдө тартылганы айтылат.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Тасманы кылдат текшерип, анын монтаждалбаганына ынандык.  Андагы скриншот аркылуу издөө салып, ролик буга чейин Instagram жана TikTok

социалдык тармактарында жайыгаштырылганын биле алдык. TikTok колдонуучусу @goodlife1236 ушул сыяктуу көптөгөн роликтерди жүктөгөн экен. Алардын алгачкылары февраль, март айларында жарык көргөн. Айлана-чөйрөнү кылдат текшерип, бардык тасмалар бир эле жерден тартылганын аныктадык.

 

Видеолордун биринде Кытайдын круиздик Huafang кемелерин көрүүгө болот. Мындан улам, видео Кытай көлдөрүнүн биринде тартылган деген жыйынтык чыгарабыз. Анда жүз миңдеген көчмөн канаттуулар кыштоого токтой турган жерлерди көрүүгө болот.

Жыйынтык: жалган. Туристтердин жанында учуп жүргөн каздар тууралуу тасма Ысык-Көлдө эмес, Кытайда тартылган.