(Кыргыз) NASA: физиканын мыйзамдары боюнча аарылар учпашы керек, бирок аарылар бул тууралуу билишпейт. Чын эле ушундайбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук тармактардын колдонуучулары жана интернеттеги көңүл ачуучу коомчулуктар төмөнкү фразаны көп колдонушат: “NASAнын космос изилдөө борборунда аарылар тартылган плакат илинип турат, анда мындай деп жазылган: “Аарынын аэродинамикалык денеси учканга эсептелген эмес, бирок аарынын аны билбегени жакшы”.

Factcheck.kg бул айтылганды текшерип көрүүнү туура көрдү.

Аарылар жана NASA

Тилекке каршы, NASAга барып анда ушуга окшош постер барбы, же жокпу биз аныктай албайбыз, бирок биз айрым кызыктуу байланыштарды байкадык.

2010-жылы NASAнын Билим берүү башкармалыгы 5-12-класстардын окуучулары үчүн Билим берүү форумун каржылаган. NASAнын Джон Гленн атындагы Илимий-изилдөө борборунун мурдагы директор Джулиан Эрлс ал форумда сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү айткан:

“Физиканын мыйзамдары боюнча жапан аары учалбашын уктуңар. Баардык аэродинамикалык принциптер боюнча, анын чоң денесин абада кармап турганга канаттары өтө эле кичинекей. Бирок аары аны билбейт. Ага физиканын кереги жок. Жөн эле каалаган жеринде учуп жүрөт. Силер дагы ушундай болушуңар керек”.

Джулиан Эрлс, өз кезегинде, бул сөздөрдүн автору эмес. Ал биринчи жолу 2007-жылы жарык көргөн “Аары” деген тасмада айтылган:

“Авиациянын бизге белгилүү баардык мыйзамдары боюнча, аары эч качан абада учалбашы керек эле. Кичинекей семиз денесин абага көтөрүш үчүн анын канаттары өтө эле кыска. Бирок аары баары бир учуп жүрөт. Анткени аарыга адамдар ал тууралуу эмне ойлогону баары бир”.

Аарынын учканы физиканын мыйзамдарына каршы келеби?

Физиканын мыйзамдары аарылардын учканына каршы келбейт. Жөн гана тирүү жандыктардын жана учуучу аппараттардын учуу принциптери бир-биринен чоң айырмаланат.

Provereno.media сайты 2022-жылдын январында аарылардын учуусун изилдөөгө арналган кенен материалды даярдаган.

Тарыхы

1930-жылдары математиктердин эсептөөлөрү көрсөткөндөй, аарылардын канаттары өтө эле кичинекей болуп, аарынын денесин абага көтөрө алгандай жетиштүү көтөрүүчү күчтү жарата албайт эле. Бирок бул эсептөөлөр учактын абада учуу принциптерине таянуу менен жүргүзүлгөн болчу.

1990-жылдарга чейин аарылар учуучу күчтү жаратыш үчүн учактар сыяктуу канаттын үстүндөгү үзгүлтүксүз аба агымын колдонот деп божомолдонуп келген.

Бирок 1996-жылы аарылар торнадого окшош кичинекей аба агымдарын да колдоноору белгилүү болду. Алар канатынын алдыңкы четинде жаралат жана алдыңкы беттин куюн агымдары (LEVs) деген аталышта белгилүү. Бул ачылыш аэродинамикалык принциптерди түшүнүүнү түп тамырынан өзгөрттү.

Жөнөкөй тил менен айта турган болсок, кичинекей курт-кумурскаларга аба аэродинамикалык мүнөзү боюнча сироп сыяктуу суюктукка окшош келет. Аарылардын канаттары ийкемдүү болгондуктан жана алар канаттарын бир убакта кагып да, айланта да алышкандыктан чоң учуучу күчтү жарата алышат жана ээн-эркин уча алышат.

Тыянак: калп. Аарылар физиканын мыйзамдарына ылайык учушат, ал эми NASAнын өкүлү белгилүү тасмадагы такталбаган маалыматты колдонгон.

Колдонулган маалымат булактары:

  1. Jack Fraser, Master’s Physics, University of Oxford ответ на форуме Quora
  2. Journal of the Royal Society Interface, DOI: 10.1098/rsif.2017.0159