(Кыргыз) Орусия өзүнүн катышуусун токтото турган СЧК-III деген эмне жана аны билүү эмне үчүн маанилүү

United States of America flag and Russian Federation desk flags 3D illustration.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

United States of America flag and Russian Federation desk flags 3D illustration.

Стратегиялык чабуул куралдарын (СЧК) азайтуу тууралуу келишим – Орусия менен АКШнын ортосундагы стратегиялык ядролук куралдардын, континент аралык баллистикалык ракеталардын (КБР), суу астында сүзүүчү кемелердеги баллистикалык ракеталардын (СКБР) жана бомба ташуучу оор учактардын санын башында кыскартып, кийин аларды көзөмөлдөп турууну караштырган документ.

2023-жылдын 21-февралында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуусунда Орусия бир тараптуу тартипте СЧК-III келишимине катышуусун токтото турарын билдирди.

Factcheck.kg редакциясы Стратегиялык чабуул куралдарын азайтуу тууралуу келишимге байланыштуу маанилүү жагдайларга, окуялардын хронологиясына токтоп, кыскача түшүндүрмө берет.  

СЧКнын таржымалы

СЧК-I келишимине 1991-жылдын 31-июлунда Москвада ал кезде али урай элек Советтер Союзу жана АКШ кол койгон болчу. 1994-жылдын 5-декабрында күчүнө кирген. Ядролук заряддардын максималдуу саны 6000 менен чектелген. 2001-жылдын 6-декабрында Орусия менен АКШ келишимде каралган милдеттенмелерин аткаргандыгы жарыяланган. СЧК-I келишиминин мөөнөтү 2009-жылдын 5-декабрында аяктаган. 

СЧК-II келишимине 1993-жылы ал кездеги Орусия менен АКШнын президенттери Борис Ельцин менен Джордж Буш кол коюшкан. Документке ылайык, 2003-жылдын 1-январына чейин ядролук заряддардын саны дагы кыскартылып, 3500дөн ашпашы керек болот, анын ичинде суу астында сүзүүчү кемелердеги баллистикалык ракеталардын саны 1750гө чейин азайтылмакчы.

Келишимде башы бир канча бөлүккө бөлүнө турган баллистикалык ракеталарды колдонууга тыюу салынган. АКШнын өкмөтү документти ратификациялаганы менен Москва жыйынтыгында аны кабыл алган эмес. 2002-жылдын 14-июнунда АКШ 1972-жылы кабыл алынган РК (Ракеталардан коргонуу, – ред. түш.) тууралуу келишимден чыкканына жооп иретинде Орусия СЧК-II келишиминен чыккан болчу. Ал 2002-жылдын май айында кол коюлган СЧМ (Стратегиялык чабуул мүмкүнчүлүктөрү) келишими менен алмаштырылган.

СЧК-III келишиминин расмий аталышы “Орусия Федерациясы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы стратегиялык чабуул куралдарды андан ары кыскартуу жана чектөө боюнча чаралар жөнүндө келишим” (Treaty between the United States of America and the Russian Federation on Measures for the Further Reduction and Limitation of Strategic Offensive Arms, New START). Ошондой эле аны СЧКК, СЧК-III же Прага келишими деп да аташат. Ага президенттер Дмитрий Медведев жана Барак Обама 2010-жылдын 8-апрелинде Прагада кол коюшкан. Келишим 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. 

Документ күчүнө киргенде ал СЧК-I жана СЧМди азайтуу тууралуу Келишимди алмаштырган. 10 жылга эсептелген келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында аяктаган болчу, ошондо эки тарап аны 2026-жылдын 5-февралына чейин узартышкан.

СЧК-III келишиминин негизги жоболору

Келишимге ылайык (Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин сайтынан жана АКШ Мамдепартамендинин сайтынан таанышса болот), Орусия жана АКШ жети жыл аралыгында жайгаштырылган континенттер аралык баллистикалык ракеталардын (КБР), суу астында сүзүүчү кемелердеги баллистикалык ракеталардын (СКБР) жана бомба ташуучу оор учактардын (ОБ) санын 700 бирдик менен; алар үчүн ядролук заряддардын санын 1 550 бирдик менен; КБРдын, СКБРдын жана ОБнын жайгаштырылган жана жайгаштырылбаган учуруу орнотмолорунун (пусковые установки, которм. түш.) санын 800 бирдик менен чектеши керек болот.  

