(Кыргыз) Чили калемпири адам өмүрүн узартабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Чили калемпири сезгенүүгө, ракка, зыян заттарга каршы бир топ касиеттерге ээ болгондуктан, адам өмүрүн узарта алат. Мындай маалыматты ноябрь айында “Америка үнү” басылмасы Америка кардиологиялык ассоциациясына шилтеме берип жарыялаган.

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Изилдөө АКШ, Кытай, Иран жана Италиядагы 570 миң медициналык карталардын негизинде жүргүзүлгөн. Мындай жыйынтыкка Кливленд клиникасынын кардиологдору да келген деп айтылат. Дарыгерлер Америка кардиологдор ассоциациясынын жыл сайын өткөрүлчү илимий сессиясында изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтууну пландаштырууда.  Бирок, окумуштуулардын айтымында бул жаатта дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү керек. 

2020-жылдын 13-ноябрында “Чили калемпиринин өлүмгө тийгизген таасири – системалык сереп жана метаанализ” аттуу презентация жарыяланган

 

“Анализдин жыйынтыгында чили калемпирин ар дайым жеп жүргөндөр арасында, чилини жактырбагандарга салыштырмалуу жүрөк кан тамыр ооруларынан 26%га, рактан 23%га, ал эми башка себептерден улам 25%га аз өлүм катталганы аныкталды”.

Мындай изилдөөлөр буга чейин да өткөрүлүп келген. 2017-жылкы изилдөөгө ылайык, Вермонт университетинин окумуштуулары 18 жылдан бери 16 миң америкалыктардын тамак-аш тууралуу жообун иликтеп чыккан. Жыйынтыгында кызыл калемпирин көп жегендердин өлүмгө дуушар болуу коркунучу 13%га ылдый болгон.  Мындай жыйынтыктар Кытайда өткөрүлгөн изилдөөгө да дал келген. 

Жыйынтык: далилденген эмес. Учурда изилдөөнүн алгачкы этабы гана жарыяланган.