(Кыргыз) Болот Темиров тууралуу чуулгандуу видеодогу үн “Регион” телеканалынын журналистине таандык экени айтылды

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

“Temirov Live” командасы тууралуу чуулгандуу видеодогу кабарчынын үнү “Регион” телеканалынын журналисти Алишер Асановго таандык экенин иликтөөчү журналист Нуртилек Туратбек уулу билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-январында Temirov Live YouTube-каналынын негиздөөчүсү Болот Темировдун кеңсесине укук коргоочу органдар келип, журналистти камакка алган. Ал эми андан көп өтпөй, Темировдун жубайы менен сүйлөшкөн сөзү жана аны каралаган видео социалдык тармактарда жайылган. “Акыркы убактарда жалпы коомдо ар учурду соцтармактарга салып, ар кыл багыттарда көңүл бурдуруу максаттарында хайп жасап, аркасынан акылга сыйбаган акчаларды табышкан блогермин дегендер көбөйдү. Бирок акыркы окуялардан алып караганда “чындык үчүн” деген ураанды жамынган бир катар YouTube, соцтармак шылуундары жалпы журт арасындагы стабилдүүлүктү талкалап, эл ынтымагын карандай жалган жалаа менен такталбаган маалыматтарды чет жердик легалдуу эмес уюмдардын чырагына май тамызган саясатын алып барып, жан баккан четтен чыга баштаганы анык”, – деп айтылат тасмада. Бул учурда экранда Temirov live каналынын YouTube жана Instagram баракчасы көрсөтүлөт. 

 

Журналист Нуртилек Туратбек уулу тасмадагы үн менен “Регион” телеканалындагы сюжетти даярдаган журналисттин үнүн атайын apihost тиркемесинин жардамы менен салыштырып, Темиров тууралуу сюжеттеги үн Алишер Асановго таандык деген бүтүм чыгарган. 

«Бул видеолордо мыйзамсыз жол менен алынган жазуулар, тактап айтканда, Болот Темиров менен анын жубайынын, ошондой эле кесиптештеринин жеке сүйлөшүүлөрү бар экенин эске алып, Темиров Live командасына Алишер Асановго каршы доо арыз даярдоону сунуштайм. Анткени ал бир нече кылмышка тиешелүү болушу мүмкүн”,-дейт Нуртилек Туратбек уулу иликтөөсүндө.

Factcheck.kg журналисттик иликтөөдө аты аталган Алишер Асанов менен байланышып, комментарий алды. Асанов бул тасмага эч кандай тиешеси жок экенин жана “Регион” телеканалына март айынын башынан тарта иштеп атканын белгиледи.