(Кыргыз) Бир мандаттуу округдардан бажы кызматкерлери, бизнесмендер жана алардын балдары жеңди

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдардан өткөн депутаттардын алдын ала тизмесин жарыялады. Ага ылайык, парламентке ишкерлер, бажы кызматынын мурдагы кызматкерлери, прокурорлор жана экс-депутаттар келди. 

Factcheck.kg алардын декларациясын, биографиясын жана бизнесин изилдеп көрдү.  

Белгилей кетсек, акыркы тизме 20 календардык күндүн ичинде шайлоо процессинин бардык текшерүүлөрүнөн кийин даяр болот.

Азыркы тапта Бишкек шаарынан эки гана талапкер: Ленин районунан Жаныбек Абиров жана Октябрь районунан  Дастан Бекешев жеңишке ээ болду. Ал эми Свердлов жана Биринчи май районунун шайлоочулары көбүн эсе  “баарына” каршы добуш берди.

Жаныбек Абиров – 32 жаштагы депутат. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал 2008-жылы АКШда иштеп, билим алган. Андан соң, Кыргызстанга кайтып келип, ишкерлик менен алектенген. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине КСДП партиясынан депутат болгон. Эки жылдан соң шаардык кеңештин төрагасы болгон. 

Жаныбек Абировдун атасы Болотбек Абиров ири бизнесмен экени белгилүү. Ал көмүр сатуу менен алектенген Гефестинновациялык компания ЖЧКсын негиздеген. Аталган компания ишмердүүлүгүн 2018-жылы баштаган жана ушул күнгө чейин казынага 134.1 млн сом төлөгөн. Мындан тышкары, компания бир нече ирет мамлекеттик тендерлерди жеңип чыккан.  

Абировдун атасына таандык дагы бир компания – “Рассвет компани” ЖЧКсы. Аталган компания үч жыл бою Бишкек ЖЭБин шабыркүл көмүрү менен камсыз кылган. Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров өзү бул ишканада коммерциялык директор кызматын аркалайт.

“Бока” аттуу көмүр ташуучу дагы бир компания буга чейин Абировдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон жана жалпысынан 20дай мамлекеттик тендерди утканга жетишкен. Учурда ал Султанходжа Агзамович Адыловдун наамында. 

Мындан тышкары Абировдорго “Темп Сервис” ЖЧКсы, “CIM KG PROPERTIES” компаниясы жана “СОС и К” ЖЧКсы таандык. 

Дастан Бекешев эмгек жолун 2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май районундагы башкармалыгында баштаган. 2007-2010-жылдары Экономика министрлигинде иштеген.

2010-жылы “Ар-Намыс” партиясына мүчө болуп кирип, дал ушул партиядан Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2014-жылы “Ак-Ниет” партиясын түптөгөн. Ал эми бир жылдан соң ал партиянын жетекчилигинен кетип, КСДП партиясынын курамы менен кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болот. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Бекешев “Укуктук аналитикалык борбор” коомдук фондун негиздеген. Анын наамында коммерциялык уюмдар катталган эмес.

Бекешев Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышына каршы пикирин билдирген. Мындан тышкары,  2020-жылы пандемия учурундагы гранттык акчалардын бөлүштүрүлүшүнө тынчсызданганын билдирген. 

Депутаттын декларациясында 2018-жылкы жылдык кирешеси 1.2 млн сом же айына 106 миң сом түзгөнү белгиленген. Бекешев 113 чарчы метр батирге ээлик кылат.  

Чүй облусунун Сокулук шайлоо округунда шайлоочулардын көбү баарына каршы добуш берген.

Жайыл округунан Нурланбек Азыгалиев, Москва округунан Карим Ханджеза, Аламүдүн округунан Сеидбек Атамбаев, Ысык-Ата округунан Акбөкөн Таштанбеков, ал эми Чүй округунан Медербек Саккараев жеңишке ээ болду.

Нурланбек Азыгалиев – Эр Эңиш боюнча КРнын Федерациясынын президенти, Соода-өнөр жай палаталарынын кыргыз-түрк форумунун төрагасы. Мындан тышкары ал ишкерлик менен алектенет. Osoo.kg маалыматына ылайык, ал БИМЕКС”, ОсОО “BIMEX” (“БИМЕКС”) (ИУ-Китай),  “Ново-Троицкое КПП” ЖЧКсы, “Теннис клубу 9 Рота” аттуу бир нече бирикмелерин негиздеген.

