(Кыргыз) ЖИ жардамчыбы же коркунучпу? Журналистиканын келечеги кандай болот?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Интернет технологиялардын өнүгүүсү адам баласынын жашоосундагы кескин өзгөрүүлөргө алып келүүдө. Алардын эң орчундуусунун бири – кесиптерге байланыштуу. Көп жаңы кесиптер пайда болууда, бирок аны менен кошо көптөгөн кесиптер жоголуу коркунучу алдында турат. Журналистиканы акыркылардын катарына киргизип жатышат. Буга канчалык негиз бар? Материалыбызда бул суроого жооп тапканга аракет кылдык.

Биринчи жолу эмес…

Мындан 10-15 жыл мурун, жаңы интернет-технологиялар ар бир жаранды контент жаратуучуга айландырганда, классикалык журналистика кесиби өлдү, анын ордун жарандык журналисттер, блогерлер басат деген сөздөр пайда болгон эле. Мындай сөздөр медиа адистердин ири эл аралык жыйындарында да айтылып, анын айланасында чоң талкуулар жүргөн болчу.

Убакыт өтүп, бул божомолдор ишке ашпаганын көрүп жатабыз. Жарандук журналистика, блогерлик бүгүн эбегейсиз өсүп өнүктү, бирок ал өзү менен чыныгы журналистиканы маалымат майданынан сүрүп алалган жок. Бир булактан көптөгөн темалар боюнча маалыматтарды алгысы келген, кайсы бир окуя тууралуу ар түрдүү пикирлер менен таанышып, окуянын, көрүнүштүн чоо-жайын, анын себептерин жана кесепеттерин билип, түшүнгүсү келген маалымат керектөөчү, адатынча, ЖМКга кайрылат.

Эми жасалма интеллект (ЖИ) журналистика кесебинин жоголушуна алып келет деген сөздөр айтыла баштады. Адам менен кадимки адам тилинде сүйлөшүп, берилген тапшырмаларды аткара алган жасалма интеллекттин негизинде жасалган ChatGPT 2022-жылдын 30-ноябрында кеңири колдонууга чыгарылгандан баштап бул сөздөр өзгөчө күч алды. Business Insider порталы ChatGPTнин айынан жоголушу мүмкүн деп эсептеген 10 кесиптин катарында Журналистика кесиби да аталат.

Бирок журналистика кесиби мындан ары да жашай берерине, робот эмес, адам-журналисттерге муктаждык дайыма боло берерине бир нече жүйөлүү себептер бар.

Биринчиси – маалымат чогултуу ишине байланыштуу. ЖИ-журналист адам-журналист катары маалымат чогулта алаары күмөн жаратат. Интернеттен керектүү маалыматтарды, балким, чогулта алаттыр, болгондо да адамдан батыраак жана толугураак, бирок анын маалымат булагынын өзүнө жолугушуп, маалымат бергиси келбегендин артынан сая түшүп маалыматты алалышын элестетүү оор. Анан да, маалымат алууда, өзгөчө интервьюда, эки адамдын ортосундагы адамдык мамилелер, байланыш чоң роль ойнойт. ЖИ канчалык адамга окшош ойлонуп, адамдай сүйлөбөсүн ал жасалма бойдон калат, экинчи тарап анын жасалмалуугун сезип турат, адам-журналистке айткандай чечилип айтып бербейт.

Экинчиден, кээде бир адам башка адамды жакшы түшүнө албай калат, ЖИ адамды жакшы түшүнө алаары күмөн. Сөз менен айтууга болбогон көп жагдайлар бар. Анан да журналисттер материалды адам үчүн жазат. Материалдар адамдардын кызыкчылыгына, кабылдоосуна, түшүнүгүнө таянат. ЖИ окуяларга, талаштуу маселелерге адамдай мамиле кыла алабы, түшүнө алабы? Балким, келечекте ЖИ адамды адамдын өзүнөн жакшы түшүнүп, бардыгын адамдын кызыкчылыгынан, кабылдоосунан карай турган заман келеттир, бирок азыр эмес.

Белгилүү орусиялык редактор Максим Ильяхов ЖИ үстүндө иш алып барган Яндекстин өкүлү Алексей Гусаков менен маекте да чыгармачылыкты алдыңкы орунга койгон кесиптин өкүлдөрү ЖИнин атаандаштыгынан коркпой эле койсо болот деген жыйынтыкка келет. Ал эми журналистика, биринчи кезекте, чыгармачылыкты талап кылган кесип эмеспи.

