(Кыргыз) Бишкектеги Россияны колдоо концертинин уюштуруучусу ким? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

22-мартта Бишкекте Орусияны колдоо концерти өтөрү тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду. Иш-чара Горький атындагы паркында болору маалымдалат.  

Ал эми мэрия концерт тууралуу маалыматы жок экенин Kaktus.media басылмасына билдирди. 

“Уюштуруучулар биз менен байланышкан жок. Маданият министрлигинин имараттарынын сыртында жеке концерттер өтүп жатканы боюнча бизде эч кандай маалымат жок”. Мэрия эгерде баш калаада концерт өтө турган болсо, ал тууралуу уюштуруучулар бир саат мурда кабарлап коюусу жетиштүү экенин белгиледи. 

Концерттин уюштуруучусу ким?

Өздүк булактар Factcheck.kg редакциясына уюштуруу иштери менен Event Deluxe агенттиги алектенерин кабарлады. Osoo.kg маалыматына ылайык, аталган компаниянын башкы директору жана негиздөөчүсү – Салкынай Воинова.

Иш-чара өткөрүү менен алектенген агенттик өлкөдө 2012-жылдан бери иштеп келет, ал эми 2013 жана 2014 жылдары компания жеңген тендерлердин суммасы 41.7 млн сомду түзгөн. Бирок 2016-жылдан бери салык төлөбөй келет жана мамлекеттик буйрутмаларды албай калган.

 

Мындан тышкары, редакцияга Воинованын концертти алып берүү өтүнүчү менен алып баруучуга чалып сүйлөшкөнү жазылган аудио келип түштү. Белгилүү себептерден улам тамаданын атын атоо мүмкүн болгон жок. Биз Салкынай Воинованын өзү менен байланышканыбызда, ал концертке такыр тиешеси жок экенин жана жалаң үлпөт тойлорду уюштуруу иштери менен алектенерин белгиледи.

Андыктан, Россияга колдоо көрсөткөн митинг жана концертти буйрутма бергендер ким экенин аныктоо мүмкүн болгон жок. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда «Орусия менен кызматташуу [Кыргызстан үчүн] тарыхый жана маданий жалпылыктан улам өзгөчө мааниге ээ» деп билдирген. 

“Биз Орусия менен 200 жыл биргебиз, дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз. Биз мындан аркысын алдын ала билбейбиз, бирок биз бирге болгонбуз жана бирге болобуз”. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстанды мындан ары да Орусия менен ымаласын бекемдерин белгилеген. Жапаровдун сөзү Орусиянын өкмөтүнүн сайтында илингени менен Кыргызстандын өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган эмес