Карим Ханджеза – “Кыргызстандын дунгандары” коомдук бирикмесинин төрагасы жана “Кут-билим” окуу-тарбия борборунун ээси.

Сеидбек Атамбаев – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин инженер-куруучу адистигин аяктаган.

 

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын (АГКР) менеджер адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле жылы кичи жана ири бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында Германияда стажировкадан өткөн.

Эмгек жолун үчүнчү категориядагы инженер-конструктор болуп баштаган. 2005-2007-жылдары «Кыргыз Автомаш» ишканасынын финансы-эсептешүү бөлүмүндө финансылык аналитик кызматын аркалаган. Андан соң ишкерлик менен алектене баштаган. osoo.kg сайтынын маалыматына ылайык Сеид Атамбаев  “Автомаш-Энерго” ЖЧКсынын негиздөөчүсү, 2018-жылга чейин “Форум” ЖЧКсынын ээси болгон.

Акбөкөн Таштанбеков – Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкан, Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты, учурда ишкерлик менен алектенет. Таштанбеков “АБРИС” курулуш компаниясына ээлик кылат.

 

Медербек Саккараев – иликтөөлөр менен алектенген “Шумкар” аттуу детективдик жана коопсуздук агенттигинин ээси. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал Казакстандын жараны

Баткен облусунун Лейлек округунан Чыңгыз Ажибаев, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, ал эми Кадамжай округунан Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңешке өттү.

30 жаштагы Чыңгыз Ажибаев Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. 2011-2013-жылдары КМКТАУнун ЖОЖдор аралык аскер факультетинде окуган.

Чыңгыз Ажибаевдин атасы Ильяскожо Ажибаев буга чейин Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук негизде жардамчысы болгон. Ал учурда “Алькор-Трейдинг” жана  “Табышкер” аттуу компанияларына ээлик кылат.

Нурлан Ражабалиев – 2009-жылдан тарта Бажы кызматында эмгектенип келген. 2015-жылы карьерасында чоң секирик жасап, Ош бажысынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бир жылдан соң Оштогу бажыны жетектеген.

Мындан тышкары, Ражабалиев футбол боюнча Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону, өлкөнүн курама командасынын жана футбол боюнча Индиянын Жогорку Лигасынын оюнчусу болгон.

Ал өзүнүн декларациясында 1.9 млн сом киреше тапканын көрсөткөн.

47 жаштагы Ырысбек Атажанов тууралуу ачык булактарда маалымат сейрек кездешет. Ал Лев Толстой көчөсүн узартуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өзүнүн жер тилкесин тапшырганы белгилүү.

Нарын облусунан эки талапкер жеңишке жетти – Кочкор округунан Мирлан Самыйкожо жана Нарын округунан Улан Бакасов.

37 жаштагы ишкер Мирлан Самыйкожо “УСТАТ Академиясы” ЖЧКсына ээлик кылат. Белгилей кетсек, аталган компания соңку жылдары салык төлөбөй келет.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Улан Бакасов ишкерлик менен алектенет. Бирок, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, анын наамында бир дагы компания катталган эмес.

 Талас облусунан дагы эки талапкер жеңишке ээ болду.  Алар Манас округунан Бактыбек Чойбеков жана Талас округунан Дастан Жумабеков.  

Бактыбек Чойбеков Кыргыз архитектура-курулуш институтун автожолдордун жана аэродромдордун курулуш инженери адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондой эле Бишкек гуманитардык университетинде (БГУ) дүйнөлүк экономика адистиги боюнча билим алган. Жети жыл ишкерлик менен алектенген. Учурда “Арча-Бешик конушу” коомдук фондунун төрагасы.

Дастан Жумабеков буга чейин дагы бир нече ирет эл өкүлү болуп келген. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын курамында, 2015-жылы “Кыргызстан” партиясы менен Жогорку Кеңешке келген. Эки жылдан соң ал парламенттин спикери болуп шайланган.

Жумабековдун декларациясына ылайык, жыл ичиндеги кирешеси 875 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары ал 59 чарчы метр батир, 432 миң сомдук эмерек, 402 миң сомдук орг. техника, 237 миң сомдук компьютер, 364 миң сомдук турмуш-тиричилик техника, 1,1 млн сомдук бодо мал жана 500 миң сомдук майда мүйүздүү малы бар экенин көрсөткөн. 

Ал белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабековдун бир тууганы экени белгилүү. Сабырбек Жумабеков 2000-жылдан бери курулуш металл конструкцияларын чыгаруу менен алектенген «МИДС» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин негиздөөчүсү.