(Кыргыз) Нуржигит Кадырбеков, «Ыйман нуру»: “Биз штабдарды ачкан жокпуз” – жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн 24-ноябрда коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта “Күчтүү Регион”, “Ордо”, “Ата Мекен” жана “Ыйман Нуру” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Ыйман нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков шайлоого сарпталган каражат тууралуу сөз кылып, штабдарды ачпаганын билдирди.

“Партия сөзсүз штабдарды ачышы керек деген талап жок. Мисалы, биз штабдарды ачкан жокпуз. Каражатыбыз чектелүү”, – деди ал. 

Factchek.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Кадырбековдун сөзүн төгүндөп, окурманыбыз партиянын штабынын сүрөтүн жөнөттү. Сүрөт “Ыйман Нуру” партиясынын талапкери Мирлан Даанышмандын Facebook баракчасында 5-октябрь күнү жүктөлгөнү маалым болду.

 

Жыйынтык: жалган.