(Кыргыз) Кыргызстандыктар акыркы 10 жылда канчалык байышты?

photo_327427

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Болгону бир жыл мурда кыргызстандыктын орточо айлык акысы 22 миң сомду түзөт эле, ал эми 2023-жылы ал 30 миң сомго чейин өстү. Бул өтө чоң секирик, анткени акыркы 10 жылда орточо айлык жылына 1-2 миң сомго гана өсүп турган.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы кыргызстандыктар чын эле байыдыбы, же жокпу, текшерип көрүүнү туура көрдү.

Кыргызстандагы айлык доллар жана сом менен кантип өзгөрүп турган?

Орточо айлык 2023-жылы ЕАЭБге мүчө болгон бардык өлкөлөрдө өскөн. Эң чоң өсүш Кыргызстанда болгон, бирок анын өлчөмү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында дагы эле эң азы болуп эсептелет. Мисалы, Казакстанда орточо айлык $749, Беларуста $630, Орусияда — $918 түзөт, ал эми Кыргызстанда ал $354.

Ошол эле кезде, белгилей кетиш керек, Кыргызстан импортко көз каранды өлкө. Башкача айтканда, өлкөбүз товарлардын көбүн долларга сатып алат жана алардын баасы доллардын курсуна байланыштуу өзгөрүп турат.

Улуттук статкомитеттин маалыматына таяна турган болсок, Кыргызстанда акыркы 10 жылда орточо айлык 2023-жылы гана өсө баштаган. 2013-жылдан 2023-жылга чейин ал болгону 42 долларга өскөн. Кызыгы, 2022-жылы кыргызстандыктар 2013-жылдагындай эле орточо алганда $272 табышчу.

Доллар дагы инфляция болуп, анын куну да кетип турат. Эгер инфляцияны эске ала турган болсок 2010-жылдагы 1 доллар болжолдуу түрдө 2023-жылдагы 1.31 долларга барабар. Ошентип орточо айлыктын 42 долларга өсүшү, иш жүзүндө 32 долларга барабар болот.

Тамак аш продуктыларынын баасы кандай өзгөрдү?

Акыркы он жылда Кыргызстанда тамак аш продуктыларынын баасы 60%га өстү. Койдун эти, тооктун саны, күрүч, макарон азыктары, каймак сыяктуу продуктыларга баалар дээрлик эки эсе өскөн. Ал эми кызылча, алма, туз жана лимондун баалары анчалык чоң өзгөргөн эмес.

2013-жылы орточо кыргызстандык негизги тамак аш продуктыларына (уйдун эти, койдун эти, жумуртка, сүт, нан, 1-сорттогу ун, 1-сорттогу ундан нан, май, картошка) 1124 сом коротсо, 2023-жылы алардын баасы 1983 сомду түздү, же дээрлик эки эсе кымбаттады.

Орточо айлыкка кыргызсьтандык 2013-жылы 13 продуктылар себетин сатып алалса, 2023-жылы – 15ти.

Тыянак: кыргызстандыктын орточо айлыгы акыркы 10 жылда 16512 сомго, башка айтканда эки эседен ашык өстү, бирок доллар менен эсептегенде болгону 32 долларга өскөн болот, ошол эле кезде тамак аш продуктыларынын баасы 1.5 эсе өскөн.