(Кыргыз) Бийлик гранттык жана кредиттик каражаттарды кайсы жакка колдонууда? Factcheck

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 

Фото: “Азаттык”

Кыргызстан жыл сайын жүздөгөн миллион долларлар өлчөмүндөгү гранттык жана кредиттик каражаттарды алат. Акыркы беш жылда биздин мамлекет донорлук уюмдардан жана башка мамлекеттерден $2 млрд 455 млн жардам алган. Баарынан көп пандемиялуу 2020-жылы алынган – жогорудагы жардамдын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү. Factcheck.kg акыркы беш жылда алынган каражатты бийлик каякка колдонгонун тактап көрүүнү туура көрдү.

2017-21-жылдар аралыгында Кыргызстан эл аралык каржылык донор уюмдар жана мамлекеттер менен жалпы суммасы $2 млрд 455 млн түзгөн 89 келишимге кол койгон. Алардын көбүрөөк бөлүгү – $1 млрд 446,8 млн кредит түрүндө берилди, калганы – дээрлик $1 млрд 8.4 млн грант түрүндө. Мындай маалыматтарды редакцияга КР Каржы министрлиги берди.

Алынган каражаттар бюджетти колдоого ($620 млн), жолдорду оңдоого ($390 млн), энергетика тармагына ($274 млн), суу менен камсыздоого ($247 млн), саламаттык сактоого ($228 млн), инфраструктурага ($116 млн) жумшалган.

Баарынан аз каражат 2018-жылы алынган. Андагы кредиттер менен гранттардын жалпы суммасы $309 млн түзгөн. Ал эми эң чоң сумма пандемия учуруна – 2020-жылга туура келет. Бул жылы кредит катары $773 млн, ал эми грант катары $535 млн алганбыз.

Эскерте кетсек, “ПолитКлиники” сайтынын журналисттери аныктагандай, 2020-жылы бийлик ашыкча бааланган жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ӨЖД) сатып алган.

Өз кезегинде мамлекеттик карыз, сырткы жана ички аталган мөөнөттө бир кыйла өскөн. 2017-жылы мамкарыздын өлчөмү $4,5 млрд болсо, 2021-жылы ал $5,1 түзгөн.

Каражаттарды ким берүүдө?

Минфиндин маалыматтары боюнча, Кыргызстан адатынча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Дүйнөлүк банк (ДБ), Германия өнүктүрүү банкы (KfW), Эл аралык валюта фонду (ЭВФ), Түндүк өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) сыяктуу эл аралык каржы институттарынан жардам алат. Алардын берген каражаттары $2,2 млрд (2017-2021 жж.) түзөт.

Ал эми Орусия менен Жапония беш жыл аралыгында $202 млн берген.

Белгилей кетчү нерсе, Кажы министрилигинин маалыматына ылайык, аталган учурдагы эң ири грант берүүчү уюмдар – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк. Мамлекттерден – Орусия.

Кытай, АКШ, Швейцария, Германия жана башка өлкөлөр, алар менен кошо башка эл аралык каржы уюмдары да 2017-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанга кредиттер менен гранттарды берген эмес.

Тыянак: Кыргызстан кредиттик жана гранттык каражаттарды негизинен бюджетти колдоого, жолдорду оңдоого жана энергетика тармагына алат.