ЖИ берген мүмкүнчүлүктөр

ЖИ журналисттин ишин олуттуу түрдө жеңилдетиши мүмкүн. Бул, биринчи кезекте, керектүү маалыматты интернетте чогултууда жана анын иштеп чыгууда, материалга сүрөттү табууда же жаратууда, графиктер менен иштөөдө. Адатынча, мүмкүнчүлүктөрү улам жакшыртылып бараткан ChatGPT (текст менен иштөө жана сүрөттү, видеону жаратуу) жана Midjourney (сүрөттү жаратуу) нейротармактары колдонулат.

Бирок ЖИ колдонулган, журналисттин ишин жеңилдете турган толтура башка дагы кызматтар бар. Алардын арасынан акысыз колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралгандарды тапса болот. Мисалы, бул жерде 750дөй ар түрдүү нейротармак тууралуу маалыматтар чогултулуп, алар категориялар боюнча бөлүштүрүлүп чыккан.

ЖИни колдонууда этият боло турган жагдайлар

Жасалма интеллект журналисттин ишин көп жагынан жеңилдеткени менен аны колдонууда бир катар жагдайларды эске алыш керек. IJNET эл аралык журналисттик тармагы климаттын өзгөрүшү темасында материалды даярдап жатып ChatGPTни колдонгондо эске ала турган бир канча жагдайлар бар экенин эскертет. Бул кеңештер башка темадагы материалдар үчүн да актуалдуу десек болот.

Өзгөчө этият боло турган жагдай – кээде ЖИ суроого жооп берип жатып, айрым фактыларды ойлоп чыгара койгонуна байланыштуу. Мисалы, менин “Азыркы кыргыз поэзиясында кайсы акындар кыйын деп эсептелет?” деген суроомо ChatGPT төмөнкүдөй жооп берген:

Муну ЖИ учурда өзүнүн өнүгүү жолунун башында гана тураары менен түшүндүрсө болот. ChatGPTни иштеп чыккандардын өзүлөрү да бул ЖИнин жоопторун колдонууда этият болууну эскертишет.

Кыргызстандык журналистикада ЖИни колдонуунун аракеттери

Кыргызстандык журналисттердин айрымдары материалдарын даярдоодо ChatGPTнин кээ бир мүмкүнчүлүктөрүн колдоно баштагандыр, бирок ал тууралуу өзүлөрү айтпаса, аны байкаш кыйын. Биздин редакция айрым материалдардын башкы сүрөтүн жаратууда ЖИни колдонууга аракет кыла баштады (1-мисал, 2-мисал). Бул макаланын темасын ачкан акысыз сүрөттү тапканга мүмкүнчүлүк берди. Ошол эле кезде сүрөткө автордук укукту бузбадык.

Аны менен катар ChatGPTни колдонуп, чоңураак көлөмдөгү журналисттик материалды да даярдап көрдүк – “ChatGPT Кыргызстанда жемкорлук менен күрөшүү боюнча кеңештерин берди”. Жемкорлукту жеңүү боюнча көптөгөн мисалдардын, документтердин, б.а. адам баласы азыркыга чейин топтогон тажрыйбасынын негизинде окутулган ЖИ бизге жаңы эч нерсе деле айтып берген жок. Неге анда мамлекеттик деңгээлде жемкорлук менен дайыма эле күрөшүп келгенибиз менен аны азыркыга чейин жеңе албай келебиз деген суроо жаралат.

Тыянак

ЖИ журналистиканын жоголушуна алып келбейт. Анткени адам баласы маалыматсыз жашай албайт, өзгөчө азыркы маалыматтардын заманында. Журналистика ошол маалыматтарды иштетип, иргеп чыгып, адамга зарылын чечмелеп, толуктап берген ортомчу. ЖИ журналистикадан адам баласын сүрү чыгуусу да күмөн. Анын айрым себептерин жогоруда белгилеп кеттик.

Бирок да каалайбызбы, каалабайбызбы ЖИ журналистикада чоң өзгөрүштөргө алып келет. Бир гана ЖИни атаандаш, же коркунуч катары кабылдабай, көптөгөн механикалык иштерди аткара алган же жеңилдете алган жардамчы катары карап, чыгармачылык жагына басым кылуу керек болот. Бирок аны үчүн ЖИни туура колдонууну үйрөнүш керек.

Учурда ЖИни кыргыз журналистикасында активдүү колдонууга анын кыргыз тилди азырынча жетиштүү деңгээлде билбегени жолтоо болууда. Анткени аны үчүн алгач кыргыз тилин ЖИ түшүнгөндөй кылып даярдап бериш керек. Азыр бул жаатта иштер активдүү жүрүп жатат. 1-2 жылдан кийин ЖИ кыргызча жакшы сүйлөп калышы толук мүмкүн.