(Кыргыз) Данияр Үсөновдун компаниясы 20 гектар жер алганы кабарланды. Компания тууралуу эмне белгилүү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Cүрөт: Азаттык

Эл өкүлү Дастан Бекешев качкын премьер-министр Данияр Үсөновдун “Прайм строй” аттуу компаниясына акысыз 20 гектар жер тилкеси берилгенин билдирди. Анын айтымында жер тилкеси Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан. 

Бекешев 2000-жылдардын башында бул жер Чүй токой чарбасына тиешелүү болгонун, андан соң 49 жылга ижарага берилгенин айтты. “Данияр Үсөновго тиешелүү делген «Прайм Строй» ЖЧКсына айыл өкмөтү 2005-жылы 20 гектар жерди бекер берген”, – деди депутат. 

Factcheck.kg “Прайм Строй” ЖЧКсы кимге таандык экенин жана Үсөновдордун үй-бүлөсү учурда кандай бизнес менен алектенерин аныктады.

“Прайм строй” 

 “Прайм строй” ЖЧКсы турак жай жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенерин osoo.kg маалымдайт. Компаниянын ээси Салина Чолпонбаева, ал эми директору – мурдагы депутат Динара Исаеванын биринчи никесинен уулу Азис Мырзаев. Эске салсак, Динара Исаева Данияр Үсөновдун мурунку жубайы. 

 


Анын соцтармактагы баракчасынан Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөнү, Юлия Мырзаеванын жубайы экени жана учурда Бишкек шаарында жашары тууралуу маалымат бар. Кадастр кызматынын маалыматына ылайык, Мырзаев 2007 -2011-жылдары Орто-Сай айылында жашап, кийин үйүн Искендер Матраимовго сатып жиберген.

2017-жылкы журналисттик иликтөөдө Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жанындагы престиждүү аймакта 12,5 гектар жерде жайгашкан, мурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болгон «Идеал Хаус» VIP коттедждик комплекси бар экени жана бул комплексти Мырзаев сатып алганы айтылат. 

Бүгүнкү күндө Азис Мырзаев бир нече компаниянын негиздөөчүсү: 

Данияр Үсөновдун үй-бүлөсүнүн мүлкү

Данияр Үсөновдун биринчи никесинен туулган уулу Мурат Үсөнов ишкерлик менен алектенген. Ал Бишкекте “Майрам Групп” жана  Good Project ресторандар тармагына ээлик кылганын  osoo.kg маалымдайт. 

2020-жылга чейин биринчи бизнес Мурат Үсөнов жана анын жубайы Айзада Үсөновага катталса, азыр Улан Дүйшөналиевге таандык. 2018-жылга чейин Мурат Үсөнов экинчи компанияга жалгыз ээлик кылса, азыр жубайы Мамытбай Салымбековдун кызы Зыйнат Салымбекова менен бирге ээлик кылат. 

Айзада Усөнова ресторан тармагында иш алып барган “СнабОйл”, Resto – Group,  “StartCom”, “Хоспер“, “Минт Криэйшн Групп”,  “Аз-Ресто-Групп” аттуу 6 компанияны дагы иштетет.

Данияр Үсөновдун экинчи уулу Урмат Усөнов  Mongol group компаниясын негиздеген.

Мындан тышкары, аны ресторан тармагында иштеген «СнабОйл» компаниясы менен байланыштырышчу. Учурда компанияга Айзада Үсөнова жана Гүлнара Усөнова ээлик кылат.

 Данияр Усөнов-Урицкий деген ким? 

Данияр Үсөнов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда премьер-министр кызматын аркалаган. 2010- жылдан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

2018-жылы Беларус ЖМКларында “Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясы” ЖАКтын заводдорунун курулушун баштоо учурунда Данияр Үсөновго окшош адамдын сүрөтүн жарыяланып, бирок бул адам Даниил Тимурович Урицкий болуп көрсөтүлдү.

Ал журналисттерге берген маегинде Данияр Үсөнов тууралуу укканын жана Үсөнов 2013-жылы Малазияда каза болгонун билдирген.

2021-жылы буга чейин Даниил Урицкий жетектеген “Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясы” Беларустун бюджетинен каражаттарды чыгарып кеткен деп шектелген. Жыйынтык: “Прайм Строй” ЖЧКсын экс-депутат Динара Исаеванын биринчи никесинен Азис Мырзаевдин уулу башкарат. Исаева Данияр Үсөновдун мурунку жубайы.