(Кыргыз) Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен”: “Кыргызстанда жылына баш кошкон ар бир бешинчи үй-бүлө кайра ажырашат” – чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн 24-ноябрда коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта “Күчтүү Регион”, “Ордо”, “Ата Мекен” жана “Ыйман Нуру” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Ата Мекен” партиясынын өкүлү Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жылына 50 миң нике катталса, анын ичинен 10 миңи, башкача айтканда ар бир бешинчи үй-бүлө ажырашып атканын билдирди.

Factchek.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы менен өлкө боюнча 39,7 миң нике катталган. Ал эми ажырашуулардын саны 9 миңден ашкан. Ал эми мурдагы жылдары орто эсеп менен 50 миң нике катталса, 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашкан.

Жыйынтык: чындык. Өлкөдө орто эсеп менен ар бир 4-5-үй бүлө ажырашат.