(Кыргыз) “Өзгөчө” бейтаптарды дарылаган “БИКАРД” клиникасы кимге таандык?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Атактуу аткаминерлер камакка алынган соң, Бишкектеги кардиохирургиялык “БИКАРД” клиникасында дарыланганы коомчулукка маалым. Алардын ичинен Мухаммедкалый Абылгазиев, Василий Дашков, Исхак Пирматов, Данияр Нарымбаев, Мелис Аспеков, Жеңиш Молдокматов жана Райымбек Матраимов ж.б. бар. 

Алгач мурдагы премьер-министрлер, ведомство жетекчилери, чиновниктер жана саясатчылар камакка алынып, андан көп өтпөй кайсы бир илдеттин айынан сот аларды дарылоого жиберүү чечимин кабыл алып, бейтаптар “БИКАРДга” жаткырылган.

Factcheck.kg “өзгөчө” бейтаптарды дарылаган клиника кимге таандык экенин тешкерип көрдү. 

 “БИКАРДдын” бейтаптары

 

Бейтап Ээлеген кызматы Иш Диагноз
Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы премьер-министр мыйзамсыз баюу, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКга чалгындоо жана алтын казуу үчүн кошумча аймактарды берүү коронавирустан улам жүрөк оорусу
Раимбек Матраимов бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары коррупция критикалык кан басым
Кубанычбек Жумалиев экс-депутат кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алуу жүрөк кан-тамыр системасынын оорусу
Данияр Нарымбаев Аламазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы “Кумтөр” иши боюнча коронардык жүрөк оорусу
Исхак Пирматов экс-депутат, “Бир Бол”фракциясы “Кумтөр” иши боюнча
Мелис Аспеков өзүн Садыр Жапаровдун тарапташы катары тааныштырган  “Кыргыз Темир Жолунан” 250 миң доллар опузалоо коронардык шунтирлөө
Жеңиш Молдокматов  “Туран” партиясынын лидери  2020-жылдын 6-9 октябрядагы окуялары боюнча
ден-соолугуна байланыштуу

 

 “БИКАРД” ээлери

Бишкекте жайгашкан “БИКАРД” кардиохирургиялык клиникасы юридикалык документтер боюнча БИЗ НУР” Медициналык борбору ЖЧКсы катары катталган.

Osoo.kg маалыматына ылайык, клиникага Дамирбек Осмонов, Бакырдин Бекбоев жана Турдали Заиров ээлик кылат.  

Башкы дарыгер

Дамирбек Осмонов. Сүрөт: Facebook

Дамирбек Осмоновкардиолог жана башкы дарыгер. Мындан тышкары, Осмонов төрт компаниянын негиздөөчүсү, алардын экөө бюджетттен миллиондогон сом алары белгилүү.

  •  “Саламат Баткен” ЖЧКсы – 2018-жылы негизделген Баткен облусунун Кадамжан районунда кыргыз-түрк гемодиализ клиникасы. Анын салыктары салыштырмалуу аз болгонуна карабай, 2019-жылдан тарта бюджеттен жалпысынан 39 миллион сом алганга жетишкен. 
  • Саламат Hospital(Госпиталь)” ЖЧКсы дагы 2018-жылы негизделген медициналык борбор, жалпысынан бюджеттен  75.7 миллион сом алган.
  • МДС Групп ЛТД” ЖЧКсы 2015-жылы түптөлгөн курулуш компаниясы. Команиянын директору Советбек Бекманбетов 2020-жылы “Биримдик” партиясынын курамында шайлоого аттанган. Бекманбетовдун бир тууган агасы Фархад – цирктин мурдагы директору, маданият министри. Фархад Бекманбетов “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон. 
  •  “МДС Инвест” ЖЧКсы 2018-жылы негизделген, Салих Эрсо аттуу чет өлкөлүк жарандын катышуусу менен холдингдик компаниялардын ишмердүүлүгү менен алектенет. 

Эки медициналык борбордун негиздөөчүсү катары “Кыргыз Мунай” ЖЧКсынын үлүш ээси Эзель Акматалиеванын ысымы көрсөтүлгөн. 

Директор 

Турдали Заиров. Сүрөт: Facebook

“Бикарддын” экинчи негиздөөчүсү – Турдали Заиров. Клиниканын Facebook баракчасында ал директор катары көрсөтүлгөн. Заиров тууралуу ачык булактарда башка маалымат табылган жок.

“Сыра өндүрүүчү”

“Өзгөчө” бейтаптарды дарылаган клиниканын дагы бир негиздөөчүсү –  Бакырдин Бекбоев.

Бекбооев  “Pinta Pub” жана “Две пинты” ЖЧКларынын ээси жана 2010-жылы Жогорку Кеңешке жең түргөн “Эгемен Кыргызстан” партиясынын талапкери.

  • Pinta Pub ЖЧКсы (Пинта Паб) 2017-жылы ишмердүүлүгүн токтоткону маалым. Буга чейин ЖЧКны Азамат Акенеев менен бизнесмен, PONY EXPRESS компанияларынан тобунун башкы директору Жаныбек Карымшак иштетчү. Учурда Pinta Pubдын кайсы юридикалык аталышта ишмердүүлүгүн алып барып атканы жана анын кожоюну ким экени белгисиз. 
  • Две пинты” ЖЧКсы 2021-жылдын март айында катталган жана жалпы жонунан 201 миң сом салык төлөгөн.  
  • ББС” ЖЧКсы 2006-жылдан тарта иш алып барат. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында “Ак-Марал”  эс алуу борборунун директору Гарегин Саркисов бар. (“Ак-Марал” эс алуу борборунун үлүшү мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жубайы Наталья Кулматовага да тиешелүү). 

Бекбоев “Зенит Плюс“, “Кыргызские оздоровительные курорты” жана “ДРКон” компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыккан. 

Kloop.kg маалыматына ылайык, Бакырдин Бекбоев – мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси жана администрациясынын жетекчисинин орун басары болгон Замир Бекбоевдин уулу. Замир Бекбоев Бакиевдин тушунда президенттик аппаратта 2005-жылдан тарта 2008-жылга чейин иштеген. Андан соң Бишкектин вице-мэри кызматын аркалаган, ал эми 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясы менен бирге парламентке өткөн. 2021-жылдын февраль айында Бекбоев  экономикалык аймактын субъекттеринин ассоциациясынын (ЭЭА) төрагасы болуп дайындалган.

 

Замир Бекбоев. Сүрөт: Вечерний Бишкек

Салыктар жана өзгөчө мамиле

 “Бикард” клиникасы 2015-жылы түптөлгөндөн тарта салык төлөп баштаган. Алачкы жылы клиника 3492 сом төлөсө, 2016-жылы салыктын өлчөмү 1.27 миллион сомго жеткен. 2016-жылдан тарта 2020-жылга чейин жылына 1.5-2 миллион сом бюджетке төлөп келген. 

Ал эми 2021-жылы жалпы жонунан 7.5 миллион сом төлөгөнгө жетишкен.

osoo.kg

Белгилей кетсек, 2017-жылдан тарта медициналык мекеме киреше салыгынан жана сатуудан алынган салыктан бошотулган.