(Кыргыз) Издөөдө жүргөн Сулаймановдун жүзү монтаждалганбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

15-январда өкмөттүн расмий сайтында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникация министрлигинде жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу маалымат пайда болгон. Массалык маалымат каражаттары жолугушууга мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов катышканын, бирок анын сүрөттөгү жүзү атайлап өчүрүлгөнүн жазып чыккан

 

Буга министрлер кабинетинин басма сөз кызматы сүрөттөгү фокустан улам, Сулаймановдун жүзү көрүнбөй калганын айткан. “Анын жанындагы адамдын деле жүзү фокустан улам жакшы көрүнбөй калган. Бул атайлап жасалган эмес”, – деп жооп айтылган.

Factcheck.kg өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүн текшерип көрдү. 

Алгач сүрөткө көз чаптырып, анда Сулаймановдун жүзү жана моюну гана өзгөрүүгө учураганын, ал эми калган дене түзүлүшү өзгөртүлбөгөнүн байкайбыз.

Ал эми Noise Level Analysis сервисинин жардамы менен сүрөт монтаждалганын аныктайбыз. Сулаймановдун жана анын жанында отурган адамдын жүздөрү атайлап өзгөртүлгөнүн байкайбыз.  

Нурлан Сулайманов деген ким?

 Нурлан Сулайманов Курманбек Бакиевдин тушунда Транспорт жана жолдор министрлигин жетектеген. Мындан тышкары, Бишкек-Ош автожол башкармалыгынын башчысы, андан соң Бишкек-Ош унаа жолунун башкы башкармалыгынын башкы директору болуп иштеген. 2010-жылы “Ата Журт” партиясынын курамында Жогорку Кеңешке аттанып, мандатка ээ болгон. Ал эми 2012-жылы депутат болуп турган кезде Кыргызстандан чыгып кетип, кайра кайткан эмес. Төрт жылдан соң БШК эл өкүлүн ыйгарым укуктарынан ажыраткан. Эмгек кодексине ылайык, депутат төрт айдан ашык жыйындарга катышпаса, аны ишке жараксыз деп таанууга болот.

Апрель ыңкылабынан кийин Сулаймановго жакындары менен байланышы бар бир нече компаниялардын кызыкчылыгын жактаган деген айып тагылган.

Мындан тышкары, ал 2010-жылы “АзияУниверсалБанктын” жүгүртүүсүнө 206 миллион 607 миң сом мамлекеттик каражатты мыйзамсыз которгон деп айыпталып, иликтөөнүн версиясы боюнча анын пайыздарын Максим Бакиев менен Нурлан Сулайманов өзүнө алган. 2014-жылдын апрель айында Сулаймановго «жооптуу кызматтагы кызмат адамы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» (үч эпизод боюнча) боюнча сырттан айып тагылган. Анын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпысынан 41 миллион 220 миң сом зыян келтирилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту экс-министрдин баш коргоо чарасын камакка алуу жана издөөгө алуу боюнча сыртынан чечим чыгарган

Кийинчерээк ага карата козголгон кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жабылганы белгилүү болгон. Сулайманов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясынын курамында аттанган. 

Уулу дагы саясатта

Нурлан Сулаймановдун уулу Эльдар 36 жашта. Ал Кыргыз-Орус славян университетин аяктаган. Эльдар Сулайманов эмгек жолун 2007-жылы «Электр станциялары» ААКда экономист болуп иштөө менен баштаган. Бир жылдан кийин ал каржы полициясында оперативдүү кызматкер болуп ишке кирет. Андан соң Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын департаментинин директорунун орун басары, «Кыргыз-Чех Суу Компани» ЖЧКсынын башкы директору болгон.

2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланат.   

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Эльдар Сулайманов бир нече компаниялардын негиздөөчүсү: 

“Гранит-Юг” ЖЧКсы – эмне иш кылары белгисиз;

“LTD ЦМОТ Жибек-Жолу” ЖЧКсы – автомобилдердин жана жеңил автотранспорттордун дүң соодасы;

“Совместная Кыргызско-Китайская Корпорация” ЖЧКсы – саламаттык сактоо жаатындагы иштер;

 “ХОД” ЖЧКсы-товарлардын кеңири ассортиментин дүңүнөн сатуу боюнча агенттердин ишмердүүлүгү;

 “Пэйнто” ЖЧКсы – полимерлердин негизинде сырларды, эмалдарды жана лактарды чыгаруу.

Сулайманов Адилет Ногойбаев менен болгон маегинде бизнеси тууралуу айтып берген. Ал суу чыгаруу, айыл чарба тармагында иш алып барарын жана 2 миллион долларлык мончо комплекси бар экенин билдирген.

 

Жыйынтык: Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйындагы сүрөттө мурдагы транспорт жана коммуникация министринин жүзү атайлап монтаждалган.