Президенттик Аппараттын чыгымдары 1 млрд сомдон ашык. Бул пландалгандан ЖЕТИ эсе көп

Кыргызстан президентинин Аппаратын каржылаганга быйыл акыркы бир канча жылга салыштырмалуу рекорддук өлчөмдөгү каражат жумшалган. Бул нерсе өлкөнүн бюджетинде да рекорддук дефицит байкалганда болуп жатат.

“Ачык бюджет” порталындагы маалыматтарга ылайык, президент апппаратынын чыгымы быйыл 136.9 млн сомду түзүшү керек болчу. Белгилей кетүүчү жагдай, бул сан планда жыл сайын көрсөтүлүп келет.

Бирок президенттик кызматка Садыр Жапаров шайлангандан баштап президенттик аппараттын чыгымы башында, 2021-жылы, эки эсе өскөн, ал эми 2022-жылы – жети эсе (январь-ноябрь).

“Ачык бюджет” порталы президенттик администрациянын акыркы төрт жылдагы чыгымдарын гана билгенге мүмкүнчүлүк берет, бирок ал абалды так аныктаганга жетиштүү:

Редакция президент аппаратынын 2022-жылдын 11 ай аралыгындагы чыгымдарынын рейтингин түздү: 

Негизги чыгымдардын структурасы

Чыгымдардын арасында эң көп чыгымдар “Резервдик фонддор” статьясындагы “Башка ар түрдүү чыгымдар” деген бөлүмдө байкалган – 626.5 млн сом же $7.4 миллиондон ашыгыраак. Ошол эле кезде бюджетте каралган план боюнча, бул чыгымдардын өлчөмү 32.5 млн сом болушу керек болчу, б.а. чыгымдар пландалгандан 19 эсе көп болгон. “Резервдик фонд” – бул президенттин жеке фонду экендиги жана андагы каражаттарды каякка жумшаарын ал өзү чече тургандыгы белгилүү:

Чыгымдардын өлчөмү боюнча экинчи орунда “Айлык акы” бөлүмү турат – дээрлик 308 млн сом: 

Чыгымдар пландалгандан 3.6 эсе көп болду.

Үчүнчү орунда Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна социалдык төлөмдөр турат – 42.3 млн сом.

Мейманканалар, иш сапарлар, суткалык төлөмдөр 

Айлык акы, пенсиялык төлөмдөр сыяктуу милдеттүү чыгымдардан кийин төртүнчү орунда “Товарларды жана кызматтарды колдонуу” бөлүмү турат. Президенттик аппарат пландалган суммадан 6 эсе көп каражат колдонгон, б.а. чыгым 5.86 млн сомдун ордуна 35.66 млн сом болгон.

Бул чыгымдардын дээрлик жарымын мейманкаларга байланыштуу эки пункт боюнча чыгымдар түзгөн – 16.2 млн сом (14.98 млн + 1.22 млн) же $191.8 миң.

“Транспорттук чыгымдарга” тиешелүү эки пункт боюнча чыгымдар 9.2 млн сомду (7.87 млн + 1.35 млн) же $109.3 миң түзгөн. 

Аппарат кызматкерлеринин 11 айдагы иш сапарларынын суткалык чыгымдарын жабууга дээрлик 4.8 млн сом ($57.2 миң) жумшалган. 

Ошондой эле товарларга жана кызматтарга төмөнкү пункттар кирет: башка транспорттук чыгымдар (2.7 млн сом), тамак-аш продуктыларын сатып алуу (2.6 млн сом) жана башка чыгымдар (69.7 миң сом). 

“Товарларды жана кызматтарды сатып алуу” бөлүмү бешинчи орунда турат – 763.5 миң сом (пландан 2.6 эсе көп). Негизги сумма – 716 миң сом  – утурумдук чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга колдонулган.

Алтынчы орунда баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу компенсациялык төлөмдөр турат – жарым миллион сом.

Президенттик аппараттын чыгымдары боюнча жалпы абал төмөнкүдөй:

Тыянак: 2022-жылдын январь-ноябрь аралыгында президенттик аппараттын чыгымы 1 млрд 13.9 млн сомду түздү, бул пландаштырылган суммадан жети эсе көп. Бул чыгымдардын 62% президентке караштуу “Резервдик фондго” туура келет. Фонддун чыгымдары сыр болуп эсептелет. Бюджетти каражаттар бул салык төлөөчүлөрдүн акчалары.

Президенттик резервдик фонд

Былтыр декабрда белгилүү болгондой, президенттик резервдик фонддун өлчөмү республикалык бюджеттин 2%на чейин жеткирилген. Ушуга байланыштуу 2022-жылдын бюджети 281 млрд сомду түзсө, резервдик фонд 2.8 млрд сом болушу керек.

Ошол эле кезде журналисттер Тажикстан менен болгон жаңжалдан кийин президенттик фонддон баткендиктерге жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу бир дагы маалымат таба алышпады. 

Быйыл, президенттин басма сөз кызматынын маалыматтарына таяна турган болсок, мамлекет башчы резервдик фонддон төмөнкү иштерге каражат бөлгөн:

  • 7-январда кыйын абалда калган үй бүлөөлөрдөгү балдарга жардам берүү иретинде 5 млн сом караштырылган;
  • 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 10.8 млн сом өлчөмүндө бир жолку жардам көрсөтүлгөн. 

Жалпысынан, 11 ай аралыгында президент резервдик фонддон 15.8 млн сом ($187.1 миң) каражат бөлгөн. 2022-жылдагы жалпы чыгымдары 626.5 млн сом же $7.4 млн түзгөн резервдик фонддун башка чыгымдары тууралуу эч бир маалыматтар жок.