(Кыргыз) Президенттиккке талапкерлердин дебат учурунда билдирүүлөрүн онлайн текшерүү
Factcheck.kg Кыргыз Республикасынын президентине талапкерлердин дебат учурунда билдирүүлөрүн текшерет.
Бүгүн 28-декабрда 20.00 дон 22.30га чейин КТРКнын түз эфиринде төмөнкү кандидаттар беттешет:
1. Клара Сооронкулова
2. Адахан Мадумаров
3. Аймен Касенов
4. Бактыбек Калмаматов
5. Каныбек Иманалиев
6. Канатбек Исаев
Баалоо жүргүзүүдө редакциялык методиканын төмөнкү көрсөткүчтөрү колдонулат:
Билдирүүлөр:
Ырастоо иретинде айтылган билдирүүлөр. Алар фактылардын же жеке пикирдин негизинде айтылышы мүмкүн.
Убадалар
Сунуш же убада түрүндө айтылган билдирүүлөр.
Андан соң бүтүм чыгарылат.
Билдирүүлөр:
Жалган – билдирүүлөрдү четке каккан фактылар болгон учурда мындай бүтүм чыгарылат. Кандидат жаңылып айтып алган учурда да бул бүтүм чыгарыла берет.
Чындык – билдирүүлөрдү тастыктаган фактылар болгон учурда мындай жыйынтык чыгарылат. Маалымат так эмес, бирок мааниси жагынан жакын болгон учурда да бул жыйынтык колдонулат.
Манипуляция – логикалык катасы бар билдирүүлөр же болбосо фактыларды бурмалоо.
Жартылай чындык – толук эмес же айрым катасы бар маалымат, бирок маалыматтын көбү чындыкка дал келет.
Убадалар:
Ченемсиз – текшерүүгө мүмкүн болбогон убадалар.
Мисалы: “биз пенсияны көтөрөбүз” деген убадада так сандар айтылбагандыктан, мындай убадаларды текшерүү мүмкүн эмес.