“Жайгаштырылбаган” алып жүрүүчүлөр жана учуруу орнотомолору деген түшүнүктөр киргизилген – бул алар аскердик даярдыкта эмес экенин, окутуу же сыноо үчүн колдонуларын, жардыруучу заряды жок экендигин түшүндүрөт. 

Ошондой эле СЧКны өлкөнүн аймагынан башка жакта жайгаштырууга тыюу салынат. 

Документтеги эки жобонун ракеталардан коргонууга (РК) тиешеси бар: биринчиси – стратегиялык чабуул (ядролук курал) жана стратегиялык коргонуу (ракеталардан коргонуу системалары) куралдарынын бири-бири менен байланышы тууралуу, экинчиси – КБР жана СКБР үчүн учуруу орнотмолорун РК ракеталары үчүн жана аларды тескери багытта өзгөртүп жасап чыгууга тыюу салуу тууралуу.  

ЭКК деген эмне

ЭКК – бул эки тараптуу консультативдик комиссия. Мындайча айтканда бул келишимдердин сакталышын жана аткарлышын көзөмөлдөгөн башкы орган. Комиссия, эгер ьул тууралуу башка макулдашуу жок болсо, жылына эки жолудан кем эмес чогулуп, келишимди аткаруу боюнча маселелерди талкуулап, алар боюнча чечимдерди чыгарып туруусу керек. 

Келишим кабыл алынгандан бери 328 инспекция жүргүзүлүп, 21 403 билдирүү менен алмашуу болгон (2021-жылдын январына карата маалыматтар). 

Тараптар ортосундагы ядролук заряддардын жана аларды алып жүрүүчүлөрдүн саны боюнча маалыматтар менен алмашуулар жылына эки жолу (мартта жана сентябрда) болушу керек.

СЧК-III эки тарапка тең башка тараптын стратегиялык куралдарына жеринде – КБР (континент аралык баллистикалык ракеталардын) базаларында, суу астында жүрүүчү кемелердин базаларында жана авиабазаларда макулдашылган текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Жылына эки түрдөгү 18 инспекцияны жүргүзсө болот. Инспекциянын биринчи түрү стратегиялык чабуул куралдары жайгаштырылган объекттерде – КБР жайгаштырылган базаларда, БРАСК (БР бар атомдук суу астында жүрүүчү кемелер) базаларында жана стратегиялык авиациянын авиабазаларында жүргүзүлөт. 

“Экинчи түрдөгү” инспекция ракеталар орнотулуучу, оңдолуучу жана сакталуучу жерлерде жүргүзүлөт. Келишимге тиркелген протокол боюнча, ар бир тарап жылына биринчи түрдөгү 10 инспекцияны жана экинчи түрдөгү 8 инспекцияны жүргүзө алат.

Орусия менен АКШ текшерүүлөрдү жана эки тараптуу комиссиянын жыйындарын 2020-жылдан бери өткөрө элек. Башында бул пандемияга байланыштуу болгон. Кийин 2022-2023-жылдары эки өлкө бири-бирин инспекция кылууга жолтоо кылып жатат деп күнөөлөп келе жатышат.

Жыйынтыгында эмне

СЧК-III келишиминде “токтото туруу” деген норма жок, толугу менен чыгуу гана каралган. Тараптардын бири келишимден чыга тургандыгын алдын ала – үч ай мурда эскертиши керек. 

Анда эмне үчүн Владимир Путин катышуусун “токтото туруу” жөнүндө билдирди? Анын айтымында, “Вашингтондогу айрым адамдар” америкалык ядролук куралды сынап көрүү тууралуу ойлоно башташкан. Ошондуктан, анын билдирүүсүнүн маңызы боюнча, эгер АКШ ядролук куралды сынай турган болсо, Орусия да өз куралын сынайт.

“Биз муну биринчилерден болуп жасабай тургандыгыбыз, түшүнүктүү, бирок АКШ сынаса, биз да аны жасайбыз”, – деди Путин.

ТАССдын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-сентябрында Орусияда жайгаштырылган 510 ядролук куралды алып жүрүүчү, 1 447 ядролук заряд, 764 жайгаштырылган жана жайгаштырылбаган учуруу орнотмолору болгон. АКШда болсо 675 алып жүрүүчү, 1457 ядролук заряд, 800 жайгаштырылган жана жайгаштырылбаган учуруу орнотмолору болгон.