(Кыргыз) Манипуляция, плагиат жана кесиптик этиканын бузулушу. “Чындык Медиа” сайтына МЕДИАСЫН

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда “Чындык Медиа” аттуу маалымат агенттигинин аудиториясы чоң экенин байкаса болот. Башкы бетте “Биздин күч- ачуу чындык!” деген ураанды, мындан тышкары, тараза тартылган логотипти көрүүгө болот. Муну менен “Чындык Медиа” порталы жаңылыктарды калыс, бейтарап чагылдырары тууралуу окурмандарын ишендирет.

Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында аталган сайттын макалаларына саресеп салды.

Аудитория

Facebook социалдык тармагында “Чындык Медиа” агенттигине 1,3 миң колдонуучу катталган. ММКнын ЧЫНДЫК маалымат агенттиги (153 катталуучу) жана KG VIDEO (37 миң катталуучу) аттуу YouTube-каналдары да бар экени сайтта жазылган. Ал эми Instagram социалдык тармагында  “Чындык Медианын” 300 миңден ашуун катталуучусу бар.

Сайттын “Биз жөнүндө” аттуу бөлүмүндө “Чындык Медиа” 2015-жылдын 16-мартында негизделгени жана сайт күн сайын окурмандарына коомдук, саясий, экономикалык, социалдык маалыматтарды оперативдүү жайылтары айтылат.

 

Ээси ким?

Domain.com сервисинин жардамы менен сайт журналист Турсунбек Бейшенбековдун наамына катталганын аныктайбыз.

Getcontact тиркемеси да каттоодон өткөн номер дал ушул ысымга таандык экенин айгинелейт.

Журналист өзүнүн Facebook баракчасында Chyndyk.kg агенттигинин жетекчиси экенин белгилеген.

2020-жылдын январь айында ал мурдагы ички иштер министри Курсан Асановго козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. Ошол эле күндөрү “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев да суракка алынган эле. Окуя эмне менен аяктаганы белгисиз. 

Майрамбек Бейшенбеков  аттуу дагы бир Facebook колдонуучу “Чындык Медиада” жарык көргөн макалалар менен активдүү бөлүшөрүн көрсө болот.

 

Контент

Сайттын “Куш кабар” бөлүмүндө мамлекеттик органдардын басма сөз кызматы жайылткан пресс-релиздер таптакыр өзгөрүүсүз жайгаштырылганын жана маалымат булагына шилтемелер берилбегенин көрсө болот.

Chyndyk.kg сайтынан скриншот
Kenesh.kg сайтынан скриншот

“Дүйнө кабар” бөлүмүндө плагиат дароо көзгө илинет. Макалалар башка сайттардан өзгөрүүсүз жана алгачкы булакка шилтемеси жок жарыяланган.

Chyndyk.kg сайтынан скриншот
Azattyk.org сайтынан скриншот

Сайттын “Коом” бөлүмүндөгү макалалар дагы башка журналисттердин эмгегинин көчүрмөсү экени аныкталды.

Chyndyk.kg сайтынан скриншот

 

Azattyk.org сайтынан скриншот

 

Chyndyk.kg сайтынан скриншот
Kabar.kg сайтынан скриншот

Жыйынтык: Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 21-беренеси бузулган.  

Журналисттин плагиаттык кылууга акысы жок. Бирөөнүн жазма же оозеки материалдарын колдонгондо сөзсүз түрдө алынган булакка шилтеме жасоо керек.

Сайттын “Саясат” бөлүмүндө жарыяланган макалалардын көбүндө Этикалык кодекстин бузулушуна жол берилгенин жана манипуляция ыкмаларынын колдонулганын көрсө болот.

Мисалы, Марлен Маматалиев тууралуу макалада фактылар келтирилбестен, автордун жеке пикири жана божомолу окурманга таңууланат:

  • Марлен Маматалиевдин калк арасында аброю артып;
  • “Ынтымак” партиясы жигердүү командасы менен;
  • “Ынтымак” партиясы калыңдап баратканы эшиктик;
  • калкка кадырлуу кандидаттар биригип;
  • мыйзам бузууларга жол берилбери айгинеленип калды;
  • шайлоодо капчыкка эмес, кадырга таянган “Ынтымак” партиясы алдыңкы орунду алып калышы ажеп эмес.

Бул журналисттик макала эмес, PR- материал болгонуна карабай, ал үчүн каражат төлөнгөнү тууралуу маалымат жок.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге арналган макала да көңүлүбүздү бурду. Макаланын баштемасы журналистиканын калыстык, бейтараптык жана объективдүүлүк аттуу негизги принциптери бузулганынан кабар берет.

Буга чейинкидей эле, маалымат журналисттик материал эмес, PR материал.  Анда фактылар эмес, журналисттин жеке ой-пикири окурманга тааңууланат:

  • бул алкоого аларлык жакшы көрүнүш;
  • элдин эсебинен болушунча тайраңдашты;
  • Ичинен кан өтүп төлөп атканы айтпаса да белгилүү;
  • “Кусуп” аткандар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жакшы көрүп аткан жок;
  • Ташиевдин ар бир кылган ишинен кыйкым издеп;
  • элге жаман көрсөтүүнүн жолун ар тараптан издеп атышат;
  • Ташиев сыяктуу чечкиндүү кадамдарды жасап;
  • коррупционерлердин түшүнө кирип аткан ж.б.

Жыйынтык: Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10-беренеси бузулган.  

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Мындан тышкары, материалдарда “Баатырларды мактоо” жана “Жылуу сөз” аттуу манипуляция ыкмалары колдонулган. 

Баатырларды мактоо. Бул ыкманын негизги максаты –  бейтарап адамдарга “эркиндик үчүн күрөшүүчүлөрдүн” иш -аракеттеринин туруктуулугун, кайраттуулугун жана адилеттүүлүгүн көрсөтүү. Мындан тышкары, бул ыкманын кесепетинен улам көбүн эсе каршылаштар да өз ишенимдеринин тууралыгынан күмөн санай башташат  жана колдоочулар “каармандын” иш -аракеттеринин тууралыгына ишендиришет. Булак: Тагвелл, 1979, бб.295-324.

Жылуу сөз – каарманга болгон оң көз карашты калыптандыруу максатында колдонулган ыкма. Булак: Коул, 1998, бб. 210-312.

Жыйынтык: “Чындык Медиа” маалымат агенттиги “биздин күч – ачуу чындык” дегени менен плагиаттык кылып, кесиптик этиканын бузулушуна жол берген жана манипуляция ыкмаларын колдонгон.