(Кыргыз) Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечегине даярдык тууралуу билдирүүлөр менен манипуляция кылууда

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 25-июлда маймыл чечегинин Кыргызстанга келишине даяр экенин билдирди. Бул тууралуу 24.kg кабарлады. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун айтымында, эгерде “өлкөдө каттала турган болсо, бизде көрүлө турган аракеттердин даяр алгоритми бар”. Бирок кандай аракеттер көрүлөрүн чечмелеп берген эмес.

Эскерте кетсек, бир ай мурун Министрлик бул жаңы оору өлкөгө келе турган болсо, аракеттердин кандай алгоритми боло тургандыгын түшүндүрүп берген эле. Мисалы, мекеме “эпидемиялык көзөмөл, жуктуруу учурларын изилдөө, маймыл чечегинин контактыларын тактоо боюнча убактылуу колдонмону” бекиткен. Ошондой эле документте “көйгөйлүү өлкөлөрдөн келген жарандарга көзөмөлдү күчөтүү” караштырылган.

Бул билдирмеде эмне ойлондурат? Статистикага ылайык, акыркы жумадагы маалыматтарга кайрылсак, маймыл чечегин жуктуруп алган учурлар баарынан көп Испанияда (3,5 миң), АКШда (2,9 миң), Германияда (2,3 миң) катталган. Аталган өлкөлөрдү “көйгөйлүү өлкөлөрдүн” катарына киргизүү кыйын. Баардыгы болуп учурда 75 өлкөдө жана аймактарда маймыл чечегин жуктурап алган бейтаптардын саны 17 миңге жетти.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин документинде “оорулар аныктала турган болсо вирусологиялык лабораториялар жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү даяр” деп жазылган.

Чынында эле ушундайбы? Бул билдирүү манипуляцияга окшошуп кетет, анткени:

  1. БУУнун билдирүүсүндө айтылгандай, 1980-жылы жоюлду деп эсептелген чечекке каршы вакциналардын стратегиялык запастары айрым өлкөлөрдө сакталып калган. Бул биринчи муунга таандык вакциналарды колдонбоо сунушталат, анткени алар учурдагы коопсуздук талаптарына жана өндүрүш стандарттарына жооп бербейт. Андан кийинки муундагы вакциналарды колдонсо болот, алардын бирөөсүн маймыл чечегине каршы колдонууга макулдук берилген. Бирок бул дарылардын запасы чектелүү, БДССУ аларды баардыгына жеткиликтүү кылуу жолдорун дагы эле ойлонуштуруп жатат.
  2. БДССУунун билдирүүсүнө ылайык, чечекке каршы вакциналардын айрымдары кандайдыр бир деңгээлде маймыл чечегине да каршы жыйынтык бериши мүмкүн. 2019-жылы чечекке каршы эсептелген эң жаңы вакцинанын бирин (MVA-BN, ал Imvamune, Imvanex же Jynneos катары да белгилүү) маймыл чечегине каршы колдонууга уруксат берилген, бирок ал учурда кеңири колдонула элек. Учурда БДССУ өндүрүүчүлөр менен вакцинаны жеткиликтүү кылуу жолдорун талкуулап жатат.

Мурда чечекке каршы эмделгендер кандайдыр бир деңгээлде маймыл чечегинен да корголгон болушат. 1980-жылы чечек адамзат толугу менен жеңген биринчи оору деп жар салынгандан баштап, бул ооруга каршы эмдөөлөр токтотулган болчу. Ошондуктан мурда чечекке каршы колдонулган вакциналар калктын көбүнө азыр жеткиликтүү эмес, 40-50 жашка чейинкилердин басымдуу бөлүгү ага каршы эмделген эмес. Чечекке каршы жаңы вацианаларды болсо айрым лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызматкерлери гана алышууда.

Ошентип, Саламатык сактоо министрлиги Кыргызстандын вирусологиялык лабораториялары маймыл чечегинин өлкөбүзгө келишине даяр деп манипуляция кылууда, анткени учурда дүйнөдө бир дагы мамлекет бул ооруга каршы эмдөөгө даяр эмес.

Ал эми “жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн даярдыгы” тууралуу сөз кыла турган болсок, БДССУнун билдирүүсу боюнча маймыл чечегинин симтомдору дарылоосуз эле өзүнөн-өзү жок болот. Уюм исиркектерге кам көрүүнү, алардын картталышына шарт түзүүнү, керек болгон учурда исиркектер чыккан жерге ным бинтти коюуну сунуштайт. Курамында кортизон жок ооз жайкагычты же көз тамчы дарыларын колдонсо болот. Оор учурларда чечекке каршы иммуноглобулин колдонулушу мүмкүн.

Тыянак: манипуляции. Маймыл чечеги менен ооругандардын санынын өсүшүнө көңүл бурсак, азыр дүйнөдө бир дагы өлкө бул оору менен күрөшүүгө даяр эмес.